Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Айтматов. Мен буга анча макул эмесмин. Латын ариби бизге ушу тапта колдонулуп жүргөн тамгалардын ыңгайлуу түрүн бере алаар эле. Кыргыз менен казактын жалпы тектеш түрки калктардын тарыхтагы ээлеген ордуна, жазуусу менен маданиятына соңку 12—18 кылымдын аралыгында ар тараптан кысым көрсөтүлүп турду.

Атап айтсак, араб халифаты 634-жыл менен 710-жылдардын аралыгында Сирия менен Иранды, Иерусалим менен Ооганды, Орто Азия менен Византияны, Арменияны, Египет менен Батыш Европаны бүтүндөй басып алып, ислам динине киргизүүгө умтулду. 715-жылы Түркстан өлкөсүнө арабдар үстөмдүгүн орното баштады. Кутайба аттуу кол башчынын ырайымсыздыгын тарыхчы Наршахи «Бухара тарыхы» аттуу китебинде: «Согушка ким жарактуу болсо баарын түгөлдөй өлтүрдү. Тирүү калгандарын туткунга алды… Кутайба мечиттер орнотуп, каапырлык менен отко табынуучулук рухундагы чыгармаларды да жойду», — деп жазды.

Аму дарыясын бойлой салынган үч жүздөн ашуун шаар менен элди арабдардын жер менен жексен кылганын, аны менен кошо жергиликтүү калктын тилин, динин, жазуусун, үрп-адатын орду-түбү менен жоюуга күч жумшаганын улуу Бируни ызага буулугуп олтуруп эске алат.

Шаханов. Арабдар элди руханий жактан кулдук кылуунун төтө жолу алды менен байыркы динин алмаштыруу, андан кийин жазуусун жоюу деп билген го. Алар илимий трактаттарды астрономия менен философиянын негизин изилдеген китептерди, тарыхый жазмаларды отко жаккан. Көрүстөндөгү жазуулар, эстеликтин бетиндеги тамгалар сүртүлүп өчүрүлгөн.

Айтматов. Ошентип гунн, түрк, хорезм жазуусун орду-түбү менен жойгон араб баскынчылары эмки кезекти калктын руханий маданиятын, дегеле үрп-адатын алмаштыруу, жер аталыштарын өзгөртүү, адам ысымдарын арабчалап койдуруу, Нооруз салтанатынын ордуна курман айтты киргизүүгө айрыкча күч колдонгон. 1930-жылга чейин колдонулган 28 арибдеги араб жазуусу түрки калктарына ушундайча келген.

Буга чейинки болгон тарыхыбыз жадыбыздан чыкты. Саймалуу жазуу сакталып калганда, кыргыз менен казак кайсы кылымда дүйнөгө келди, кыргыз Эне-Сай боюнан кайсы доордо көчтүн башын кайра Ала-Тоого тартты экен деп түйшөлүп олтурбас элек.

Менин оюмча ааламдын тартылуу мыйзамы сыяктуу тарыхта да өзүнө таандык тап жылдырбас мыйзамдуулук бар. Жалпысынан алганда, согуш эки этностун ортосунда өтөбү, же болбосо эки дин ишениминдеги элдин ортосунда жүрөбү — баары бир эртеби-кечпи, теңчидик үстөмдүк кылбай койбойт.

Муну айтып олтурган себебим, Чыгыштан Батышка багытталган Чыңгызхандын жоболоңдуу жортуулунун алдында Батыштан Чыгышка аттанышкан айтылуу «Кресть жортуулу» уюмдашкан. Алгачкысы дүйнөдөгү калктарга эки кылым, ал эми кийинкиси үч кылым дүрбөлөң салды… Орто кылымдарда ушул эки баскынчылыктан өткөн согуш, кандуу кыргын болбогон чыгаар, ким билсин.

Бири-биринен окчун жаткан эки аймактын ал учурда өнүгүү, өркүндөөсү басыгы ар кандай боло турган. ХI-ХII кылымда Чыгыш элдеринин турмуш деңгээли бүтүндөй жогору, ары адабияты менен илими кеңири кулач жайган, табигый байлыгы айрыкча мол эле. Дүйнөлүк деңгээлдин мындайча калыптануусу Батыш Европа феодалдарын тынч уктатпады. Асты төгүлгөн байлыкка чулганган бул өлкөлөр аларга жердин бейишиндей болуп элестеди. Алыстан арбаган Нилден, Тигр менен Ефраттан жана Чыгыштын дагы башка да өзөндөрүнөн ат сугаруу ар бир бийлөөчүнүн эңсегенине айланды. Бүткүл Европа журтун жортуулга көтөрүү үчүн дүрбөткөн илинчек керек эле. Акыры андай илинчек да табылды.

«Христиандардын «касиеттүү ата конушу» (святое место) мусулмандардын тепсендисинде калды. Бошотолу калайык!» деген ураан бүткүл материкти жаңыртты. Ушул ураандын астында Чубактын кунундай чубалган эки жүз жылга созулган кызыл кыргын салгылашуу башталды да калды.

Алгачкы жортуулду 1095-жылы Франциянын динчил папасы II Урбан баштады. Жан жагына коңшулаш элдердин королдору менен сеньорлорун, рыцарлары менен карапайым жоокерлерин топтогон ал Кичи Азия менен Сирияны канга боёп кайтты.

Экинчи, үчүнчү «Кресть жортуулу» Франция королу Людовик VII менен Германиянын бийлөөчүсү Конрад III башчылыгында өткөнү менен эч натыйжа бербеди.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>