Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Демократияга колубуз жетти, асмандан алтын жаайт деген түшүнүктөн арылуубуз зарыл. Биз үчүн идеалдуу коомдун айылы али алыс жатат. Ушуну жан дилиң менен, бүткүл каны-жаның менен түшүнүү парыз. Колуңдагы бийлик менен мүмкүнчүлүктү жалаң өз башыңа пайдаланбай, элиңе жакшылык жасаганга умтулсаң ошондо гана алыстан демократиянын карааны көрүнөт. Ушундан улам азыркы кезеңдин жоопкерчилиги сенек мезгилдин темирдей тартибинен да кубаттуу болуу керек деп ойлоймун.

Шаханов. Оозу менен орок оргон кээ бир басылмаларга ыңгайлуу учур келди. Демократияга жамынып, трибунага эптеп чык да, Президенттен баштап баарына көө шыбап бирин койбой сындап сал… Ай деген ажо жок, кой деген кожо жок. Кайра алда бирөөлөрдүн табасы канып, алаканы ысыганча кол чабышы ыктымал. Ошондо чыныгы демократия дегенибиз бири-бириңден кыйкым таап, көлөкөңдү өлчөп, баш көтөртпөй сындообу? Элибизге тар жол тайгак кечүүдө келген эркиндик менен боштондук бизди өнүгүүнүн кайсы багытына алып барат? Чыгарар бүтүмү, берер натыйжасы кандай?

Кыргыз элинде парламентке шайлоо учурунда эмнелер гана болбоду десеңизчи! Журт жик-жикке, уруу-урууга, жер-жерге бөлүнүп, түбү бир атанын балдары экендиги эстеринен чыгып, өз ара араздашып, доолашып кетишпедиби? Бир депутаттыкка талапкер өз шайлоочуларына бут кийим үлөштүргөн. Бирок баарына бир түгөйдөн гана. Бул кексе амалкөй:

– Мага добуш бергиле. Жеңип чыксам, экинчи түгөйүн аласыңар, – деп баштары маң болуп турган элдин көңүлүн улаган. Калган талапкер атаандаштары да карап турабы, акчаны туш келди чачып аракты суудай агызган. Кездеме, көйнөк-көнчөктөн да куру калтырбаптыр.

Акырында бут кийим үлөштүргөндүн жолу болбоду. Мына шайлоонун бир кербези ушу!

Деген менен да ушундайлардын далайы парламентке өтүп кетти. Бир кезде өзүбүз саламдашуудан уяла турган руханий жагынан жарды, бир жолку мансабына кызыгып, жеке мүдөөсү үчүн энесин сатуудан тартынбаган араанын агыткандардын эчени азыр байып кетти. Жалпы менчиктештирүүнүн убайын негизинен көргөн ошол шылуундар. Карапайым элдин тагдыры ошолорго карап калды. Ушуларга үңүлсөк, бул – биздин демократиядан тапкан алгачкы «олжолорубуз».

Мурда казакта эки жүздөн ашуун тыюу салынган элдик таалим-тарбиянын мыйзамдары бар эле. Маселен, суу ичкен кудугуңа түкүрбө, нандын үстүнө идиш койбо, нанды теппе, тузду баспа, үйгө жакындаганда жүгүрбө, улуунун алдынан кыя өтпө, төрдө андан жогору олтурба, сөзүн бөлбө, ата-энени беттен алба, бечара адамга күлбө, кишиге курал кезебе, кишиге сыртыңды салба, малды башка чаппа, бош бешикти терметпе, үйдө олтуруп ышкырба, баш кийимиңди тепсендиге таштаба, көзү өткөнгө көңүл айткан соң, башка үйгө кирбе, кумурсканын уюгун, куштун уясын бузба ж.б. Ушул тыюу салынган мыйзамдардын өзү жыйынтыкталып келип, улуттук таалим-тарбиябызды, маданиятыбызды, адабиятыбызды, тилибиз менен дилибизди, ыйманыбызды көздүн карегиндей сактады. Дагы улуттук идеологиянын милдетин аткарды.

Өзүм көрүп, күбөсү болгон эки учур өмүр бою эсимде калыптыр. Грузиндерде ата-бабасынан уланып келе жаткан, бүгүнкү күнгө дейре маанисин жоготпогон мындай бир жакшы салт бар экен. Кимде-ким кызын күйөөгө узатса, анын себине кошуп, Шота Руставелинин жасалгалуу «Жолборс терисин кийген баатыр» дастанын сыйга тартуулайт. Ушул заманга ылайык сепке берилген не бир буюмдардын ичинде дастандын ээлеген орду өзгөчө. Анткени ал – тууган жердин касиетин, чыныгы азамат уулдарынын эрдиги менен намысын даңазалаган улуу чыгарма. Ошондуктан орун-очок алган ар бир грузиндин эң кымбат табериги болуп саналат. Эгерде септе берилгендердин баары түгөл болуп, бир гана «Жолборс терисин кийген баатыр» дастаны жок болсо, анда ал берген себи түгөл деп эсептелбейт. Бул ата-энеге оор сын. Маселен, Канадада кары теректердин сынагы өтүп, эң көп жашагандарын атайы медаль менен белгилей турган салты бар.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>