Орто кылымда Шайбаниддердин укум-тукуму ордо көтөргөн аймак өзбек журтунун эмес, ошол сыяктуу курама, маңгыт, жүз, лолы уруулары менен бухара еврейлеринин да өсүп-өркүндөгөн өнүгүү борборуна айланды. Эмне десек да, далай кыргын-сүргүн менен кандуу кагылышууларды башынан кечкен, бирде жеңген, бирде жеңилген, бирок да шынаа жойлогус улуттук биримдигин эч жоготпогон, бир ууч топурагы кызыктуу тарыхка бай эл.
Кайсы доордун бийигинен көз салсаңыз да, Россия империясына караган өзгө мусулман өлкөлөрүнө илим менен билим, шарыят, дин эки чоң аймактан тарап жатты. Анын бири — татар менен башкыр агайындардын борбору — Казань менен Уфада, экинчиси — эзелки Бухара менен Самарканд шаарлары. Бул ири борборлордогу күмбөзүн күн сүйгөн заңкайган мазарлар менен мечиттер, медреселер, канатын кеңири жайган кол өнөрчүлүк менен соода-сатык элдин жалпы маданияты менен кошо, кадыр-баркын да күч үрөп жогорулата түштү.
Ооба, дүйнөгө шырмалуу чапаны, ала топусу менен таанылган, жер эмчегин эмген эмгекчилдиги менен өзгөлөрдү суктандырып келаткан өзбек эли — Алишер Навойи сыяктуу улуу акындар менен алп астроном Улукбектей залкарларды берген уюткулуу журт.
Канатташ жаткан боордош казак менен кыргыз алардын тарыхынын өзөгүнүн мыктылыгына, улуттук белгисинин каныктыгына ар убак урмат менен карап, «өзбек — өз агам» деп арка тутканы тегин эмес.
Баамдап карай турган болсок, мындай боор тарткандыктын артында замандын жели кай жактан урса да, бордой тозбос асылым, куту кетпес кемелим, өңдөн азбас чырайлуум деген ылым санагандыгы жатат. Башкасын айтпаганда да, бир гана мисалы, тектеш түрки калктардын бир тобу байыркы доордон берки жазылып калган жылнаамалар менен санжыралардын кундуулугун барктабай, кур жалак калышканда, өзбек агайындар баалуу мурастарынын бир тал кылын жоготпой, атайы Кол жазма институтун уюштуруп, чоң камбылдыгын көрсөтүштү.
Өгүз терисине көктөлгөн эсеп жеткис ар кайсы кылымдарда жазылган жылнаамалардан тартып, жамы тектеш түрки элдердин кагазга түшкөн санжырасы, илимий эмгектери ушул ыйык имараттын боорунда көз жоосун алып, катар тизилип турат. Мына, өткөнгө — урмат, бүгүнкүңө — таалим, келечегиңе — аманат ушундай ыйык мамиледен башталса керек.
Ушул маектешүүдө ар кандай себептер менен ысымдары анда-мында сейрек аталып жүргөн, тээ гунн доорунан тартып элине эп, жерине чеп болгон кыраандарыбыздын, андан берки заманда өткөн атпай түрки калктарына таандык даанышмандар менен өрнөктүү ханбектердин, акылмандардын ысымдарын атап өтүү жөндүү болоор.
Биздин тарыхчыларыбыз менен изилдөөчүлөрүбүз көзгө сайып турган даректердин түпкү тамырына кирбей, маселен, казак деген калкты 1456-жылы Айдан түшө калгандай көрөт. Андан аркы жылнаама, санжыра санат-кептерге таянып изилдегилери жок. Жыл санагыбыздын аркы-берки замандардагы калктардын турмушундагы биригүү, чек арасын ажыратуу сыяктуу ири бөлүнүштөрдү көңүлдөрүнө алаар эмес. Эң эле жанды кейиткени — өткөн тарыхка бүгүнкү күндүн көзү менен баа берүүсү. Биз мындай мажирөө бир беткей тыянак, ой жүгүртүүбүз менен кыр аша албайбыз.
Айтматов. Француздун эски энциклопедиясында: гунндардын эң кийинки күч алган учуру тууралуу «Гунн ордосунун курамына көптөгөн көчмөндүү уруулар кирген. Гунндардын күч алып, ааламдын жартысын багындырган кези Аттиланын тушунда», деп жазылган. Аттилла деп жатканыбыз — V кылымда өмүр сүргөн атактуу Эдил баатыр Мундзук уулу. Орто Азияга оогон гунндардын жаңы ордосу Каспий деңизинин жээктеринде түндүк көтөрүшкөн. Тутумуна Орто Азия менен Оң-түштүк Сибирде көчүп-конушуп тирилигин өткөрүшкөн уйсун, каңлы, дай, алан уруулары кирген. Бул жөнүндө А.Н. Бернштам: «Гуннский племенный союз в Средней Азии играл еще ту положительную роль, что он способствовал объединению кочевых племен Средней Азии и подготовлял положение таких народностей, как киргизы, казахи, в известной мере и туркмены», деп бүтүм чыгарат. Ал эми француз тарыхчысы А. Тьерөри өз чыгармасында: «Аттиланын ысымы адамзат тарыхындагы улуу адамдар — Александр Македонский менен Юлий Цезардын катарында турат», — деп жогору баа берген. Эдилдин эрдигин бүткүл Европа журту ырга кошуп келсе да, өзүнүн Ата Журтуна ушул күнгө дейре жете элек.