Жогоруда аты аталган жети даанышман Амасис падышага мындай акыл кеңештер берген. Бул жыйынга Анахарсис да катышат.
Солон: «Менин пикиримче, эгер өзү менен кошо өкмөт бийлигин калк бийлигине айландырса гана ал падышанын даңкы артат.»
Биант: «Ал ошондо гана мыйзамга багынуунун үлгүсүн жасайт.
Фалес: «Падышанын бактысы ошол — эгер анын ажалы жетип, өз өлүмү менен дүйнөдөн өтсө.»
Анахарсис: «Анын анда бардыгынан акылдуу болгону.»
Клеобул: «Эмесе ал айланасындагылардын сөзүнө жибибей турган падыша.»
Питтак: «Жагынуучулар ар дайым өз башы үчүн коркуп жүргөнү абзел. Падыша элге ошондо гана тынчтык орнотот.»
Хилон: «Падышанын ою өлүм эмес, түблүктүүлүк тууралуу болуу керек.»
Периандр: «Бир нерсени эскертким келет: ушул айткандардын баарын акылга салып чайкаган адам бийликтен кол үзүү зарыл.»
Түркстан топурагында төрөлүп, билими менен бөтөн элдин гүлдөп өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон Анахарсис бабабызга Грецияда эстелик орнотулган. Анын бооруна: «Башка балээ — тилден*(«Язык мой враг мой.») деген макал оюп жазылган. Анахарсистин «Кеме тактайынын калыңдыгы төрт эли экенин билген кемедегилер өлүмдөн төрт гана эли аралыкта турушкандарын унутушпаганы абзел» деген лакапка айланган сөздөрү элдин эсинде калды.
Улуу Солон падыша түбөлүк көз жумган соң, Кара деңиз боюна скиф жергесине кайткан Анахарсис акыры көрө албастык менен кызгануунун курманы болуп, өз жакынынын колунан өлгөн.
Сөзүбүздү ушул багытта улай кетелик. «Бизден кийин топон суу каптаса да мейли» деген маанисиз макалдын автору француз королу Людовик ХIV 72 жыл бою чексиз бийлик курган. Король кол астындагы калкын каалагандай башкарууга, ал турмак ар кандай убакта атып, асып өлтүрүүгө да укугум бар деп ойлогон.
«Мамлекет деген — мен» Людовиктин ушул кесирлүү сөзү азыркыга чийин орой маанисинде колдонулуп келе жатат.
Королдун айланасына кошоматчы — жан бактылар топтолуп, өмүр бою бирине бири кезек бербей жасакерчиликти талашып өтүшкөн. Дворяндар таң атпай королдун кийим кийүү салтанатына катышууга жүгүрүшөт экен. Бири ич кийимин, экинчиси шымын алып берип, жагынышкан шордуулар король бүгүн көйнөктүн агын эмес, көгүн кийиши керек деп, өз ара узак талашышкан. Ушинтип Людовик XIV кийим кийүү шааниси күн сайын эки саатка созулуп турган.
Ушундай кызматы менен жаккан үстөмчүлүк тап өкүлдөрүнө король атак менен сыйлыкты кочуштап чачып, дагы ар түрдүү кызматтын баскычтарын ойлоп таап, ай арасында абыроюн көтөргөн.
Сарай кызматчыларынын милдети да адам таң каларлыктай. Алар топ-топ болушуп, түнү менен кирпик какпай, королдун ич кийимин, кийе турган жасалма чачын, даарат ушатуучу чылапчынын күзөтүп турушкан.
Людовик ХIV бир жашар кызынын 80 күтүүчүсү болсо, кара башына кызмат кылгандардын санын эсептөө таптакыр мүмкүн эмес. Анын өмүр бою курган көңүл ачуучу сайранына, аңчылыгы менен сарайындагы кызматчыларын кармаганга кеткен эсепсиз каражаттар кедейлер төлөгөн салыктан түшкөн. Салыкты убактысынча төлөй албагандарды үй-бүлсү менен кошо көчөгө кууп чыгып, үй-мүлкүн тартып алып турган. Француз кара таман кедей калкы ачарчылык менен жокчулуктун азабын чегип, үстү-башы бүтөлбөй жүргөндө, эриккен король шаң-салтанаттуу Версаль сарайын салдырып, текши мрамор менен кынаткан. Сарайдын ичи менен сыртына 1400 бассейин салынган. Король тек гана ушул Сарайдын курулушуна 47 жыл убактысын жумшаган.
Ушундай мажүрөө түркөйлүгү менен катар, король арийне коркоктугу менен жанындагылардын эсинде калган. Айланасындагы бийик мартабалуу улуктар менен кызматкерлери өзүмө каршылык кылып жүрүшпөсүн деп сактанып сарайына 35 адамдан турган жашыруун сыйкырчылар (колдун) тобун кармаган. Бул өтө күлкүлүү да, көзгө көрүнбөгөн иштин уюткусу өзүнүн накта ишенгени Атоно де Монтеспаон эле. Анын маскарачылыгы полиция тарабынан ашкереленип калып, акырында король «камкорчуларын» кубалап таратууга мажбур болгон.