«…– Жерди алса болбойбу, мал-мүлктү алса болбойбу, анчалык душман экен башты алса болбойбу,– деп сүйлөнүп отурду Эне. – Бирок адамдын эс-учун алат деген шумдукту ким ойлоп, кимдин колу барды? О Жараткан, эгер сен бар болсоң, адамдын арам ниетине ушуну кантип киргиздиң? Мындан башка жер жүзүндөгү кыянатчылык аздык кылдыбы?»
«Чаңкай түштө, же бир нурдуу ак таңда,
Самолётто учуп бара жатканда,
Көз жиберсең төмөнгө:
Тегиз болуп карегиңде ыргалар,
Ой-кыркалар, жыланы бар жылгалар.
Мен да сени көп мезгил көрбөй жүрүп,
Көңүлүмдү дыкаттап бөлбөй жүрүп,
Байкабапмын жаныңдын ар кыл жагын,
Жылан бугуп жашынган жар-кырларын.
Адалдыкты алдыга сүрөгүлө,
Ак-каранын ортосу миң күндүк жер.
Кас-душмандын айбаттуу жүрөгүнө,
Жакын барып кароого мүмкүндүк бер.
А эгерде жакындан жаңылышсам,
Жакын келген бакытка кубанбасам,
Жакын турган бийикке чыга албасам,
Жакын жүрүп касымды тааныбасам,
Жакын жүрүп досумду уга албасам,
Өз убалым өзүмө, сазалагын,
Анда мени билгендей жазалагын!»*
* Которгон – Өмүрбек Тиллебаев