Ошентип эки кылым бою түрки журтунун копшолгус туу казыгына айланган Алтын Ордо тарых сахнасынан кетип, жети жикке бөлүндү».
Көк-Ордо жергесинен керегеси керилген Казак ордосунун кубаттуулугу артып, Тобокел хандын заманында уюткулуу эл болгондугу тарыхтан маалым. Ошол доордо орус аскерлеринин колуна түшүп, туткун болгон Оразмухаммед (Тобокелдин аталаш агасы Шыгай хандын уулу (Ондон султанынын баласы) акыры Москва княздыгынын урматтуу адамына айлангандыгы, бүтүндөй орус аскерлеринин башкы кол башчысы аталып, Хан-Кермен, арийне Касимов падышалыгынын билермандыгы тууралуу Мухтар Магауин «Аласапыран» аттуу тарыхый диология жазган. Ошентип, орус санжырасында аты калган казак элинин улуу перзентин бири арага беш кылымдай мезгилди ала салдырып, калкы менен кайра табыштырды.
Ооба, ошол жортуулда Алтын Ордонун борбору Берке сарайы аёосуз тонолуп өрттөлгөн. (Ушул тапта үйүндүсү Россия жеринде — Астрахань областы, Ак-Төбө дайрасынын боюнда жатат). Ошентип, Дешт-и — Кыпчак талаасынын батыштагы эң уюткулуу да, салтанаттуу да шаары тарых бетинен өчүп, туңгуюкка түшүп, кум баскан дөбөгө айланды. Кыйраган шаардын ак таштарын бир жарым кылымдан соң Хажы Тархан (Астрахань) шаарына орус көпөстөрү ташып кетип, ошондогу кичи Кремль курулушуна пайдаланышты… Өз заманында түрки калктарынын борборуна айланган үч ордонун (Ак Ордо, Көк Ордо, Алтын Ордо) бирин эле казып изилдесек, не бир кундуу табылгаларга кезигербиз, тарыхыбыздагы жоготкон учугубузду табаарбыз деген ниетте эмгектенген археологдорубуз болгон жок. Не Алтын Ордонун ордунда ачылбаган алтындын кенчине айланып жаткан Берке шаарын тарыхый-маданий эстелигибиз деп камкордукка алган Орто Азия менен Казакстандын өкмөт жетекчилерин да көрө албадык.
Какаганга муштаган болуп, биз ушунтип кайдыгер жүргөнүбүздө, өз пайдасын көздөп, өз көмөчүнө күл тарткандар шаардын ордун казып, суук колун сала керектүүсүн жымырып ташып кетип жатышат.
Мындан он чакты жыл мурун ошол эле жергиликтүү калк өз алдыларынча жапайы экспедиция уюштурушкан. Берке сарайынын ордун казган бир жигит менен сүйлөшүп калгам. Ошондо ал:
— Жыл сайын көктөмдө, же күздө колубузга кетмен, күрөгүбүздү алып, ушул байыркы шаардын ордун көөлөйбүз. Шаардын айланасы өткөн кылымдардагы идиштин сыныгы менен така, ооздук, октун калдыгынан басаарга орун жок. Асыресе, быйыл олжолуу болдук. Шаардын так ортосу ушул деп бел курчоодон казып жан-жагына үңүлө баштаган элек, оозу бүтөлгөн зор кумураны таптык. Эми кубанганыбызды айтпаңыз. Укмуштай олжого тундук дедик. Кумура кишинин кучагына толоор көлөмдүү, оозу жылчыксыз бүтөлүп бекитилгендиктен ичи толо алтын чыгаар деп чайпай баштадык. Карасак кумуранын капкагынын тегерегинде боорунда араб жазуусу жыбырап турат. Кумуранын оозун бекитип жазууну да кошо чегерген сыяктуу. Жерге уруп сындырганыбызда, кумуранын ичинен адамдын сапсары болуп калган куу башы чыкты. Кимдики экенин кайдан билели, алтынга арааныбыз ачылып турганда, көңүлүбүз мындай калбас. Сайга карай атып урдук да, андан арылай казганыбызды улай бердик. Арадан бир жума өтүп, жазуусу бар алтын мөөрлүү күмүш чөйчөктү таптык.
Экөө тең адамдын ак сөңгөк болуп калган куу баш сөөгү менен бирге чыкты. Олжобузду Астрахандын базарына барып соодалаганбыз. Кавказдан келген бир кумык чал мөөрдөгү жазууну окуп: «Ой, мобул Батый хандын мөөрү го!», — деп кубангандан кыйкырып жиберди. Мөөрдү аяр кармап өптүбү, же таазим кылып маңдайына тийгиздиби, айтор акырында сураганыбызды ашыгы менен берип, мөөр менен күмүш чөйчөктүн экөөсүн тең сатып алды, деген.
Эмне деген кундуу байлыгыбыздан кол жууганыбызды сезип олтурган чыгаарсыз? Алиги жигитти өлөөрчө жек көрүп кеттим. Эстеп олтуруп демим кыстыгып, өкүнгөнүмдөн ичим туз куйгандай ачышып, өзүмчө бушайман болдум.
Орустун улуу акыны Пушкин бакта сейилдеп жүргөндө Анна Керн байкоосуздан чалынып кеткен ташты кайра келатканында ала келип, столунун үстүнө койгон экен.