Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Алардын ичиндеги күмүш чөйчөктүн түбүндө 26 тамгадан турган эки катар жазуусу болгон. Буга «Ысык жазуусу» деген ат берилди. Окумуштуулар бул жазууну окуй алышпады, бирок алар б.з. чейинки IV-III кылымдарда Казакстан көчмөндөрүнүн жазуусу деген божомолго келишти.

Азыр да сак доору маданиятынын атпай түрки калктарына таандык кезинде өмүр сүргөн «Алтын адам» дүйнөлүк бардык тарыхый этнографиялык көргөзмөлөрүнө катышып, көрүүчүлөрдү өзүнүн шаң-салтанаты менен тамшантууда. Ооба, биз тааныта албаганыбызды ошол таанытып, биз айта албаганыбызды ошол айтып, биз бара албаган жерлерге ошол жетсе экен…

Өткөн доордун баа жеткис кундуу эстеликтери кайсы элде болбосун кездешкен. Бапестеп сактай, баркын билгенге ааламдын жети кереметинен тартып сакталып калган темене ийненин өзү да кайсы бир замандын күбөсү экендиги белгилүү. Эртеңкиси менен гана өмүр сүргөн элдин бүгүнкүсү да, кечээгиси да ишенимдүү болбостугу анык. Көөнөргөн мурастар сакталган архив музейлер ар бир элдин тарыхынын өзөгү сыяктанат. Канчалаган кылымдагы элинин тарыхынан кылын жоготпой, көздүн карегиндей сактап олтурган маданияты жогору элдерди аралаганда ичиң ачышып, көзүңө жаш келет.

Байыркы доордогу улут менен уруулардын калыптануу мезгили менен орто кылымдардагы чапкынчылыкты, жоокерчилик заманынын ортосунда маданиятты, искусствону, илимди айтаарлыктай өнүктүргөн алтын кылым өткөн сыяктанат. Жер шарында не бир көрктүү шаарлардын бой тиреп, салтанат курганын, акча жүгүртүүгө түшүп, жазуу-сызуунун өмүргө келгенин айтпаганда да, ааламдын жети керемети ошол замандын төл жемиши эмеспи? Арийне дүйнөнү апааттан сактай турган сулуулукка деген ынтызарлыкка басым коюлуп жатты.

Ал эми дүйнөнүн орто кылымдардагы бийлөөчүлөрү да эзелтеден боорлоруна басып алган энчилери, чек арасы бар жерди кайрадан бөлүшүүгө, үлүштөн мол калпып калууга жанталашып жатышты. Алдуунун алсызга көрсөткөн зомбулугунан көптөгөн элдин кылымдар бою калыптанган өсүп-өнүгүүлөрү бузулду. Жалаң чокмор, чолок найзаны кайра-кайра алмаштырган ок аткыч куралдар кандуу кыргын, апаат жылдарды бөктөрүнө келди.

Айтматов. Өсүп-өнүгүү, өркүндөө кезинде ирегелеш жайланышкан боордош элдердин (мисал үчүн кайсы кылымда да чеги бөлүнбөгөн орус, украин, беларусь калктарын алалы) кийинки жоокерчилик заманда да бирибиринен көз жаздымда калбаганы анык. Маселен, биздин жыл санагыбызга чейин жана андан кийин азыркы түрки калктары тарых тизмесинде бирде Уйсун каганаты, бирде Дулат каганаты, Канды каганаты, Түрк каганаты, Түркеш каганаты, Карлык каганаты, Киман каганаты, Дешт-и — Кыпчак мамлекети, Огуз каганаты болуп аталса да, ар түрлүү уруунун башын бириктирип, элдик касиетинен ажыраган эмес.

Шаханов. Ак сөз, орто кылымдарда «Огуз каганатын» кураган түрки тектеш кырк үч атанын ичинде ушу күндө биздин боордош казак менен кыргыз да бар эле. Беш манжа менен түгөлдөй санап айтсак — кыргыз, казак, маңгут, курама, каракалпак, кыпчак, тайшык, коңурат, катаган, жедигер, калча, ногой, башкырт, чуваш, эштек, кият, мунапыс, каңлы, түркмөн, нойгут, уак, кушчу, арлай, табан, аргын, керейт, жалайыр, ауаты, уйгур, тува, карлык, тебей, тейит, татар, кырчын, хакас, якут (саха), канды, кезек, алачы, бостон, дауласы, сады, басыз…

Ушулардын ичинде татар менен каракалпак, якут (саха) менен түркмөн, башкыр менен уйгур, чуваш менен хакас, тува өз алдыларынча жеке чамгарак көтөрүп, мамлекет болду да, калгандары өзбек, кыргыз, казак калктарынын өзөгүн түздү.

Айтматов. Санжырага таянсак, айтылуу Каракандан Огузкан, Огузкандын уулу Тагынкандан казак, кыргыз, түркмөн, курама менен маңгыт тараган.

Шаханов. Ыраатын бузбай, андан ары жиликтей турган болсок, Алтын Ордо ыдыраган соң, ушул аталган калктар менен уруулар хандыктарга бөлүнүп, Ногой уруусу, Маңгыт уруусу, Татар хандыгы, Казак хандыгы жана токсон эки боолуу Өзбек уруусуна айланган. Маселен, Өзүбек хандын кол астында уюшуп, токсон эки боолуу өзбек калкы атанып, Орто Азияны мекендеген боорлорубуздун да кылымдан кылым аттаган санжыралуу тарыхы бүгүнкү өнүгүүгө жеткенге чейин кыйма-чиймелүү сокмо өз жолу бар.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>