Ал эмне дейсиң го? Маселен, Рим, Иран, Япония, Индия, Кытай ж.б. ирегелеш мамлекеттердин катмар-катмар тарыхы эмнеликтен бир гана ошол китепти жазган элдин изилдөөчүлөрүнүн көз карашы дүйнөтааным деңгээли менен каралууга тийиш? Тарыхтын иликтөөчүсүнө калпыстык, казанчынын өз эрки дегендей өзүм билемдик, көз жумгандык жат. Мындай өз көмөчүнө күл тартмайлык бир жактуулукка алып келбей койбойт. Ушундай себептен бүгүнкүгө чейин кийинки муунга адилеттүү тарыхты жазып бере албай келе жатабыз. Бул парадокс, ары өкүнүчтүү.
Менин оюмча келечекте ар бир элдин кара кылды как жаргандай калыс, билимдүү тарыхчыларын кеңири тартып, байыркы доордон баштап бүгүнкү күнгө чейинки «Дүйнө элдеринин тарыхынын» жазылышы зарыл сыяктуу. Мындай опол тоодой милдетти өз мойнуна алып, баш көз болоор дүйнөдө кандай илимдин ордосу бар?
Же ЮНЕСКО болбосо, Бириккен Улуттар Уюмунун өзгөчө бир ар тараптуу бөлүмдөрү тобокелге барабы? Кандай болгон күндө да, адам баласы жер бетинде тиричилик кылып эмгектенгенден берки доорлордогу чоң кичине окуяларына, өнүгүүнүн тарыхый учурларына ар бир кылымдын белесинде өмүр сүргөн дүйнөгө белгилүү залкарларыбызга чоң гуманисттик бийиктиктен тиешелүү баа бере турган кез келди. Антпесе алыскы элдин тулпарын тааныбай, өз журтубуздун чобур тайын сүрөгөндү каалаган, жогоруда белгиленгендей улуттук эгоизмден, дүйнөнү кан какшаткан канкор тирандарды мактоодон арыла албайбыз!
Тарыхтын бир ариби ката түшкөн жазуулардан азыркы учурга гана эмес, келечегине да балта чабылаарын унутпашыбыз абзел.