Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Эки жактан тең 165 миң жоокер шейит кеткен бул кандуу кыргынды өз көзү менен көргөн Приск дагы да: «Бир аптага чейин күндү мунарык басып, айлана ала көлөкө болуп турду. Өзөн толкуп-ташып кан болуп акты. Төбөдө учуп жүргөн кузгундардын көптүгүнөн, көктү карагандын өзү коркунучтуу эле», деп жазган. Каталон салгылашуусунда үстөмдүк кылган Эдил Трир, Сол түштүк Италиядагы Аквалей, Милан шаарларынын биринин артынан бирин талкалап, Римдин алтын дарбазасын ачтырып, өзү баш болуп, салтанат менен ичке кирбейби?

Айтматов. Ооба, Эдил ушул жортуулда жүрүп, Бургунд королунун карындашы Илдиона сыяктуу ашкан сулууга үйлөнүп, чоң үлпөт той жасаган экен го. Ааламды багындырып, көк асабасын желбиреткен баатыр ошол той күнү капыстан каза болот. Байманасы ташып отурган кырк уруу түрк журтун тополоңун-тоз кылган ошол өлүмдүн сыры ушул күнгө дейре табышмак. Өткөн доордун санжыралары Эдилдин Керке, Кримхилда, Рекан деген үч аялынан Эллак, Денгизек, Ернак, Емназар, Өте, Ескалма, Узынтура сыяктуу жети уул калганын жазат. Эллак Кара деңизден Едил Жайыкка чейинки алп өлкөнү бийлеген. Кийинчерээк бул жерлерге түрк каганаты, ал ыдыраган соң, Хазар мамлекети орноду.

Шаханов. «Алтынжалдын туягы тийген жер эми кайра көгөрбөс» деген Эдил баатырдын сөзүн Европа калкы ушул күнгө дейре ооздорунан түшүрбөй аңыз кылып айтышат. Өзү мындан он беш кылым мурун өмүр сүрсө да, киндик каны тамган өлкөсүнүн улуу дайрасы Эдил (Волга) баатырдын атын ушул күнгө дейре өчүрбөй келатат. Казак оозеки адабиятында Эдил баатырдын элеси айрыкча орун алган.

— Тээтиги бургунун көп элин,
Түгөлдөй тизе бүктүргөн.
Батыштагы көп журтту
Бир чыбык менен айдаган.
Калың түрк, көп калкын
Дүйнөгө үстөмдүк этем деп,
Мобул шум жалган дүйнөдөн
Эдил баатыр, бул да өткөн…

деген ырдын өзүндө тарыхчылар менен адабиятчыларыбыздын назарына илинбеген өткөн доордун далай элеси жаткан жокпу?

Эдил Римди алган соң, өзүнүн Алтынжал деген тулпарынын ээр токумун, башынан жүгөнүн шыпырып: «Жер шарында эми менин түрк калкыма каршылашкан күч жок. Багыңды байлабайын. Ай ааламда даң салып жүрө бер. Чү жаныбарым», — деп бошотуп коё бериптир. Алтынжал болсо арыш керип, туяктары жерге тийип-тийбей, жал-куйругун шамалга жалындай жалбырттаткан бойдон көккө төнүп кетет. Калк аңызына ынансак, атпай түрки журтунда Эдилдей эр дүйнөгө келгенде, Алтынжал жерге кайрылып келет дешет.

Айтматов. Мен таптакыр башкача ой жүгүртөөр элем: ал биздин тарыхый жекече ой санаабыздын ренессансы менен кайра жаралат. Ал эми азыркы мифологиялык Алтынжалды күтүп олтуруп, Эдил бабабызды төл тарыхыбызга киргизип, адабиятта кайталангыс орошон образын жаратып, эли журту менен кайрадан жүздөштүрүшүбүз керек. Анткени Эдил да Коркут ата сыяктуу, бөлүнүп-жарылбас орток казынабыз.

Шаханов. Ооба, Коркут ата тууралуу аңыз түрки калктарына тегиз маалым. Алымча-кошумчасы жок, Коркуттун өзү да, күүлөрү менен чечендик сөздөрү да баарыбызга ыйык. Бир ирет азербайжандык калемгердин Коркут ата жөнүндө:

— Коркут төрөлөөр кезинде
Кара асманды суу алган,
Кара жерди кум алган.
Ал төрөлөөрдө эл коркуп,
Төрөлгөн соң, абдан кубанган, —

деп элдик ырды окуганына күбө болгонум бар.

— Коркут ата казак жеринде, Кызыл-Ордо облусу, Сыр-Дарыя өзөнүнүн боюнда өмүр сүргөн, — дедим кеп учугун улап.

— О, ырас, боорум, «Огузнаама» ыры кандай орток болсо, дадам Коркут да ошондой орток. Баарыбыз да Туран ойдуңунан тараган укум-тукумданбыз, деп бакулук калемдеш өзүнүн тарыхка деген адал кең-пейил, терең көз карашы ыраазы кылды.

— Огуз-Кыпчак доорундагы өмүр сүргөн Коркуттун атасы Каракожо, энеси кыпчак кызы эле, — деп жазат Абылгазы Бахадур. Санжыра да муну жокко чыгарбайт. Ал төрөлөөрдө «алай-дүлөй бороон согуп, нөшөр төгүп, чагылган чагылып, айлананы караңгылык чулгап калды» дейт.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>