Көп өтпөй тишине дейре куралданган 50 миң кол казак менен кыргыз жерине басып кирген. Алгачкы таймаштын бири ушул Талас өрөөнүндө өтөт (1658). Бул согушта өзбек колун Абдышүкүр башкарып келип, казак-кыргыз жоокерлери менен биргелешип, албууттанып келген жоого каршы сокку берген. Боордош үч улуттун үзөңгү кагышкан биримдиги өзбек жеринде, казак талаасынын Оң түштүк аймагы — Сайрам жанында болгон согушта да ажырабады.
Шаханов. Казак жерине калың аскер менен жети ирет басып кирип, казак хандыгынын борбору Түркстанды алып, Ташкент менен Сайрамга, Сары-Арка менен Эдил-Жайыкка чейинки алты айчылык аймакка өз амирин жүргүзгөн жуңгар бийлөөчүлөрү калкты алаамат кыргынга дуушар кылды. Малы менен жан сактоосунан ажырап калган эл «Ак таман чууруду, алкакөлдү жакаладыга» учурап, ачкалыктан чөптүн тамырын казып жеп, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп калышты.
Чынында бул кыргындын түпкү сыры боордош калктардын биримдигинин жоктугунан болсо керек деп да кээде ойлоймун. Буга 1725-жылы Бухарада болгон орус элчиси Флорио Беневиндин: «Орто Азияда үзгүлтүксүз согуш болуп жатат. Бул согушка афгандар, парсылар, хифалыктар, бухаралыктар, казактар, кыргыздар, каракалпактар менен калмактар катышууда. Булардын баарынын өз ара бири-бири менен доо-кеги бар», — деген маалымдамасы толук күбө боло алат.
Ооба, Жуңгар хандыгынын тарых сахнасына чыгуусу тек гана кыргыз менен өзбек, казак хандыктарына гана эмес, айбаты ашкан Кытай менен Россияга да шынаадай кадалды. Мылтык, замбирек менен куралданган калмак колун эки жактан тектеш түрки элдерге тукуруп коюп, өздөрү четте дем берип, куулук-шумдуктарын ашынтып турушту. Анткени, Хуанхэ дайрасынан тартып, Эдилге чейинки, Сибирден баштап Иранга чейинки аралыктагы Улуу талаа, анын эсепсиз табият байлыгынын кайсынысы болбосун көздөрүн кызартып келген. Эмдиги максат — кыжынып турган жуңгар баскынчыларын тектеш түрки уруулар менен чабыштырып бири-бирине жем кылуу. Экөө чабышып, алсырап бүткөн кезде, баш көтөргөнүн калпак менен уруп албайбы?
Ушуну ойлогон Россия империясы алдыртан жоомарттыгын карматып, Эдил боюнан калмактын Тыргоот, Дүрбит, Хошауыт урууларына жер бөлүп берди. Акырында Жуңгария менен Эдил калмактарынын кысымында калып, жүз жылдык согушту башынан кечирген түрки тайпаларынын кылымдар бою калыптанган көчмөн маданияты кыйрап тынды. Бул аталган элдердин падышалары Россиянын карамагына өтүү менен аяктаган.
Айтматов. Жети-Сууну бооруна баскан жуңгар баатырлары: Нарынкол менен Байынкол, Кастек менен Каскелеңдердин үзгүлтүксүз жеңишке манчыркаганы ушунчалык, Ала-Тоо ашып, кыргыз жерине калың колун жайнатыптыр. Ысык-Көл менен Шу өлкөсүндө өткөн салгылашта кыргыздар жоого туруштук бере албай калат. Ошондо «Кырда кыргыз баласы ыйласа, ойдо казак эненин жүрөгү сыздайт» дегендей, боордош элди көз көрүнө келген апааттан куткаралы деп, жанына беш миң колун ээрчитип, казактан чыккан Чапырашты Карасай баатыр Шу түздүгүндө уруш салган экен. Карасайдын өзү жекеме-жеке албарс кылыч менен калмактын кол башчысынын оң колун чаап түшүрүптүр. Ушуга шыктанган казак, кыргыз жоокерлери арбак чакырышып, майдан талаасында айта жүргүдөй эрдиктерди көрсөтүшкөн.
Өзүң айткандай, бул беттешүү бизди Россиянын карамагына өтүүгө мажбур кылса, Жуңгария мамлекетинин жер бетинен орду-түбү менен жоюлуп кетүүсүнө себеп болду. Бүлүндүрүп кыйратуучулуктун арты дайыма ушундай болмок. Калмактардан келген коркунучту эрте сезип, тектеш түрки элдердин башын бириктирүүдө Есим хандын эмгеги да оңой эмес. Ал бытыранды жайланышкан Бухар менен Турфан, Кашкар хандыктарын бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгартып, кыргыздар менен мамилеге келип, ортодон кол жыйнап, жоодон Ысык-Көлдү жан алекетке түшүп коргоп калган. Эгер ушундай ынтымактуулук болбосо, орустардан Сибирь аркылуу оттуу курал алып турган жуңгарлардын баш көтөртпөс чабуулуна туруштук бере албай, ар кайсынысы өзүнчө жан соогалап кетмек эле дешет тарыхчылар.
Эчен бир доордон бери ирегелеш олтургандыктанбы, жамы тектеш түрки элдеринин оозеки адабиятында да негизги жообуз калмактар болуп келет.