Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Азыр да ошол таш ушул күнгө чейин кундуу эстеликке айланып, ичине көп сырды катып турат. Ал эми бизчи?..

Кумурага салынып ардакталган кимдин башы болду экен? Жазуусун окуса, не бир купуя сыры ачылар эле чиркин!

Айтматов. Калкыбыздын башынан кечирген тагдыр жолдору кыйма-чиймелүү, эсепсиз көп болсо да, ушул күнгө дейре жупкадай тарыхыбызда алтын тамгалар менен жазыла турган бир нече барагы алигиндей жетесиздердин суук колуна тийип, орду толгус жоготуу болуп кетти десеңизчи!

Тарыхтан маалым, Чыңгызхандын дүйнөдөгү калктарга дүрбөлөң салган өтө жоболондуу жортуулу учурунда Орто Азия менен Казакстан жерин мекендеген түрктөрдүн кайсы гана уруусу болбосун монгол аскерлери менен салгылашып олтуруп, туулган жеринен туңгуюкка конуш которушкан жокпу? Ошентип Кичи Азиянын сол түштүк бөлүгүнө ийин тиреп, Селжүк султанынын курамына кирген. Алар — бийлөөчүсү Осмондун ысымына байланыштуу Осмон түрктөрү атанып кеткен бүгүнкү Түркия мамлекетинин өзөгүн кураган боорлорубуз. Бул уруу тайманбас күрөштүн натыйжасында 1299-жылы селжүктерден өз боштондугун алып, эркиндикке жеткен. Бей атанган Осмондун карамагындагы калкына жайлуу конуш, малына мол өрүш алып берем деп, жаргак кулагы жаздыкка тийбеген да ошол кез.

Шаханов. Өз заманында тарыхый чырмалышкан окуялардын өзөгүндө Туран партиясы Түркстан жергесинен тутанган мындан кечээги Кемал Ататүрк сыяктуу даанышман кайраткер бийлик курган доорго чейинки өмүр жолуна серп салып олтурсаңыз, не бир кыргын сүргүндөрдү башынан кечиришкендерине күбө болоор элеңиз. Ак сүйлөө — парз, ат арыткан алыскы өлкөлөрдөгү далай-далай кыян-кески уруштун көпчүлүгүнө Осмон түрктөрү өздөрү себепкер болбодубу? Маселен, 1326-жылы Византиянын эң ири шаары Брусту өздөрүнө каратып, мамлекеттин борборуна айландырган түрктөр Кичи Азиядан Мрамор деңизине чейинки аралыктагы зор өлкөнү багындырууга үлгүрдү. Көп өтпөй Кара деңизди тепчий өтүп, Балкан аралында ат ойнотту. Сербдер менен болгарларды жанчып, Венгрияга коркунуч келтирди.

Айтматов. 1383-жылы 15-баш оонада*(Август айы.) Косово талаасында түрктөр менен сербдердин арасында кандуу кыргындан кабардар чыгаарсың. Ошол салгылашта Мурат султан серб королу Лазерди өзгөчө басымдуулук менен жеңип, өзүнүн вассалы эткен. Муну айтып олтурган себебим, бүтүндөй Балкан элдеринин оозеки адабиятында «Мурат Косаба талаасында» деген көлөмдүү тарыхый ыр ушул күнгө дейре айтылат. Толкундатып сыбызгый чыккан обону да бар. Бул — «Игорь кошууну жөнүндө сөз» сыяктуу өтө көлөмдүү болбогону менен санжырага жуурулушкан көркөм дүйнө.

Шаханов. Мурат атанган амирчи кол астындагы түрк журтун 1421-1451-жылдары бийлеп, жеринин аянтын кеңейтүүнү эңсеп, тээтиги Дунай боюна чейин жортуулга аттанып, Варна шаарынын жанында чех-венгер аскери менен беттешкен өтө катаал ырайымсыз султан го. Ошол салгылашта Янош Хуньядинин калың колун талкалаган. Алар 1475-жылы Крымды да өз ээлигине алды.

Жалпысынан Осмон түрктөрүнүн Европа материгине жасаган тынымсыз чабуулу кезинде айрыкча карапайым серб калкы көп жапа чекти. Ушул кан төгүүлөрдөн сарсанаа болгон серб падышасы Стефан Душан 1349-жылы кадимки кайран Тоокенин «Жети жарлыгы» сыяктуу 201 баптан турган мыйзам чыгарып, журтчулукка жарыя кылган. Анын 21-бабы мындай:

«Кимде-ким христиан динин башка динге айырбаштап, чыккынчылык жасаса, колу чабылып, тили кесилсин».

Бул мыйзам элин сырткы жоодон коргоонун бирден бир амалына айланды.

Айтматов. Стефан Душанын калыстыгы менен чынчылдыгынын аркасында эл оозундагы ар кандай ушактар, бийлөөчүлөр ортосундагы ички ыйкы-тыйкылар жоюлуп, биримдик чыңдалды. Адамдардын бири-бирине болгон урматтоосу артты, тартип бекемделди.

Падышанын өз колу менен жазылган «Кимде-ким атасын, же энесин, же болбосо ага-инисин, же баласын кара санатайлык менен өлтүрсө, мындай мыкаачылар отко өрттөлсүн» деген баптагы саптар ушул эле сөзүбүздүн айныксыз далили эле.

Шаханов. Чыке, оюбуздун агымына жараша бир нече кылым бери секирелик.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>