Ошол медалдар эчендеген доорду баштан кечирген теректерге кадалып коюлат экен. Мындай салт табигатка киндиктеш кылганына ыраазы болосуң. Ал эми Эстония менен Латвияда бардык картаң түп дарактар жыл сайын эсепке алынат.
Кайсы бир жылы Эстониянын Муху аралын аралап жүрүп, дөңгөчтөрдүн үстүндө көмкөрүлүп, какжырап каршы-терши чириген кайыктардын жатканын көрүп таң калдым. Себебин сураганымда:
– Бул кайыктардын ар бирине кеминде жүз, жүз элүү, эки жүз жыл болгон. Кезегинде ата-бабаларыбызга адал кызмат өтөшкөн. Алар ушу кайыктар менен ойлогон ой максаттарына жетишти, укум-тукумун улашты, өз эли үчүн кызмат кылышты. Кыскасы, бабаларыбыз бул кайыктардан тек жакшылык гана көрүштү. Ал жакшылык унутулбоого тийиш,– деп жооп берди.
Ар элдин ушундай улуу адамгерчиликти ыйык туткан ата салтынын сакталышы деги кандай касиет!
Айтматов. Муха, айтканың ырас, канчалаган кылымдар бою тили, сыйынган дини башка-башка болсо да, адамзат коому тандап, ылгап, иргеп калыптандырган жакшы сапат бирдей көз караш жок деп айта алабы? Кудайга шүгүр бар! Ал эми эркиндиктин жөнү ушундай экен деп, айрым топтошкан ыймансыздар бир адепсиз жорук-жосундарды жалпы муунга «үлгү» катарында жайылтсачы?
1994-жылы Берлинде өткөн Эл аралык кинофестивалга мени калыстар тобуна мүчө болуп бериңиз деп чакырып калышты. Дүйнөнүн булуң-бурчунан: Америка, Испания, Англия дагы башка өлкөлөрдөн келишкен өңчөй адабият менен кино ишмерлеринин көрүнүктүү өкүлдөрүнөн жыйналышыптыр. Мурдагы Советтер Союзунан мен бар экем. Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн пикирлери, көз караштары ар кандай кызык ойлорду жаратат. Балким, менин да оюм аларга пайдалуу болот чыгаар дедим ичимден. Ишти бат эле баштадык. Милдетибиз – фестивалга түшкөн фильмдерге талдоо жүргүзүп, баасын берүү. Жакшы жактарын, же кемчиликтерин таасын айтуу. Мыкты, сонун фильмдер көрсөтүлдү. Кезек, жаңылбасам, америкалык режиссёр тарткан фильмге келди. Бул фильм туурасында алдын ала эле калыстар тобунун мүчөлөрү макташып, ушундан өтөөрү жок дешип, алдын-ала бири-бирине кулак кагыш кылып жүрүштү. Фильмдин өзөгү негизинен Куба өлкөсүнө байланыштуу. Алгач азыркы Кубанын басып өткөн жолундагы азып-тозгон катаал тагдырын көрсөтөт экен деп ойлодум. Ушундан улам кызыгып көрүүгө ашыктым. Көрсө, фильмдин көтөргөн проблемасы – Америкада гомосексуалисттерге толук эркиндик берүүнү кубаттоо, ушуга үгүттөө болуп чыкты. Кыскача айтканда, кинонун сюжети мындай: Фидель Кастрого чыныгы берилген партия кызматкери – жаш жигит өзүнүн мекендешине кезигет да, иш үстүндө экөө жакындан таанышат. Алиги адам гомосексуалист экен. Кастрону жактаган партия кызматкери гомосексуалисттин айткан ойлору менен жат кылыгын көрүп, андан боюн ала качпай, кайта жан-дили менен берилип, өзү ага ортоктош болуп кетет. Саясий көз карашынан алыстап, бирге таламдаш болуп калат. Фильм калыстар тобунун талкуусуна түшкөндө, менден башкасы таңдайларынан чаң чыгара макташты. Керемет деп тамшанышты. Мен жалгыз калдым.
– Сиздердин оюңуздарга кошула албаймын. Дегеле бул фильмди кесирлүү деп эсептеймин, – дедим ордумдан туруп. – Мунун бардыгы турмушта кезигет. Ага каршылыгым жок, турмушта эмнелер гана болбойт. Бирок, бул – эң ыпылас, булганыч, ар-намыссыздыкты экранга алып чыгып, гомосексуалистти башкы каарманга айландырып, миллиондогон көрүүчүлөрдүн табитин бузуп, тескери жолго түртүү го.
– Адам баласынын эркине эч ким кол тийгизүүгө тийиш эмес. Ал түгүл Президент болсо да. Накта демократия дегенибиз ушу. Сиз буга кандайча каршы чыгасыз? – дешип өзүмдөн башка он экиси тең туш-туштан мага жабыла кетишти.
– Мен эмес, адамдын ар-намысына, кишилик келбетине сиздер шек келтирип жатасыздар. Гомосексуализмди адам баласына зордоп таңуулап жатасыздар. Канткен күндө да гомосексуализм эркиндиктин символу эмес. Бирок сиздердин бул жат кылыктарыңызга каршы колдоноор чара, опол тоодой күч бар,– дедим. Айтор, өз оюмда катуу турдум.