Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Айтматов. Жер бетиндеги майда чоң калктардын жоон ортосунда мамлекет атанып, тиричилигин кечирип жаткан кыргыз деген калктын бел баласы болгон соң, өзүңдү жараткан эне менен атанын, тоо-талаанын өткөндөгүсүн билүүгө кызыкпай койбойсуң. Эчен бир ат дүбүртү менен кылымдардын уюлгуган чаңынын арасында калган карт тарыхтын саргыч беттери, көөнөргөн жазуулары доордон доорго ала салып жүрүп олтурат. Кытай менен арабдын, парсы менен орустун, немец менен англичандардын ж. б. жылнаамалары менен жазмаларын барактагандарга закымдап мунарыктагандардын арасынан колу жакасынан кетпей, оозунан тооба түпшөгөн кыргыздын ак калпагынын төбөсү анда-мында бир көрүнүп калат.

Шаханов. Гректер «хиркис», «хиргис», арабдар менен парсылар «кергис», «хиргис», «хырхыр», кытайлар «гяныунь», «гэгунь», «цигу», «кигу» деп атышса да, барысы бүгүнкү кыргыз аталган бир калк го.

Айтматов. Ооба. Коңшу элдер менен бирде жумшак, бирде катаал олтурган Кытай жылнаамасына кыргыз деген аталма туңгуч ирет биздин доорубузга чейинки III кылымдын аягында жазылган. Мындан Чыгыш Ала-Тоонун Боро-Хоро тоо кыраркасына кымтып жаткан аймакта ошол доордун өзүндө эл болуп, журт болуп, таруудай чачылып кетпей, уюткулуу кыргыз деген калк бар экенин билебиз.

«201-жылы (биздин доорубузга чейин) Огузхан Моде шанүй өз ордосун батышка көчүрүп, Гянь-чуньдыктар чапты», — дейт жылнаама.

Мындай даректерге караганда, кыргыз этноними тектеш түрки калктардын ичинен эң алгач пайда болгон деген тыянакка келтирет.

Демек, кыргыз этносу алгачкы биздин доорубузга чейинки үчүнчү кылымда Борбордук Азияны мекендеген.

Мындай тыянакка келсек, биздин доорубузга чейинки бир миң жылдыгынын орто ченинде Миң-Суу боюндагы Эне-Сай кыргыздары кайдан көчүп келди эле? Алар Борбордук Азиядагы кыргыздын урпактарын улагандарбы же таптакыр эч кандай байланышы жокпу? деген суроо өзүнөн өзү кылтыят.

Ушул маселе кылымдар бою эчендеген окумуштуулардын башын катырып келатат. Эне-Сай кыргыздары тууралуу фарсы тарыхчысы Гардизи: «Бул кыргыздар, индустар сыяктуу өлгөн адамдарды өрттөшөт. Алардын түшүнүгүндө от — эң бир ыйык нерсе. Жин-шайтан жолобойт. Өлгөндөрдү өрттөсө, бардык күнөөдөн арылат деп ишенет», — деп сыпаттайт. Ал эми кытай тарыхчылары: «Эне-Сай кыргыздарынын чачы сары, көзү көк», — деп түспөлдөйт.

«Орто Азияда улут болуп калыптанган ошону менен катар гунндардын бир бутагы болгон кыргыз уруулары Европага тектеш динлин деген калк менен жуурулушкан. Динлиндер темир өндүрүүнүн, ал эми кыргыздар усталык менен курал-жарак жасоонун чебери эле», — деп жазат алгачкы доордун жылнаамачылары.

«Славяндар менен аралашкан кыргыздардын арасында ушул күнгө дейре кызгылт чачтуу, аппак өңдүүлөр арбын учурайт», — деп кеткен орто кылымда өмүр сүргөн араб окумуштуу саякатчысы Аль-Идриси.

Ал эми азыркы кыргыз калкынын көпчүлүгү монголоид расасынан экени эки адамдын өңүнөн белгилүү.

Тонукөк жазмаларында: «Алды менен чик жана аз калктарын. Кыргыздарды түн ичинде уйкуда бастык… Найза менен жол ачтык», деген саптар бар. Ал байыркы доордо чик жана аз калктары азыркы Тува жергесинде турган. Билге каган Күлтегин бул эки майда урууну баш ийдирген соң, Саян ашуусу аркылуу Миң-Суу жакасындагы кыргыздарга чабуул койгон.

Канткен күндө да, Борбор Азия жеринде да, Эне-Сай дайрасынын боюнда да кыргыз деген улуттун болгондугу ырас. Менимче, жоокерчилик заманда, ат жалында, төө өркөчүндө турмуш кечирген борбор азиялык кыргыздарды Эне-Сай менен Абакан боюна тагдыр кандайча айдап барды, арадан эчендеген кылымдарды өткөрүп, азыркы Ата Журту — Ала-Тоону көздөй көчтүн башын кайра качан тарткан деп талашып-такташуунун кереги жок.

Кылым тогошоор заманында, кийинки жоокерчилик мезгилде сак менен гунндун урпактары тээтиги Рим менен Ватиканга дейре, Карпат тоолору менен Азов деңизине чейин ат ойнотуп багынтып барган жок беле? Чыңгызхандын жоболоңдуу жортуулунан Котан хан баштаган кыпчактар азыркы Венгрия жерине ооп, конуш жаңыртып калган.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>