Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Түрк маданиятынын көч башында турган улуу окумуштуунун 55 жашында так талашуунун курмандыгы болгону кандай өкүнүчтүү.

Жогорудагы башталган кеп учугун кайра уласак, алгачкы доордогу дүйнөнү жаңыдан тааныган өткөөл кезеңди, орто кылымдардагы коогаландуу чапкынчылык заманды башынан кечирген дүйнөнүн калкы кийинки эки кылымдан тартып тарыхый ата конушуна туруктуу орной баштады. Бир таң калычтуусу, дүйнөлүк үстөмчүлүккө жутунган калктар — англичандар менен француздар, испандар менен арабдар, мусулман уруулары — бөтөн жер, бөтөн элде канча кылым бийлик курса да, акыр аягында өз ата-журтуна гана ээ болуп калды. Ушуну менен жер бөлүштүрүү аякталды. Үстөмдүк кылуу зордук-зомбулук менен кан төгүлүүлөрдөн турса жарытылуу болбой тургандыгын турмуштун өзү таамай көрсөттү.

Тигиндей-мындай десек да тарыхта карама каршылык да жок эмес.

Маселен, алгач Христофор Колумб ачкан (чынында алгач ачкан индеецтер) материк — Американын жердигинен эле түпкү ээси 12 миллион индеецтер го. Азыр алар ар кошкондон бир кошкондорго аралашкан жокпу? Учурунда казак менен кыргыз мындай турсун, ирегелеш эле Россия менен Кытайдын өзүнө сес көрсөткөн айбаттуу Жунгариячы? Ушунун өзүндө алиге дейре изилденбей жаткан тарыхый карым-катнаш менен тарыхый ойдун сыры бар деп билемин. Чындыгын айтсак, индеецтердин башкы трагедиясы уруулук деңгээлден көтөрүлө албагандыгында жатты. Ушул себептүү элдик түшүнүгү калыптанып калган, ары көк темирдин тилине жетик курамалуу журттун укум-тукумдарынан жеңилди.

Шаханов. Чыке, түрки тилдүү калктардын чыгыш теги менен алардын аты айгине орток даанышмандарына токтолуп өттүк. Эми боордош кыргыз менен казактын тарыхындагы аркы беркисин көз алдыбыздан өткөрүп, ой жүгүртүп көрсөк… Маселен, жылнаама боюнча, Баласагындан Белек, Белектен Култеке каган, андан Хакас туулган дейт. Хакастын эки баласы болгон. Алашхан менен Таласхан. Алаш казакты, Талас кыргызды бийлейт.

Айтматов. Казак менен кыргыздын тарыхы тамгалап болсо да учурунда жазылган. Көпчүлүгү кагазга эмес, таш бетине, Орхон-Енисей жазуулары мунун күбөсү. Аттиң көпчүлүгүнүн кадырына жетпедик. Сынды, бүлүндү. Кээ бири изилдеймин деп келген дагы бирөөлөрдүн канжыгасына байланып, Санкт-Петербургка, тээтиги Англия менен Германияга чейин чачылып кетти.

Шаханов. Туура айтасыз. Санкт-Петербургдагы Эрмитажда болгонумда өткөн кылымда Семей жергесинен алып келинген балбал ташты, Маңгыстоо талаасынан жеткирилген саймаланган жазуусу бар чулу ташты көрүп, жашып кеткем.

Айтматов. Амир Темир кол башчынын бедизчиге (скульпторго) ташка чектирип жаздырган керээзи да ошол Эрмитажда.

Шаханов. Жоготконубузду түгөлдөй турган, чачылганыбызды жыйнай турган, үзүлгөнүбүздү улай турган учурубуз келди. Тарых дегенибиз — убакыт менен окуялар тизмеги. Түпкү ээси — калк. Ошондуктан ага баа бергенде, бүгүнкүнүн көзү менен эмес, ошол өткөн доордун изине түшүп, кадырына жеткен абзел. Алды менен айтайын дегеним өзүңүзгө маалым, «Кыргыз, казак бир тууган» деп макал болуп кеткен туруктуу сөз айкашы бар. Аны биз чыгарган жокпуз. Мындан алдаганча кылым мурда бабаларыбыздын бабаларынан калган накыл. Эл башына кандай кыйын күн түшсө да, ушул бир ооз накыл кеп өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болду. Бирок, эл ичинен бир тентек чыкпай коймок беле? Ошол тентек: «Койсоңчу, кыргыз менен казак кайсы кылымда бир атадан таралып, бир эненин этегинен кайсы убакта укум-тукуму уланып жүрөт? Кимисинин киндигин кимиңер кескен элеңер? Бири Эне-Сайды жайласа, экинчиси Сыр-Дарыя боюнда, Алтай менен Отырардын аймагында мал артында жүргөн журт эмеспи? Карт тарых эмне дейт? Жообуң кайсы?» деп кызыл чеке талашка түшмөйү бар.

Айтматов. Өзүң айткандай, жетесиздиктен кудай сактасын. Кыргыздын аркы аталары гунндар доорунда, биздин заманыбызга чейинки III кылымда ушул Борбордук Азиянын бир бурчун мекендеген. Эне-Сай боюна кийинчерээк (б.з. У к.) конуш жаңырткан.

Шаханов. Чыке, «Ак кеме» повестинде жоо колунан бошонуп, Эне-Сай боюнан бугуга минип, Ала-Тоого келген кыргыздын уулу, кызы тууралуу бир аңызды жазган элеңиз. Аңыздын тереңинде чындык жатат. Кыргыздар эмнеликтен Сибирге журт которуп көчүшкөн?

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>