Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Мындай дарекке академик окумуштуу, маркум Алкей Маргулан да кошулат. «Коркуттун энеси толготкон кезде табият кошо түйшөлдү. Кара тоону мунарык чүмкөдү. Кийинчерээк эл бул күндү «Кара асман» деп атап кетти. Эл катуу үрөйү учуп корккон соң, ымыркайдын ысымын Коркут деп койгон», — деген оюн билдирет.

В. М. Жирмунскийдин изилдөөсүндө, Коркут ата — күүчүлүк өнөрү менен калк поэзиясынын пирине айланган алп талант. Кээ бир дарек — Коркут ата өз заманында Иналхан, Дойылхан, Көл-Ерки, Туманхан, Конды-Кожа сыяктуу төрт-беш хандын башкы увазирлик кызматын аткарып, эл башкаруу бийлигине аралашкан, акылман карыя иретинде сыпатталат. Дагы бир кызык дарек, элдик ырда Коркут ата музыкалык аспап — комузду туңгуч ирет сомдогон катары көрүнөт. Анын аткаруусунда бизге жеткен «Арыстанбаб», «Ак куу», «Улардын үнү», «Килем жайган», «Айипбай», «Коркуттун күүсү», «Желмая», «Элим ай», «Таргыл тана» сыяктуу комузга чертилген күүлөрү бар.

Айтматов. Желмаянына минип, өлүмдөн качкан Коркут аттап баскан сайын өзүнүн казылып жаткан көрүнүн үстүнөн чыга берет. «Кайда барсаң да, Коркуттун көрү» деген макал ошондон калган экен дешет уламаны улаган карыялар.

Шаханов. Ушул тарамда калкыбыздын илгерки тарыхынан төрт китеп жазып, кундуу эмгек сиңирип жүргөн жазуучу, тарыхчы атуулубуз Койчугара Салгара уулунун мындай бир жаңылык киргизген кызык оюн айта кетпеске болбос. Ал «Көмбе» роман-эссесинде ушул Коркут ата менен алиги кытай жылнаамасындагы Тонукөк экөөнү бир адам деп ырастап, ушуга бүтүндөй бир бапты арнайт. Мурун эч ким айтпаган, ары ойго да келбес, ары жүйөлүү пикир. Көчмөндөрдүн эки акылман карысынын өмүр жолдорун салыштырып караганда, чынында да экөөнүн бир адам дей турган бирин-бири кайталаган окшоштуктары жетишээрлик экен. Экөөнүн кызмат кылышкан хандарынын балдарынын саны да, жасаган иштери да, өздөрүнүн хандарга болгон алака мамилелери да бардыгы бирдей. Болгон айырмачылык — Коркутту Сыр-Дарыя боюнда, Тонукөктү Монголияда өлгөн десек, анын да себеп жагдайларын илимий негизде ынанымдуу кылып сүрөттөйт. Ырасында, Коркуттун көрүстөнүнөн бир нечеси болсо, ошонун баарында Коркут жатат деген чындыкка жакындайбы? Чынында Коркуттун сөөгү кайсы көрүстөндө? Дербенттеби, Түркиядабы, же Сыр-Дарыя боюндабы? Археологиялык казуу иштерин жүргүзүп, изилдеп, аныгына жеткен деги эч ким жок.

Коркут атанын IХ кылымда Сыр-Дарыянын жакасына салынган сегиз кырдуу, ичи түрдүү сайма-оюулар менен жасалгаланган күмбөзүн ХIХ кылымда ташкындаган өзөндүн суусу чайып кеткен. Ал эми табытын жергиликтүү калк дөңсө жерге которгон. 1980-жылдары алматылык архитектор Бек Ыбыраевдин долбоорунда Коркут бабанын мүрзөсүнүн башына байыркы музыкалык аспабыбыз — кыл комуздун элеси чегилген зор эстелик орнотулду. Буга демилгечи болгон Кызыл-Ордо областынын, Кармакчы районунун ошол кездеги биринчи катчысы, элдик мурастардын көзүн карегиндей сакталышына күйүп-бышкан, элге кадырлуу атуул, маркум Елей Көчөрбаев эле.

Чыке, досуңуз Абдижамил Нурпейисовдун үйүндө конокто болгонубузда дасторкон башында сулууча келген Кырымбек Көчөрбаев деген кара тору жигит олтурган эле го. Ошол -Елеу аксакалдын уулу. Ушу тапта Казакстан Республикасынын Министрлер кабинетинде иштейт. Коркут атанын эстелигинин сырдуу бир өзгөчөлүгү жел урса болду, Коркутту жоктогондой муңканып, комуз күүсү таңшыгандай алда кайдан угулат.

Коркут бабанын үргүлөп турган рухун кийинки урпактары ушундайча чукурантып ойготушту.

Дагы бир даңктуу жердешибиз Бейбарыс султан тууралуу кеп учугун уласак деймин.

Ал тууралуу Казак Совет Энциклопедиясында мындай маалымат бар: «Теги казак. Маңгыстау чөлкөмүн жайлаган Бериш уруусунун баласы. Атасынын ысымы — Жамак. Энесинин чыккан теги — Айек. Монгол чапкынчылыгы кезинде туткунга түшкөн он жашар Бейбарыс Дамаскиде 800 дирхамга*(Сириядагы акча) кулдукка сатылат».

И. Фильштинский өз эмгегинде: «Көчмөн түрки кыпчактарын Кара деңиздин жакасында туткунга алган монголдор италиян көпөстөрүнө кулдукка сатты. Ал эми алар кулдарды Египет султандарына жөнөттү. Жаш туткундарды ислам динине киргизип, мусулмандарга орток ат берет, аскердик ар кандай машыгууларга такшалдырып, куралчан сарай күзөтчүлүгүнө койгон», деп жазат…

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>