Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Карапайым калкка кадыры өткөн, сөздөрү эки болбогон үч бий эл башына кыйынчылык түшкөн кезде да, журт жыйналган айт, аш, той учурунда да, жер чатагы, жесирдин доосу, кундун доосу талап кылынган жерде да бирге чогулушуп, эл тагдырын бирге чечишкен. Кара кылды как жарып, адил чечим айткан бийлердин калыстык салтын өчүрүп, ишин суутуп алганыбыз орду толбос өкүнүч болоор эле.

Айтматов. Билимдүүлүк, чечендик өнөр кайсы элде болбосун биздин доорубузга чейин эле өркүндөгөн. Байыркы Римде, Грецияда, Египпетте таңдайынан чаң чыккан чечендердин айтышы өтүп, атайы салты, мектеби калыптанган. Ошол кездеги чындык, калыстык чечим көпчүлүк учурда чечендер аркылуу айтылган. Демек, демократиянын алгачкы иреге ташын түптөөдө алардын аткарган ролу айрыкча зор.

Плутархтын калтырган мол мурасынын бир бөлүмү аты айгине Демосфен менен Цицеронго арналган.

– Экөө өтө окшош эле,– деп жазат тарыхчы.– Тек мүнөздөрү гана эмес, жашоого болгон көз караштары, сот алдындагы эркиндиги, сөздү кадырлаганы, доошунун ыргагы, баары-баары бири-биринен айрыгыс. Өмүрдө карапайым адамдын арасынан чыгып, бүткүл элге даңкы жайылган ушундай эки чеченди кездештирүү такыр мүмкүн эмес.

Ооба, айтса айткандай Демосфен менен Цицерон казактын жубу жазылбаган Төлөбий, Каздабыштуу Казыбек бий, Айтике бий сындуу өмүр бою чындыкты гана жактап, адилеттиктен тайсалдаган бийликтегилерге каршы аёосуз күрөш ачкан.

Болгон өмүрүн жапа чеккендерди актоого арнаган Демосфен сезимталдыгы ушундай – алдына арыз менен келген адамдын добуш ыргагына карап, сотто каралганы турган иштин салмагын өлчөп-бычып, билип турган.

Бир ирээт афиналык бир алдуу-күчтүү ишкер таяк жеп, зомбулук көргөнүн айтып, Демосфенге даттанат. Ага Демосфен:

– Сен эч кандай ыдык көргөн адам эмессиң,– дейт атайы. Ачууланган афиналык ишкер:

– Кандайча ыдык көргөн жокмун! – деп кыйкырып жибериптир.

– Мына, эми гана мен накта таяк жеп, тагдырыңа наалат айткан адамдын дабышын эшиттим. Сотто сени коргоп чыгамын,– деген экен.

Шаханов. Орустун (атасы орус, энеси казак) атактуу чечени адвокат Плевако тууралуу соңку жылдары байма-бай жазыла баштады. Анын заманында өтө сөзмөр, өткүр да жан болгондугун мындай бир кызык дарек ырастай алат.

Багар-көрөрү жок жалгыз, бир бечара байкуш кемпир базардан элүү тыйындык челекти уурдап алат. Челектин ээси ууруну дароо сотко тапшырат. Каралашаар же тууганы, же акчасы жок адамды ким коргомок эле. Сот мүчөлөрү кемпирге каршы мыйзам статьяларына такап, баланча жылга жер котортуп, үй-мүлкүн тартып алганы жатат. Муну эшиткен Плевако чүмбөт арабасын дароо чектирип, болуп жаткан соттун үстүнө келет. Караса, айыптуу кемпир бир бурчта ыйлап турган экен. Ал эми сот мүчөлөрү менен катышуучулар бардык кастарын тигип, кылмышкердин күнөөсүн мойнуна коюп жатышат. Ошондо Плевако:

– Биздин падышалар менен помещиктер элди аёосуз талап-тоногон алп да, айкөл да Россия империясы аны да кечирди. Порт-Артурда жапондор менен согушта жетесиз кол башчылардын кесиринен таш-талканыбыз чыгып жеңилдик, алп да, айкөл да Россия империясы аны да кечирди. Ал эми бир бечара кемпир элүү тыйындык челегин уурдап алды эле, аны кечире албайт. Ага жүрөгүнүн жылуулугу, айкөлдүгү жетишпейт,– деп сөздү баштаганда өздөрүнүн ойлонбостон кылган ишине сот мүчөлөрүнүн эмне деп жооп таба алышпай уялгандарынан жерге кирип кете жаздашып, ошол замат кемпирди актап жиберишиптир. Мына, ар заманда бийлик башында турганга жаратылыш сыйлаган чечендик өнөрдүн кудурети кайда кеткен!

Биз тоталитардык түзүлүштүн тушунда кылымдан кылымга жибек учугу үзүлбөй урпактан урпакка мурас болуп келе жаткан улуттук зор даанышмандыкка, салт-санаага, руханий тажрыйбага терең тамыр жайган чечендик өнөрүбүздөн куру жалак калдык.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>