Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Ошолордун бири — тагдырдын соккусунда, Жубан Молдагалиев айткандай, «миң өлүп, миң тирилген» бүгүнкү казак журту.

Биз көп жагдайда өзүбүздү өзүбүз жабыркатып келдик. «Казактын жоосу — казак» дептир улуу Абай. Бул сөздөн кыргыз да качып кутулбас. Тоталитардык түзүлүштүн тушунда Борборго жагынуу үчүн Казакстан менен Кыргызстан калкынын 1918-жылы 2-8 пайызы гана сабаттуу эле, Совет өкүмөтүнүн аркасында гана жазуу-сызууну түгөлдөй өздөштүрдүк дегенди бизге эч ким желкелеп айткызган жок. Өзүбүз трибунага жарыша чыгып, маңдай жарылган кубанычта жарыялап жүрдүк. Наадандык, кулдук психологиянын каамытына өзүбүз барып моюнубузду салдык. Калганыбыз жабыла коштоп кол чаптык.

Айтматов. Ооба, алды тээ Каир менен Дамаскиден, Мароккодон, арты Казандан, Ташкент менен Бухарадан диний окууларды бүтүрүп, «Куран каримди» жатка айткан, мусулманча сабаттуу, айылда бала окутуп, калдайган калкты агартуу менен алпурушкан кечээги молдолор ал тизмеге эмнеге илинбейт. Алардан сабатын ачып, кат тааныган шакирттерди кайсы эсепке кошобуз? 2—3 пайыз деп жүргөнүбүз, учурунда орусча окуп калгандар. Бирок, чыгыш таануучулук билими бар араб жазуусун өздөштүргөндөр эсепке кирбей калды.

Байыркы доорлордо биздин калкыбызда да жазуу болгон. «Аттиң!» дегенден ары аша албайсың.

Өзүң сыпаттап берген Ысык көрүстөнүнөн табылган алтын кийимчен кол башчынын күмүш чөйчөгүнүн түбүнө жазылган белгисиз жазуу биздин доорубузга чейинки бешинчи кылымдын мурасы деп божомолдонду. Ал эми Монголия жеринен табылган гунндардын тамгасындагы жазуу моюнга таккан алкагындагы «сеңгир» деген сөз түрки калктарыныкы экендиги аныкталганы чындык. Биздин доорубузга чейинки 192-жылы жазылган «Тарыхый эстелик китеби» аттуу кытай санжырасында: «Мете Таңир куту дооруна келгенде гунндар күчтөнүп, жазуу колдонууну жолго койгон, ошол аркылуу соңкуларга зор мурас калтырган» деген таасын дарек бар.

Шаханов. Мунун өзү — түрк руникасынын ушу таптагы маданияты өркүндөгөн Батыш Европанын көптөгөн элдеринин жазуусунан мурда пайда болгондугунун бир көрүнүшү. Ал Сибирь өлкөсүнөн тартып, Дешт-и Кыпчак, андан Орто Азияга чейин созулуп жаткан алп мамлекеттин милдетин өтөп турган Түрк каганаты тушунда эл аралык карым-катнаштын өчпөс куралына айланган, муундан муунга кызмат кылган руника жазуусу доорлордун тогошуусундагы маалымат алмашуунун мыйзамдаштырылган куралы болгон эле. Ушул ариптер менен жазылган Орхон-Енисей эстеликтеринин Казакстан менен Кыргызстандын оголе көп табылышы тарых бетиндеги актай калган барактарыбызды толуктоого шарт түзөт.

Айтматов. Эне-Сай менен Тува жергесинен кыргыз калкынын тилине таандык 120 жазма эстеликтин табылышы илим үчүн олжо болду. Талас шаарынын чыгыш тарабында сакталып калган руникалык жазма эстеликтердин ар биринде катылып жаткан тарыхый маанисинен ажырап кала жаздаган калкыбыздын уламалуу санжырасы жатат.

Шаханов. Бир ирет Казак адабиятынын классиги Габит Мүсүрепов мага:

— Түрк каганаты VI-III кылымдарда не себептен ыдырады? — деген собол койду.

— Жоонун күчү басымдуулук кылды, жеринин аймагы кеңири, элдин биримдүүлүгү жетишпеди, деп себептерин айта баштасам, Габең жообума канааттанбаганын билдирип, башын жай гана чайкады.

— Негизинен туура. Ошону менен катар эң башкысын айтпай турасың, — деп өзү кеп учугун улап кетти.Түрк каганаты каршы келген жоого аскерин каршы коё билгени менен маданиятын каршы коё албады.

Ооба, бул дүйнөдө руханий кулдуктан өткөн кордук жок. Баскынчы элдин тили менен дилин кабыл алып, маданияты менен өнөрүн, салты менен үрп-адатын тутунуп, өз улутунун колорити, өз улутуна таандык үлгүдөгү белгилеринен айрылып калган элдер жер бетинде азбы?

Канкор жоо оторчулук саясатын жүргүзүп, элин руханий жактан басмырлоого, жерин ээлөөгө, динин алмаштырууга тилин унуттуруу сыяктуу чулу-чулу үч түрдүү айла-амалга барат экен. Мунун өзү — тарых бетинен өчүрүү деген сөз.

Бир гана латын арибин киргизүү иш чараларынан биздин улуттук өнүгүүбүздүн жолуна канчалык бөгөт коюлганын эске алсак да жетиштүү.

Тарыхта баары белгилүү. Аркы ата-бабаларыбыз саймалуу жазууну ойлоп таап, түрки калктарынын маданияты менен өнөрүн илгерилетип, тилин өнүктүрүп, санжырасын ташка чегип турганда, ушундай саамалыгынын баарысынан айрылып кур жалак калуунун түпкү себеби кайда жатат?

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>