Чолпонбайга Таазим.

“Жердешибиз Чолпонбай жөнүндө, анын көрсөткөн эрдиги жөнүндө көп сөздөрдү айтууга болот. Эң негизгиси, Чолпонбай бир доордун укмуштуу көрүнүшү, биздин коомдун аң сезимин, эрдигин далилдеген унутулгус факт. Таң калам жана сыймыктанам.”

Жазуучу мындай жалындуу сөздөрүн Чолпонбай Түлөбердиевдин айлындагы эстелигине таазим этип, музейдеги эстелик китепчесине жазып калтырган.

Мына ушул Чолпонбай жөнүндө менин апамдын бир-эки ооз гана эскерүүсү бар. Ал мындай; “Кичинекеинде Чолпонбай кара тултуйган бала эле, — дейт апам. – Зуураке — эжем аны биздин үйгө минген атына учаштырып кээ кезде айылдап келип кетчү. Үйгө жайланып олтурушканда жанындагы тестиер Чолпонбай боз үйдүн керегесиңдеги жөлөнгөн комузду кармап ойноп койсо, тынч олтур деп апасы аны тыйып койчу”. Андан кийин апамдын бул баатыр жөнүндө эскерүүсүнүн аягы минтип улантат: “Биз булактан суу алып келгени чөөгүн чаканы бакандарыбызга, илип чыкканыбызда Чолпонбай бойтоңдоп бизди ээрчип жүгүрүп ойноп жүрөр эле. Күн кечтегенде келген апасы экөө биздин үйдөн эт жеп, конуп калышчу”.

Чолпонбай ошондо апамдын айтымына караганда алты-жети жашар чагы экен. Анда Чолпонбайды бул эр жеткенде баатыр болот деген эч кимдин оюнда жок. Согуш чыга элек 30-жылдардын ичи. Аны менин апам кокусунан көрүп калган жок. Жогорудагы айтылган бир-эки ооз эскермесинде таятам Сатыкулдун үйүнө келечектеги даңктуу баатыр Чолпонбай кичинекей чагында ушинтип эки-үч курдай апасы экөө келишиптир. Мындай болгон себеби. Чолпонбайдын апасы Зуураке менин апамдын атасы Сатыкулга бир тууган эже болгондуктан үй бүлөлүк жактан байланышып турушкан экен. Кийин шартка жараша апам Чолпонбайды бир да жолу көрө алган эмес. Апамдын Чолпонбай жөнүндө болгон эскерүүсү ушул.

Анын ушинтип айтканы менин кичинемден наристе сезимиме уюп калган. Ошондогу “кара тултуйган Чолпонбай” дайыма көз алдыма келет. Апамдын эскермесинде айтылгандарды анын кай жерден сүрөтүн же эстелигин көрбөйүн жүрөгүмдүн тереңинде кайталанып, ага көпкө тилегем…

Бир жолу 3-классымда бизди окуткан мугалим тил сабагынан Чолпонбайдын эрдиги жөнүндө аңгемени өтүп калды. Мен демимди ичимде сактап анын айткандарын кунт коюп угуп олтурдум. Бир маалда мугалим доскада илинип турган картадан Чолпонбай, туура мына бул Дон деген дайранын боюнан душман огуна төшүн тосуп токтоткон деп чектеп көрсөтө келгенде баятадан бери баатыр жоокердин апам айткан кичинекей чагы көз алдыма элестеп, агайымдын картадан көрсөткөнүн тикирейип тиктеп, ичимдеги сырды ката албай чыдамым жетпегендиктен:


<< Мурунку 1 2 Кийинки >>