Ошол кезде Батый Сарайы, Берке Сарайы, Кериш, Үргөнч, Сыганак, Хорезм сыяктуу шаарлар соода менен кол өнөрчүлүктүн, илим менен маданият, адабияттын борбору болуп көрктөнө түштү.
Айтматов. Муну Алтын Ордо мамлекетинин «алтын кылымы» десе да ылайык келээр. Ошол доордо жамы түрки элдерине орток жазма адабиятынын не бир каухардай эмгектери дүйнөгө келген. Маселен, 1233-жылы Алтын Ордонун акыны Али «Жусуптун кыссалары» дастанын жазса, 1303-жылы кыпчак тилиндеги адабий мурас «Кодекс куманикус», 1310-жылы Рабгузидин «Киссасуланбиасы», 1341-42-жылдары кыпчак акыны Кутбдун «Хосроф менен Ширини» жарык көрдү.
Ошол сыяктуу 1357-жылы Махмуд Кердеринин прозалык көркөм чыгармасы «Нахжу-л-фарадио», 1359-жылы Сайф Сарайдын «Гүлстан бит түрки» аттуу көрүнүктүү чыгармасы, 1409-жылы Дүрбектин «Жусуп менен Зулайка» кыссасы китеп болуп чыгып, түрки элдерине кеңири тарады. Бул чыгармалардын өзү кайра кайра басылган, өтө көркөмдүү да, азыркыга дейре маанисин жоготпогон, элдин руханий казынасын байыткан келки-келки көркөм туундулар эле.
Орто Азия менен Дешт-и-Кыпчак талаасы, бүткүл Батыш Европа журтчулугу монгол чапкынчылыгынан боорун көтөрө албай жаткан ХIV-ХV кылымдарда көптөгөн уюткулуу элдер сыяктуу, Италия мамлекети да өзүнүн кайта жаралуу доорун башынан кечирип, өнөр кесибин ар тараптан жетилдирип, архитектуралык үлгүдөгү шаар санын болушунча көбөйтүп, капиталисттик мануфактурасын өнүктүрүп гүлдөтүп турду. Европа менен Жакынкы Чыгыштагы өткөн кербен жолунун учу Италия жергесине келип түйүндөшкөн, соода-сатык менен экономикалык байланыш күчөгөн сайын, карапайым калктын турмушу жакшырып, өнөр-билимге, маданият менен адабиятка деген куштарлык күн сайын алгалады. Дүйнөнүн тарыхына «Кайра жаралуу доору» деген ат менен кирген бул мезгилде Италия искусствосунун тыгыз бирдикте арыштай өнүккөнү ушунчалык, көрсө көз жоосун алган заңгыраган имараттардын ичи-тышы тургай, төбөсүнө да не бир керемет бедиздер (скульптуралар) орнотулган. Кол өнөрчүлүктүн кайталангыс үлгүдөгү эмгектери бул элдеги бейпилчилик менен орошон байлыкты жар салгандай дүйнөнүн булуң-бурчуна кеңири таралып жатты.
Бул доордо италиялыктар көбүнчө латын жазуучуларынын стилин изилдеп, илгерки римдик адабиятчылардын эмгектерин жарыкка чыгарууга көп күч үрөштү. Анти доорундагы өтө байыркы кол жазмаларды жыйнап, Цицерон менен Тит Ливий эмгектери кеңири пайдаланылды. Ушунун натыйжасында грек тили менен адабияты кийинки кылым калем кайраткерлери менен кайрадан табышып, эл кенчине айланды.
Флоренция Республикасынын канцлери Леонардо Бруинин (1374-1444) өзү баш болуп грек жазуучулары менен даңктуу философдору: Платон, Аристотель, Плутархтын чыгармаларын таржымалдоо менен алпурушкан.
Атактуу акын Франческо Петрарка (1304—1374) болсо италиян адабий тилин негиздеп гана койгон жок, ажайып кыял чабытын эргитип, ашыгы Лаурага арнаган арзуу сонеттерин дүйнөгө алып келди. Кийинчерээк анын замандаштары: «Петрарка көрүп ырларында чагылдыргандарды, анын укмуштуу азиз көзү көргөндөрдү эми эч ким көрө албайт».
Ал эми Азия менен Европа материгинде алоолоп жаткан баскынчылык менен согуш тек гана калктын гана эмес, адабият, маданият, өнөргө да балта чапкан эле.
Шаханов. Кээ бирөөлөрдүн баамдаганындай, байыркы доорлордо өмүр кечирген бабаларыбыз энелеринин курсагынан түшүп эле укурук менен кетменге, же болбосо чолок найза менен кайкы баш кылычка жармашпаган чыгаар. Өз заманында илими менен маданияты жарыша өркүндөгөн түрки калкынын жүрүп-жүрүп тарых барагын чаң басса, ага башкы күнөөлүү албан түрдүү окуялар менен не бир баскынчылыктардын жыштыгы эле. Болбосо, орто кылымдарда Орто Азия менен Казакстан топурагынан башына селде орогон не бир залкарлардын калың тобу чыкканы маалым. Алардын калеминен жаралган каухардай эмгектердин азыноолагы илгеркинин көзүндөй болуп, дүйнө жүзүнүн китепканалары менен архивдеринде сакталып калган. Хорезмден чыккан улуу окумуштуу Абу Райхан ал-Бирунинин жазма даректерине таянсак, азыркы тектеш түрки калктар мекендеген кең өлкөдө архитектура менен бедиз (скульптор), живопись искусствосу айрыкча өнүккөн, илим менен өнөр өзгөчө оргуштаган.