Болбосо чыккан тегибиз да, бойдогу жүгүргөн каныбыз да бир. Жат болсок, кийинчерээк жат болдук, — деп муңая күлүмсүрөдү эле.
— Аның ырас.
«Белиме курчанганым кемер белдик,
Дүнүйө-ай, ошол жактан неге келдик!» —
деген ыр да өткөн доордун күбөсү го. Түгөйлөш боорум, бөлүнүп калган бир калк өзүңдүн аркаңда агып чыккан түпкү нугун кайрадан таап жатат, — дегенмин.
Тагдырдын кээде санга чаптырып, өкүнүчтүн уусун жуткузуп кеткенин карачы, арадан аз убакыт өтүп, Коңур Дагстан жергесинде капыстан көз жумду да, өзүнүн айткан керээзинен улам бабаларынын куттуу мекенине — Ала-Тоо алкымындагы Кеңсай мүрзөсүнө коюлду.
Ооба, Котан хан да калкыбыздын тарыхынан өз ордун ээлей турган өтө даңазалуу атуулдун бири. Киев князы Мстислав Романовичке карата айтылган: «Эгер бизге көмөктөшпөсөңөр, бүгүн биз кырылабыз, эртең өзүңөр кырыласыңар» деген бир ооз сөзү «Лаврентий жылнаамасында» калган Котан хан ким эле?
Ал — Чыңгызхандын кандуу жортуулуна каршы көтөрүлүп, элин азаттыкка үндөгөн, акыркы деми калганча баскынчы жоого баш ийбей өткөн дешти. Кыпчак талаасынын эр жүрөк ханы. Тарыхта маалым каардуу кагандан кыпчак уруусун энчиге алган Жоочу хан 1227-жылы дүйнөдөн кайтып, такты экинчи уулу — Батый ээлейт. Атасынан калган учу-кыйырсыз мекенди кучагына тар көргөн Батый 1236-жылы калың аскерин баштап, Жайык дайрасын тепчий өтүп, Эдил боюндагы болгарлар менен Владимир, Рязань жана Москва княздыктарына чабуул жасады. Баш аягы жети жылдын ичинде Киевди, Польша менен Венгрияны, Молдавия менен Чехияны багындырган монгол аскерлери Иртыш дайрасынан көгүлтүр Дунайга чейинки аралыктагы кеңири өлкөнү ээледи.
Айтматов. Бул олжолуу жортуулдан соң Батый хан Алтын Ордонун борборун Сарай Батудан Эдилдин жакасындагы Берке Сарайына көчүрүп, Арал деңизинин чыгышы менен сол түштүгүндөгү жерди агасы Ордо-Еженге берип, Ак Ордо аталтып, ушул деңиздин сол түштүгүн иниси Шайбанга тартуулап, Көк Ордо дегизген жок беле?
Шаханов. Ооба, тарыхый дарек ушуга барып такалат. Менин айтайын дегеним, Батый хан кыпчак уруусун бийлеген кезде, эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт болуп, акырында салгылашып жүрүп жеңилип, калың колу менен элден кеткен Котан хан орус жеринде каршылашкан жоосу менен тикелей таймашат. Монгол аскерлеринин аянууну билбеген жанкечтилигине жашынан каныккан Котандын «Лаврентий жылнаамасында» калган айгине сөзү ошол кезде айтылган. Калың кыпчак кошуунун баштаган Котан хан күйөө баласы — князь Мстислав Удалый менен үзөңгүлөш жүрсө да, өзгө княздыктар менен тил табыша койбоду… Жоо алкымдап калганда Киев князы Мстислав Романовичтин чыккынчылык аракети орус жеринин алоолонгон өрт алдында калганына себепкер болду. Кара таандай каптаган монгол аскерлери бирден-бирден баш көтөргөн княздыктарды арты-артынан талкалап өтүп, майдан талаасында өлүктөр тоо-тоо болуп үйүлдү, адамдын каны жылга-жыбыттарда суудай акты. Чоң окумуштуу Л.Гумилев өз эмгегинде бул туурасында: «Ошол салгылашта орустардын 90 пайызы кырылды», — деп өтө кейиштүү жазды.
Бул кыргындан аман калган Котан хан менен Мстислав Удалый жоого сокку бере чегинип, Днепр дарыясынан өткөн. Монгол аскерлеринин жолун бөгөө үчүн кайыктардын баарысын өрттөп жиберген. Артынан сая кууган жоо менен оңду-солду согушуп коюп, Котан хан акыркы жоокерлерин алып, Новгороддон Киевге карай жапырылган. Өз ара чарпышкан орус княздарын жапырт карамагына кабыл алган Батый 1238-жылы Козелск шаарынын жанында кыпчак ханынын колу менен кайтадан ачык майдан чегине чыккан.
Артынан ээрчиген жоокерлери менен бирге жат жерде жапа чеккен Котан чегинип, акырында Венгрия жергесине атынын туягын тийгизди. Бул учурда поляктар менен немецтердин, венгрлер менен хорваттардын уюмдашкан аскерлерин талкалаган монголдор Венгрияга да кирүүгө үлгүргөн. Котан хандын андан аркы кырсык чалган өмүрүн Л. Гумилев мындайча сүрөттөйт: «Бела IV кыпчак ордосунун ханы Котанды колтугунун астына алды. Кыпчактар келишим боюнча католик динине кирди да, тек гана королдун өзүнө багына турган кубаттуу колго айланды.