Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Күлтегин кой жылы, он жетинчи жылы өлдү, тогузунчу айдын жыгырма жетисинде сөөгүн жерге бердик» деп жаздырган.

Айтматов. Ушул Күлтегин жазмалары менен Талас эстеликтериндеги руникалык жазмаларда бир мезгилдеги окуяга окшоштугу жаткан жокпу?

Шаханов. Чыке, Сиз менен ушул узак кеп учугун баштаарда, байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхын кайрадан карап чыктым. Мындагы максатым — түрки тектеш өзбек менен уйгурдун, кыргыз менен казактын, түркмөн менен кара калпактын, татар менен башкырдын, ногой менен чуваштын, хакас менен саханын (якуттардын), алтайлыктар менен шоросдун, азербайжан менен түрктүн, гагауз менен ителгинин, карачай менен балкардын ж.б. түпкү чыгыш тегин, кийинки доорлордогу улут болуп бөлүнүү мезгилин аныктоо эле. Алп бай теректин кучак жайган бутактары сыяктуу өсүп-өнгөн, бир атанын балдары тарыхый жылнаамаларга ар кандай аталыштар менен кириптир.

Эзелки грек даректеринде сактын өзүн массагет, яксарт, дай, дахи, фарат, комар, аскагат, исседон, асси, аримасып, сармат, каспий деген майда-барат урууларга бөлүп, ар биринин мекендеген жерин таасын көрсөтөт.

Айтматов. Жогоруда өзүң санап өткөн тектеш түрки улуттардын түпкү аталары ушул курама уруулардан дегениңе мен да кошулар элем. Буга алардын тарыхтагы басып өткөн кыйма-чийме жолдору күбө боло алат. Гунндардын арасында белгилүү өлчөмдө түрки калктары болду. Гуннда скиф менен сак аталгандар да дүйнөлүк тарыхка кирген. Ошол замандагы хандар менен баатырларыбыздын жортуулдарын оозго алсак, бул өзүңдү өзүң мактап, өзгөнүн баркын кетиргендик болбос. Маселен, биздин жыл санагыбызга чейинки VI кылымда сак-массагеттердин Томирис деген аял падышасы болгонун билебиз. Бул туурасында мындай маалымат бар.

Сак уруулары Томирис падышалык кылып турган кезинде Ассирия менен, Мидия менен жакшы алакада болгон. Персы падышасы — атактуу Кир IIнин өзү сактар менен достук келишимдерин түзүшкөн. Мындай антташууга сабырдуулук менен мамиле жасабай, Орто Азия менен Казакстан жерин жайлаган сак-массагет элин кириптер кылып, чаап алууга умтулган кыян-кески согушта перси аскери таш-талканы чыгып жеңилип, Кир IIнин өзү майдан талаасында каза тапкан. Ушул салгылашуу туурасында грек тарыхчысы Геродот: «Массагеттердин аял падышасы Томирис салгылашта парсыларды жеңгенден кийин Кир падышанын башын кесип алып, кан толтурулган чаначка салдырды да, «өмүр бою эңсегениң кан эле, кумарың канганча ич» деп, чаначты дарыяга ыргыттырды», — деген маалымат калтырган.

Сактар илгерки замандагы ата-бабаларынын арбактарына сыйынышып, асмандагы күнгө, айга, жылдыздарга табынышкан. Ал эми дыйканчылык кылган отурукташкан сактар «Көк-Теңирге» сыйынышкан. Чыныгы согуш теңири бар деп сезип, кылыч менен найзаны жерге тикесинен сайып, үстүнө кан тамызып, же ак чачып таазим этишкен.

Каза тапкан падышасы менен эр жүрөк чоролорду акыркы жайына өтө аруулап коюп, тирүүсүндө урунган бардык курал-жарактары менен кошо көмгөн. Мүрзөнүн үстүнө топурактан дөбө кылып үйүп, тегерегин таш менен кынай курчаган.

Шаханов. Ысык өзөнүнүн сол жак өйүзүндөгү Ысык дөбөсүн Кемел Акышев баштаган археологдор жүргүзгөн казуу иштеринде «Алтын адам», же сак жоокеринин көрүстөнүнүн табылышы дүйнөлүк археологияда зор жаңылык болду. Бул көрүстөндө башын батышка жазданып, чалкасынан жаткан 17—18 жаш чамасындагы сак жоокери коюлган. Башындагы шоңшойгон төбөсү бийик (658—0 см) жазы жактары 200дөн ашуун алтын тегерекче менен кыюуланган туулганы кийген. Андагы ар бир шөкүлөдө аркардын, тоо текенин, барстын, аттын, куштун сөлөкөттөрү түшүрүлгөн. Баш кийимдин мандай жагына теке мүйүздүү, канаттуу кош аттын элеси, алардын жондорунан төрт алтын жебе чыгып турат. Мойнуна тагылган алтын алкактын учунда жолборстун баштары комдонуп турат. Үстүндөгү кызыл булгаары бешмантына үч миңге жакын алтындан жасалган оймо-чиймелер чөгөрүлгөн. Белине чылк алтындан жасалгаланган кемер кайыш курун курчанып, оң ыптасына узун темирден сомдолгон шамшар, сол ыптасына алтындан жалатылган темир канжар асынган. Табыттан отузга жакын идиш табылган.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>