Сөздү да, сезим сыңары, аздектеп урунбасаң дегеле аны күнү-түнү тынымсыз, эсепчиз агып жаткан суудай көрүп, иргел тандабай, калчап толгонбой, сөздү сүйлөйт деген ушул экен деп, туш келди айта берсең кадырың, беделиң түшөт. Сөзү жугумсуз адамдын өзү да барксыз боло тургандыгын коомдук түзүлүштүн алгачкы жылдарында эле тастыкталган.
Бала кезимде айлыбыздын бир сыйлуу карыясы өзүнөн өзү кейип кепчип: “Сүйлөшө турган киши да калбай баратат” — деп калаар эле. Көчөгө чыксаң, толуп жүргөн эле киши, аксакалдын мынчалык жалгызсыраганы эмнеси? деп таңданаар элем. Кийин ойлосом ал карыя өзү менен тең олтуруп ой бөлүшкөн, сөз кадырын өз кадырындай баалаган, терең акылдуу, куйма кулактууларды эңсеген экен.
Мухтар экөөбүздүн ошол айыл аксакалы арман кылган ой бөлүшүү, ээн-эркин сырдашуу бактысынан жаралган колуңуздардагы китептин дүйнөгө келүүсү кызык. Бирибиз казак, экинчибиз кыргыз тилинде (арийне эки боордош тилде) уланган бул эссерлерди, негизинен, магнитофон алдындагы сырдашуу же болбосо магнитофон тасмасынан чыккан сыр төгүү (экспромт) китеби деп атаса да болчудай. Көңүл жагдайына, кеп учугубуздун ыңгайына карай ар түрдүү ой-чабаттарыбыз менен толгонууларыбызга да көп калем тийгизбей, ошол калыбында сактоого аракеттендик. Эң жакын адамдарыбыздан башкалар биле беришпеген, тагдырдын кыя жолдорунда кезиктирген албан-албан кубанычыбызды да кайгыбызды да жаап жашырбадык. Өзүбүзчө олтуруп сырдашуубуздун жазма эскерүүдөн бир өзгөчөлүгү да ушунда го.
Эми кээ бир чет окурмандарга өзүмдүн сырдашымдын ким экенин айта кетсем — ашыкча болбос.
Менин өмүрүмдө эки Мухтар болду. Анын бири — атамдай камкор, кең пейилдүү устатым, улуу жазуучу Мухтар Ауэзов болсо, экинчиси — атуул акын, көп жылдан берки сырдашым, дос-иним Мухтар Шаханов. Менин баамымда, ал-кеңири чабыттагы изденгич, ойчул, чыгыштын акылмандыгы менен батыштын сезимтал дүйнө таанымын бир алкакта чебер айкалыштырыган Азия материгиндеги алп акындардын бири. Өз элинен тышкы өлкөлөрдө бул акынды бирөөсү билип, бирөөсү билбесе буга ал өзү күнөөлүү эмес. Антсе да ушул сырдашуу китебинен окурман журтучулугу анын бир кыйла канаттуу ырлары менен таанышууга кошумча мүмкүнүлүк алышат. Кеп кезеги келгенде айта кеткен жөндүү. Мухтар — казак калкынын кыйын кезеңде от ичинде сыналган, эл ичинде улуттук баатыр катарында тастыкталган чалгын канат перзенттеринин бири. 1986-жылкы Советтер Союзундагы тоталитардык түзүлүшкө каршы тайманбай баш көтөргөн казак жаштарын актап алууда ал өз тагдырына келчү кооптуулукка карабай, нагыз эрдик, эркектик мүнөз көрсөттү.
Шаханов — бир нече жылдан бери Казакстандын Кыргызстандагы элчиси. Бул иште да ал эч кимге окшобогон жаркын кайталангыс инсан экендигин айгинеледи. Утур-утуру кездешип, заман тууралуу, өзүбүздүн дүйнө таанымдарыбыз тууралуу сырдашууларыбыз ушул орток китептин жаралуусуна алып келди. Балким, бул китеп окурман үчүн да кызыксыз болбос…