Ушулардын ичинде жалпы сыпат алып, бүткүл казак талаасын чарпыган кайгысынын эң ириси 200 жылга созулган жуңгар баскынчылары менен чабышы эле. Тарыхта «Ак таман чууруду, алкакөлдү жакалады» деген ат менен калган бул кыян-кески уруш акыры казак калкынын жеңиши менен аякталды.
Россия империясынын оторчулдук саясатына каршы казак талаасында болгон 1916-жылкы экинчи — көтөрүлүштүн да деңгээли бийик. Жеңишке жеткирбесе да, элдин биримдигин чындап кеткен бул окуя калкыбыздын тарыхынан татыктуу ордун ээледи.
Тоталитардык эрежеге каршы көтөрүлүп, жетимиш жыл бою эзүү менен моюнундагы каргыны талкалоого үндөгөн, ошентип, бүткүл Советтер Союзундагы демократиялык кыймылдын көч башына айланган 1986-жылдагы Желтоксон (декабрь) окуясы өзүнүн курч мүнөзү менен кезинде дүйнө жүзүн силкиндирип алды.
Ушул окуядан кийин эгемендик туусун көтөргөн Советтер Союзундагы 15 союздук республика желтоксондун каардуу аязында өз элинин эркиндигин эңсеп, аянтка чыккан казактын күлгүндөй жаш тайманбас муунуна белгилүү бир деңгээлде карыздар.
Айтматов. Үңүлө карасаң, ар бир улуттун тарыхында эл болуп, чолпон жылдыздай жанып, ыйык күндү эске салган учурлар аз эмес. Анын көпчүлүгү тайпадан — уруу, уруудан — улут болуп уюп, барып-барып эгемендүү мамлекет болгон калктарыбыздын күрөш санжырасы экени талашсыз. Ошондуктан, мындай даңазалуу окуялар илгери-кийин да эгемендик алган элдердин атайы мааракеси, майрамы ирээтинде белгилөөгө толук татыктуу. Ал эми 1986-жылдагы Алма-Ата шаарында бурк эте калган Желтоксон окуясынын мааниси тек казак калкы үчүн гана эмес, ошол учурдагы ой-санаасын тоталитардык эреже тушап турган, эгемендүү мамлекет болуу өңү түгүл, түшүнө кирбеген башка элдерге таасир берип, үлгү көрсөтүү жагынан орток тарыхыбыздан орун ала турган мааниси өтө зор толкундоо болду.
Тирандар тарыхты, ал эми эл тарыхтын өмүрүн жасайт деген да сөз бар. Ушул эки карама-каршы абалда орток байланыш да, кайчылаштык да жок эмес. Кайсы заманда болсун мансап менен такка жетүү үчүн тирандар толуп жаткан курмандыктарга барышты. Эмнесин айтасың, ар дайым жалкы менен жалпы бирине бири милдеттүү болуп турушат.
Сионизм теоретиктери жазышат: «Өзүнүн тарыхтагы ордун жоготкон калк көк чырпык сыяктуу, кайда ийсең, ошол жакка ийилет», — деп. Дал ошол сыяктуу, тоталитардык тартип тушунда, канталаган жарабызга көзүбүздү чылк жумуп, биз өз эркибиз менен Россиянын карамагына өттүк деп да жүрдүк. Бул көз көрүнө бурмаланган, бир жактуу идеологиянын залдары боло турган, ал кезде тарых илими өзүнүкү, өзгөнүкү болуп экиге бөлүндү. Биздин тарыхыбыз ошол өзгөнүкү болуп чыкты, чынында өз үйүндө өгөй жетимге айланды.
Жакшыбы, жаманбы, калпбы, чынбы — ар бир элдин өзүнө таандык тарыхы болот. Ошондуктан анын жакшысын көтөрө чаап, жаманын жашыруу же түрдүү косметикалык боёп-түзөөдөн, жамап-жаскоодон өткөрүү — адамзаттын коому алдындагы кечиримсиз күнөө. Анткени, ар бир муун өз түпкү тарыхын өзгө элдердин өсүп-өнүккөн, басаңдаган учурларын же ага себепчи болгон албан түрдүү окуялар менен салыштыра келип эртеңкисине багыт алат.
Саясий кыйын заманда чындыктан тайып, кургакка чыгып калган балык сыяктуу болгон окумуштууларды, өз элинин тарыхы үчүн жанкечтилик менен күрөшкөн дагы ошол үчүн жапа чеккендердин арбактары кечирсин…
Арийне, ар мамлекеттин тойлору менен шаң-салтанаттары жеке улуттук эгоизмдин чегинде калып, Өз учурунда зулумдугунан өз доорун титиреткен тирандардын мүчөлүү тойлорун тойлоого багытталбаганы дурус. Демек, бизге мындай жагдайда да зор адамгерчидиктен, гуманизмден жаралган даанышмандыктын акылмандыктын деңгээли керек сыяктуу.
Экөөбүз да ушул жагдайда кеп учугун улоодо ар кайсы жылдарда жарык көргөн «Байыркы дүйнөнүн тарыхы», «Орто кылымдардын тарыхы» аттуу ар бири кере карыш калың окуулуктарды тарыхка байланыштуу ондогон жыйнактарды бир нече ирээт көңүл коюп үңүлө барактап чыктык. Окуялардын жүйөлүүлүгү, кээ бир табылгалар көңүлгө уюду. Бирок баарына таандык бир беткей осолдук бар.