Шаханов. Туура айтасыз. Дүйнө жүзүндөгү айрым элдердин жомоктору менен аңыз, болмуштарынын, макал-лакаптарынын ушунчалык окшоштугу туурасында өзүнчө атайы сөз кылсак болчудай.
Рим дегенден эле чыгат, ааламдын байыркы дүйнө, орто кылымдардагы тарыхына көз жүгүртө калсаңыз, эң көп жазылганы, ар бир окуяга ар тараптуу баа берилгени — ушул аталган империянын жылнаама санжырасы. Калеминин сыясын сабаттуулукка эрте малган журттун бул камбылдыгы алкоого татыктуу. Бирок, өзөктү өрттөгөн бир өкүнүч айрым бир жактуу көз караштагы, өткөн-кеткенди эске албаган тарыхчылардын адилетсиздигинен чыгып жатат. Кээ бир окуулуктардагы:
«Варварское завоевание Римской империи в V веке способствовало упадку античной культуры» деп башталган сүйлөмдү окуганда, муну жазган окумуштуунун ой жүгүртүүсүнө таң каласың.
Тарыхты карап олтурсаңыз биздин доорубуздун V кылымына чейин римдиктер бүткүл Батыш Европаны багынтып, аёосуз эзүүсүндө кармап келди.
Албетте, бул баскынчылык жапайычылыктын көрүнүшү эмеспи. Эки алп материктин калкына бир каргы салып, моюнтук такканда көздөгөнүбүз кайсы, багынтаар бийиктигибиз кандай?
Айтматов. Жалпысынан кайсы доордо болбосун, бийлик башындагылардын кабагын карыш салган келишпөөчүлүктөрүнүн ыйкы-тыйкы кесири карапайым калкка тийип турган. Антпесе карапайым дыйкан, же болбосо мал менен күн көрүшкөн калың букаранын өзгө элдин байлыгына көз артууга эмнеси бар?
Эгерде эзелки замандагы тарыхчылар улуттарды жапайылар, варварлар деп атаса, балким алар муну агрессиячылыкты, олжолоп алуучуларды актоо үчүн ушундайча баалашкан чыгаар, антпесе агрессияга учураган калктар үчүн кымбат да жакын, алардын өмүрлөрүнүн өзөгүн түзгөн нерселердин баарына доо кетирип, жоюп жиберүүчүлөрдү кандайча актамак. Эсиме биздин доорубузга чейин өмүр сүргөн римдик улуу акын Публий Овидийдин мындай бир эскерүүсү келет. «Вокруг меня живут воинственные сарматы. Летом нас защищают от них прозрачные воды Дуная. Но когда наступает зима и реки покрываются льдом, сарматы производят набеги. На быстырх своих лошадях они увозят из римских поселений имущество, скот и захваченных пленных. Даже по улицам города нередко пролетают сарматские стрелы пропитанные ядом».
Алымча-кошумчасы, жылмалаганы жок, болгону болгондой тейдеги чыныгы тарых ушундай деп ойлоймун.
Шаханов. Ооба, бар болгону 24 жашында дүйнөлүк даңкка бөлөнгөн акындын кийинки тагдыры да чиеленишиптир. Тубаса жалтанбас акын, кызуу кандуу мүнөз, ары кара кылды как жарган акыйкатчылдыгынан чыгаар, Цезардын каарына учурап, натыйжада Италиядан куулуп, алыскы Кара деңиздин жакасына конуш которгон.
Римдиктер менен узак жылдар бою жоолошкон сарматтардын арасына Овидий жергиликтүү калктын салтын, тилин үйрөнүп, алар жөнүндө ыр да жазган. «Аза ырлары» («Скорбные песни»), «Кара деңизден кат» («Послания с Черного моря») деген эки китеби үчүн сармат көсөмү аны лавр гүл чамбары баалуу белек менен сыйлаган. Сарматтардын канчалык сый-урматына бөлөнсө да, акындын жүрөгү бир гана Италияны эңсей алып учуп, жанын жай алдырбайт. Ата журтуна кайтууну өтүнүп, анын Рим императоруна көз жашын көлдөтүп жазган каты ушул күнгө дейре сакталуу.
Айла канча, акырында тагдыры аянычтуу акын Кара деңиздин ак жал толкундарынан тууган элине саламын жолдой-жолдой, азып-тозуп, каржалып улгая, ошол сарматтардын арасында көз жумган.
Айтматов. Кеп оролун бузбайлык. Түрки доорунун кээ бир жөрөлгөлөрүндө каза болгон атактуу адамдардын элеси чегилген белгилери менен балбал таштары күнү бүгүнкүгө чейин жетип олтурат. Дегеле шумер маданияты, булардын жазуусу менен адабиятынын бизге чоочун эместиги мындай турсун, кайта өтө жакын.
Монголиянын Суджи-даван деген жеринен табылган Орхон-Енисей жазмасындагы мына бул сөздөргө назар салалычы: «Мен, Ягылкагар — хан-ата, уйгур жерине келген мейманмын. Мен — кыргыз. Мен жогору мартабалуу бийлик ээсимин. Мен — бактылуу Баба-Тархан Огя буйруктарынын аткаруучусумун…» Же болбосо Талас жериндеги руникалык жазууга үңүлсөк, анда: «Коргоочулары (чынын айтсак достору) отуз чоросу жаш эле.