Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Эрки таштай бекем Чыңгызхан төшөгүндө ары-бери ооналактап, сай-сөөгүн сыздаткан бул күүнүн муңуна чыдай албай, башын шарт көтөрүп:

— Жоочунун өлүмүн угузган мобул желмогуздун көмөкөйүнө коргошун куйгула! — дептир заардуу үнү менен.

— Жан соога, таксыр, — дейт ошондо домбырачы жигит. — Балаңыздын кайгылуу кабарын угузган — мен эмес, мобул куу тактай — домбыра. Коргошунду ушуга куюңуз.

Сөздөн жеңилген Чыңгызхан амалы түгөнүп, акырында улуттук домбыраны жазалаптыр дешет.

Ошол Чыңгызхандын төрт перзенти ичинде өзү бийлик жүргүзгөн улуска жайлуу болгон Жоочу хандын көрүстөнү Казакстандагы Улуу-Тоо өңүрүндө турат. Ал эми Чыңгызхандын дагы башка үч уулу Төле, Үгөдей, Чагатайлардын жер бетинде молосу да калган жок…

Айтматов. «Каардуу бийлик башындагыдан — кандуу из калат, кайрымдуудан касиеттүү из калат» деген ушул.

Шаханов. Соңку беш кылымдын белесине көз чаптырсаңыз, Казакстан менен Орто Азиянын өңүрүндөгү калк астындагы чабдарынын тердигин терге чылап, жоокерчилик менен жортуулчулуктан баш көтөрбөптүр. Жалпы түрки тилдеш элдеринин улут болуп калыптанышына хандык доордун кереметтей таасири болгонун билебиз. Казак тарыхында үч жүздүн башын кошкон Абылайдын ээлеген орду айрыкча бараандуу. Кара таандай Кытай менен Жуңгариянын жана Россия империясынын кысмагында калган, ачык талаасы менен чолок найзасы, кайкы баш кылычынан башка карманары жок элдин XVIII кылымдагы тагдыры, акыйкатын айтсак устаранын мизинде калтылдап турган. Көрүнгөндү айбаты менен сестентип, илеби менен өзүнө оп тарткан эки алп империяны мындай койгондо да, казак үчүн жуңгарлардын өзү эле оңой жоо беле?

Аркадан жоо көрүнсө, Сыр боюна сүңгүп, Ала-Тоодон душман тап берсе, Жайыкты жакалаган калкты улуу кыргындан Абылай хандын туңгуюктан жол таба билгендиги гана куткарып калган.

Кытай менен дипломатиялык мамиле түзүп, өз уулун аманатка берген Абылай Россияга да элчи жөнөтүп, ынтымактуу кошуналык мамиле түздү. Эки арыстандын оозун карыштыра кармап, жонун сыйпаганы менен, алар башын чулгуп, ар түрдүү айла-амалдарда калмактарды казактарга тукуруп, өзгөнүн колу менен отту көөлөй баштаган.

«Ак таман чууруду, Алкакөлдү жакалады» дегенди артка таштап, Россияга оошуп, элин чарк айлана коруган куштай чый-пыйы чыга мамлекеттин деңгээлине жеткирген Абылай өз заманынын улуу кол башчысы, алдыңкы дипломаты эле.

Айтматов. Соңку жылдары «Саясат — ыплас нерсе» деген аныктама пайда болду. Арийне саясатты атуулдугу пас, пейили бузук, ниети кара адамдар жасаса элдин куту качып, бийлик ээсинин куну көк тыйынга айланат. Андай саясатчылардын жетесиздигин алиги аныктама айкындаса керек.

Көрөгөч бийлөөчүлөр кайсы бир кылымда, о кайсы бир элдин тарыхында кездешет.

Маселен, 708 — 814-жылдар аралыгында Францияны Карл аттуу король бийлеген. Карлдын атасы Пипин болочок королдун сабатын ачууну каалабаптыр. Бир кызыгы, өмүр бою кагаз бетине «А» арибинен башканы жаза албаган Карл өз алдынча эмгектенип, латынча, грекче эркин окуй билген.

Ал бийлик курган жылдары Франция мамлекети ар тараптан чыңдалып, өнөр билими айрыкча өнүккөн. Анткени, королдун өзү өтө акылдуу, элдеги бардык окумуштуулар менен, акындар менен, архитекторлору менен бекем достукта болгон маданияттуу жан экен. Ошол алган билимин элинин руханий өркүндөөсүнө, жаңы илим мейкиндигинин ачылуусуна жумшаган. Абылай хан да акылман Букар жырау, дагы башка калк арасынан чыккан чечендер менен баатырларды өмүр бою айланасына топтоп, мамлекетти башкаруу ишинде ошолордун акыл кеңешин абдан көңүл коюп уккан.

Франция королу болсо бир нече чет тилин билген. Жолугушууга агылып келип жаткан чет өлкөлүк элчилер менен өз тилинде ээн-эркин аңгемелешкен. Дагы эске тутуусу да өтө таң каларлык экен. Мамлекеттик маанилүү ишти кимге тапшырганын, анын кандай аткарылганын катуу көзөмөлгө алып турган. Өз колу менен уюштурулган алдыңкы армиянын миңдеген жоокерлеринин ысымдарын унутпай эсине сактай билген.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>