Бийлик менен руханий байлык, же ушул эки нерсенин падыша, хан, король президенттердин тагдырына тийгизген шарапаттары менен кесепеттери.



Калк көп жыйналган жерде ал эң алды муңдуу актёрдун кейпин кийип, ар нерсени бир чарпып, арам терин чыгара бийлейт экен. Ал эми байыркы Римде ал заманда эркектердин бийлеши өтө өөн учураган.

Айтматов. Римдиктердин шорун кайнаткан ошол акмак императордун одоно кылык-жоруктары тууралуу Иосиф Флавийдин жазмалары бар.

«Калигула өзгөлөрдү коё туруп, бир жолу Гомердин поэмаларын жок кыламын деп оолукту,– деп жазат ал.– Анын адамдарга ырайымсыздыгы менен жек көрүүсү ашынган эле. Тирүүнүн көзүн жоготомун, өлгөндүн атак-даңкын өчүрөмүн деп да дөөгүрсүдү. Анын элге салган салыктарынын санына чек жок эле. Асыресе император өзүм менен бой тирешип, бак талашат деген дөөлөттүү тектүүлөрдүн артынан бир нерсени издегенсип, сая түшүүчү. Аларды алдына чакырып алган соң, бар байлыгыңды мага калтырасың деп зордоп, керээзин жазганды кылмышкер деп жар салып, өлүм жазасына тарттырат да, болгон дүнүйө мүлкүнө өзү ээлик кылып ала турган. Баарынан римдиктерди чоочутканы – өзүнүн жакшы көргөн атын консул кызматына дайындаганы эле…»

Жаныбарды атайы мамлекеттик кызматка дайындоо тарыхта мурда да, кийин да кезикпеген. Ал эми Калигула болсо атына мармардан орун жасатып, жем жей турган акырын пил сөөгүнөн ойдурган.

Бийликте дөөгүрсүгөн Калигула император болгон төрт жылдын ичинде сөөлөттүү мамлекетти ачык монархияга айландырып тынган. Өзү элдин башкы талоончусуна айланган соң, калган бийлик башындагылар карап турабы, карапайым калктын канын сүлүктөй сорушкан. Мамлекет казнасындагы эки миллиард жети жүз миллион сестерций (акча) бир жылдын ичинде желге учуп, атпай журту кайырчы болуп, туш-тушка тентип кетишкен.

Чексиз бийлик менен байлыктын буусуна мас болгон Калигула кызы жарык дүйнөгө келгенде, Рим калкына жар салып, наристени багып-кагууга, тарбиясына жана күйөөгө узатаар кездеги эмерек, мүлкүнө арнап акча жыйноону талап кылган. Жаңы жылдын алгачкы күнү, император башы менен, сарайынын босогосуна туруп алып, агылып жаткан калк таштаган теңгелерди жыйнаган. Үйүлүп калган алтын теңгелерге кубанганы ушунчалык, уучтап-уучтап көрүп, бооруна кысып, ал турмак саамга үстүндө да жаткан.

Күн сайын жаңы кызматка дайындалгандардан, иш менен камсыз болгондордон өтө көп өлчөмдө алган парасына канааттанбай, сарайында жалаңдаган уурулар менен каракчыларды кармап, элди тоноонун да кынуусун алган.

Үстүнө кийингени да журттун оюна келбеген ала-була кездемеден кийим тиктирип кийгенди адатка айландырган. «Римдиктер гана эмес, деги эркек үстүнө кийбей турган бир нерселерди жамынып, эл алдына чыккан. Кээде кызыл-жашыл гүлдүү кездемеден үстүнө аялдын узун этек көйнөгүн, бутуна туфлисин кийип тагында олтурган императорду көргөн чет элдиктер шылдыңдашып, күлгөндөрүн жашыра алышпай турган. Ал эми римдиктер уялгандарынан жерге кирип кете жаздашкан»,– деп жазды грек тарыхчылары. Сакалын алтынга боёп жүрсө да, атактуу Александр Македонскийдин мүрзөсүн ачтырып, анын үстүндөгү кепинди кийип сайран курган өзүм билемдиги да элдин ызасын келтирет.

Эчендеген согуш менен кайырчылыкка толгон Рим калкы өз императорунун ушундай жосунсуз жоруктарына чыдамы жетпеди. Акыры келесоо Калигуланын көзүн тазалабасак мамлекет кулайт деген чечимге келишет. Император өлтүрүлдү дегенде, римдиктердин жарымы баягы Калигуланын кезектеги жоругу деп ишенишпесе, калгандары бири-биринен сүйүнчү сурашкан.

Кудайым, азыркы мамлекет башчылары ушундай шылдыңдуу тагдырдан оолак болгой эле.

Шаханов. Ал эми Рим мамлекетине 121–139-жылдары бийлик кылган Марк Аврелий болсо Калигулага карама-каршы инсан эле. «Жекече калганда» аттуу зор эмгек жазган, анын аты дүйнөгө эң адилеттүү философ император деген даңк менен белгилүү болду.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 40 41 42 43 44 Кийинки >>