Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Людовик XIV наадандыгы менен каардуулугу ушунчалык, мисалы, бир ашпозчу королго крабдан*(краб деңиз жаныбары.) тамак жасап, ага туз салганды унутуп калыптыр. Мындай унутчаактыгына королдон кандай жаза болорун билип, күтпөстөн эле алиги шордуу ашпозчу өзүнүн жанын өзү кыйып, өмүрү менен кош айтышкан. Оор турмуш, чексиз эзүүнүн жеткен чегинде кайышкан француз калкы король өлгөн соң көтөрүлүшкө чыгып, артындагы бардык укум-тукумун кырып салган.

Шаханов. Маселен, түрк султаны Абдул Азиздин сарайында 5 миңге жеткен кызматчылары күнү-түнү кирпик какпай буттарынын учу менен басып жүрүп, кызмат кылышкан. Маселен, ошол кызматчыларынын бирөөсүнүн болгон эле милдети анда-санда султандын тырмагын алуу менен чектелген.

Тарыхка кылдат көз жиберген адам не бир кайрымдуу көсөмдөр менен калкын шорлоткон зулум, сараң кылган кылыктары тентек баланын оюнундай кемпай бийлик ээлеринин албан түрүнө кезигери абзел.

Вавилондун мындан эки жарым миң жыл мурун өмүр сүргөн падышасы Навуходоносор II-нин иш аракети да кээ бирөөлөргө сабак болоорлуктай. Ал Мидия падышасынын кызы Семирамида сулууга үйлөнгөн. Бирин-бири ушунчалык сүйүшсө да, Семирамида сулуу Вавилондун чаңдуу, ары чуулгандуу көчөсүн жактырбай, өзү туулуп өскөн тоолуу, салкын, көрктүү өлкөнү эңсеп, куса болот эмеспи.

Аялынын көңүлүн кантип табаарын билбеген бечара падыша миңдеген кул менен согуш туткундарын жан чыдагыс жумушка чегип, Мидиядагыдай кылып бак тиктирет, түрдүү жемиш көчөттөрүнөн асмалуу бак өстүрөт. Мүнүшкөрчүлөрдү жиберип, жердин түпкүрүнөн сайроочу куштарды апкелдирет. Булакты буруп, жасалма агын суу жасатат.

Ал эми бул кезде керээли кечке кара жумуштан жандары тынбаган кулдар менен туткундар чымындай кырылып жатты. Сулуу аялынын көңүлүн жагамын деп жүрүп, өзү да абдан жеттигип картаят. Эли болсо бири да калбай кайырчылык менен жан сактайт.

Марокко султаны Мулей Ысмайылдын өткөргөн өмүрү да ушул Навуходоносор менен атаандашкандай. Ал элдин бар быдырын жыйып, өзүнө арнап бүтүндөй бир шаардан турган резиденция салдырган. Анын дубалынын узундугу 40 чакырымга созулуптур. Элүү ак сарайы жана 12 миң жылкы сыярлык ат сарайы да бар экен.

Айтматов. Бийликтегинин элине жасаган бардык жакшылыгы да, кесири да тарых бетинде сактала берген жок го.

Маселен, Иван Грозный ушулар мени сыртымдан сатып кетүүсү мүмкүн деген күдүктөнүүсүнөн улам бүткүл Новгород шаарын талкалап, калкынын канын жошолонтуп, кырып салган жокпу? Бул эл турмушунда өтө сейрек кездеше турган кайгылуу окуя.

Демек, бийлик ээлери өз мүдөөсүн эл мүдөөсүнөн жогору койсо бүттү, өз доорунда да, болочок урпак алдында да жеңилишке учурап турган.

Шаханов. «Аксак кулан — «Жоочу кан» хикаясы да ушуга үндөш.

Аялы Бөртө керейттерге туткунга түшкөндө, курсагында келген Жоочуну өгөйсүнткөн каардуу Чыңгызхан ага сыртын салып жүрдү. Төрт уулунун ичинде алгыры болгон соң, өз колу менен өлтүрүүгө дити барбайт. Акыры Жоочунун аңга чыккан учурун пайдаланып, артынан дароо желдеттерин жумшайт. Аксак куланды кууп, алыстап кеткен Жоочунун изине түшкөн желдеттер аны бөөдө өлүмгө учуратат. Андан ары аңыз мындайча уланат.

Уулунун өлгөнүн билген Чыңгызхан эл көзүнөн өз күнөөсүн жашыруу үчүн, кара жамынып: «Кимде ким Жоочунун каза тапканын угузса көмөкөйүнө эритип коргошун куямын», — деп жер жазданып күңгүрөнүп жатып алат. Суук кабарды угузууга эч ким даай албайт.

Ошол кезде солкулдаган жаш бир домбырачы жигит домбырасын күүлөп, каталыгына ичинен өкүнүп жаткан хан алдына таазим кылып келип, «Аксак кулан — Жоочу хан» күүсүн тарткан дейт.

Муңдуу күү муңканып, боздоп-сыздап туруп алат.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>