Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Шаханов. Мындай жагдайга Түркмөн башы Сапармурад Ниязовдун азыркы эл башкаруу ыкмасы толук негиз боло алса керек. Жеке адамга сыйынуучулуктун элге кандай залалдуу көйгөлөргө кириптер кылгандыгын билип туруп, Ниязов ошол чуулгандуу жолго өзү барып түштү. Көзү тирүүсүндө өзүнө 200 дөн ашуун эстелик орноткондугу тарыхтан кабары бар ар бир адамдын күлкүсүн келтирбейби? Жайнаган чарбаларга, районго, шаарга ал турмак каналга чейин өз атын койдуруп, бардык жерлерге жабалактатып сүрөтүн илдиргенине, болочоктогу урпактарды айтпаганда да, бүгүнкү күндөгү замандаштары кандай ойдо болду экен?

Айтматов. Оң түштүк Кореяны жарым кылымдай башкарып, улуу көсөм атанган Ким Ир Сен тууралуу мындай бир окуяны орус тилинде чыга турган бир журналдан окудум эле.

Өзөн жээгинен бууракандап ашып-ташып кетип, жакалай конгон элдин там-ташын шыпырып кетет. Эмчектеги баласы бар бир жаш аял кошо жумаланып агып жөнөйт. Жан-жагын караса баласы менен Ким Ир Сендин портрети кошо агып келе жаткан экен. Ошондо алиги аял өзү менен катар агып келе жаткан наристесин куткарууга умтулбай, көсөмдүн портретине жармашып жээкке алып чыгыптыр. Журнал ушул ишти өтө патриоттуулук деп мактайт.

Бул дегеле ашкере саясатчылыктан, жеке адамга сыйынуучулуктан жаралган саясий маңкуртчулуктун бир көрүнүшү. Эки бутубуз менен жер баскан пенде экенибизди чексиз бийликтин күчү унуттуруп жибере тургандыгы кандай өкүнүчтүү!

Ал эми Президенттик такты — ал да бирөөнүн маңдайына буйруган тагдырдын улуу сыйы. Кээде алар ушу залкар бийиктикке өзүнүн кыраакы саясий ишмердиги, акылы, даанышмандыгы, өзгөлөрдөн найза бою алдыда жүргөндүгүнөн жетип жатат. Кээде коомдогу акыбал, саясий өзгөрүүлөр көпчүлүктүн ичинен коймаарек эле бирөөгө чүкө ойнотконсуп эл тизгинин карматат…

Ага экөөбүздүн тарых беттерин барактай айткан мисал болмуш аңыз кептерибиз күбө болду окшойт.

Шаханов. Эл башчысына түбөлүк үч өлчөм — кечээги менен бүгүнкүнү жана болочоктогунун таразасын тең кармап акыл жүгүртүп олтурбаса, касиеттүү калкынын ишениминен ажырап калуусу ажеп эмес.

Ахметжан Есимов деген адамгерчилигин өзүм кадыр тутуп сыйлаган иним Алма-Ата областынын акими болуп дайындалганда:

— Эр жигитке улуу кызмат — улуу сын. Мактоо менен даңктоого манчыркабаган адам биздин доордо гана эмес, өткөн кылымдарда да аз гана болгон. Ошолордун тизмесине кирип калышыңа тилектеш бололу, — деп тамашалагам.

Карапайым кедейден чыгып, акыл жөндөмүнүн аркасында абыройдун бийигине көтөрүлгөн Аяз бий байлыгы ашып-ташып турган чагында да, кедейлигинде кийген чопкут-чапандарын сарайынын босогосуна илип коюп:

— Аяз, алыңды бил,
Кумурска жолуңду бил,

деп өткөн кеткенине топук кылып, бүгүнкүсүнө шүгүрчүлүк кылып олтурчу экен.

Айтматов. Маселен, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов Жизак областына барганында өзүнүн сүрөтүн жол жээгине көрүнүктүү кылып орнотуп койгону үчүн эки башчыны кызматынан алдырганын окуп, ичимден ыраазы болдум.

Шаханов. Мактоого татырлык иш экен. Ислам Абдуганы уулу өзүнүн улуу бабасынын үлгү-осуятын карманган сыяктуу. Дал ушул учурда «Темирдин соңку осуяты» аттуу ырымды окуунун ыңгайы келип турат.

Акыл да күч кимде мыкты — анын даңкы эң үстөм.
Кайып өтүп өзөн-көлдөн,
Кыя жардан,
Эңиштен.
Сурнай тартып,
Керней тартып Амир-Темир аскери
Мармар калаа Самаркандга жеңиш менен келишкен.
Кечке маал туш-тарабын сансыз жарык шандаган,
Көк Сарайдын саясында шаттанды адам сандаган.
Ак куу моюн асем ырлар чаргып учту, көкөлөп,
Темирдин бул жеңиши эле көптөн күтүп, камдаган.
Ой-сезимди айландырып бермет тизип алды да
Кожо Хафиз ыр окуду, өтө берип алдыга.
Амир-Темир канааттана,
Ырга балкып,
Шоктонуп,
Ажарланган көздөрүндө чоктой кызыл от жанып:
— Кандай ашкан сулуулук бул,
Кандай жоомарт сезим! — деп,
Кайра-кайра башын ийкеп, кол чапкылайт шаттанып.
Капыс бирөө алга чыгып, бурду өзүнө жыйынды,
Канга карап бир канча ирет ийилди да, сыйынды:
— О кеменгер, касиеттүүм, улуулардын улуусу,


<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>