Мындан он кылым мурун Туран ойдуңунан кеткен түрктөр Мрамор деңизинин жакасына барып, Осман империясын куруп, уюткулуу журт болуп отурукташкан. Түрки тектеш элдин бир бутагы — гагауздар Ата Журтунан алыс Молдавиянын жеринде күн кечирүүдө. Угор — Фин уруусунун Дешти Кыпчак жерин мекендегенин неге унутабыз? Манастын атасы Жакып мындан он кылым илгери Ала-Тоодон Алтайга ооп барып, эл-журтуна кийинчерээк көчпөдүбү? «Манастын» мейкиндик-географиялык сюжети да накта ошол кыргыз журтунун Сибирден Ала-Тоо аймагына көчүшүн камтыйт. Же болбосо, маселен, кечээги эле Совет мезгилинин өзүндө түркмөндөрдүн чоң бир бөлүгү Амур дарыясынын жээктерине жер которуп, ал жакта биротоло мекендеп калган жокпу?
Ата мекенинен тагдырдын айдоосунда жүрүп, алыстап, бөтөн эл, бөтөн жерде очор-бачар болгон калктар арадан кылым өткөрүп, кайрадан тууган жерине көчүшсө, булардын түбү бир беле, же чыгыш теги эки башкабы деп талашып-тартышуунун кереги барбы?
Келечекте биздин алдыбызда турган зор милдет кыргыздар Эне-Сай боюна эмне себептен көчүп барып, кайра Ала-Тоого кайсы кылымда көчө баштады деген маселелердин түйүнүн жандыруу.
Өткөн доорубуздун VI-VII кылымдарындагы кыргыз калкы Орто Азиядан баштап, Турпан мейкинине чейинки, Тувадан Саян тоолору, Эне-Сай дайрасына чейинки аралыкты жылдыздай чачырап жердегени, Улуу Жибек жолунун боюнда Кытай менен соода-сатык, карым-катнашты айрыкча өнүктүргөнү белгилүү.
«Кыргыздар бийлөөчүсүн ажо деп атайт. Ажосу башына алтындан согулган албан түрдүү саймадагы таажы кийип олтурат. Сарайы Эне-Сай боюнда. Катуу күзөтү бар», — деген Аль-Идриси саякатчы окумуштуу.
Шаханов. «Ай деген ажо жок, кой деген кожо жок» деген кыргыз, казак макалындагы ажо ошондон калгандыр.
Айтматов. Дагы бир карама-каршы нерсе: тээ VII кылымда Орто Азиядагы кыргыздардын бийлөөчүсү Барсбек тууралуу да кызыктуу даректер бар. Демек, арасы миңдеген чакырым аралыктагы эки өлкөнү жердеген кыргыз бийлөөчүлөрүнүн титулы бирдей болгонуна караганда, бул бөлүнүп жарылбаган бир калк. Ачыгын айтсак, чачыранды эл.
«Орто кылымдардагы дүйнө жүзүнүн тарыхынын» энциклопедиясы менен С. Е. Малов, Р. Л. Кызласов, Г. Е.Грумм-Гржимайло сыяктуу окумуштуулардын изилдөө эмгектерине таянсак, Эне-Сай боюндагы кыргыздар менен хакастар бир улуттун уланган эки уруусу экендигине көзүбүз жетет. «Хакас» термини «кыргыз» этнонимине эквивалент иретинде колдонулган.
IХ-Х кылымдарда хакас уруусу Минусин ойдуңу менен Абакан өзөнү боюнда калып, Эне-Сай кыргыздары Байкалдан Иртышка, Тайгадан Чыгыш Түркстанга чейинки аймакка конуш которду. Оой көчкөндөрү Алтай менен Жуңгар жерин жайлаган.
Кимак-кыпчак биргелешкен тобуна кирген, түрк-монгол уруулары менен жуурулушкан кыргыз улуту монгол баскынчылыгынан кийин касиеттүү Ала-Тоо койнун түбөлүк Ата Журтуна айландырышты.
Борбор Азияда жарыкчылыкка келип, Сибирди жайлаган, хакасы калып, Ала-Тоого кыргызы келген, бетеге кетип, бел калган, бектери кетип эл калган, өткөн күндөрүнүн өзү жок да, кыйма-чийме издери көп бүгүнкү элдин уламалуу санжырасы ушундай.
Шаханов. Чыке, «кыргыз» деген аталма кайдан келип чыккан?
Айтматов. Огуздун улуу — Тагын хан, Тагын хандын беш баласынын бири — Кыргыз — кыргыздардын түпкү атасы. Ал эми дагы бир башкачасы, бул эми менин жеке пикирим, муну жүйөөлүү көрсө да, көрбөсө да болот: кыр — тоо, кырка, огуз (өгүз) — түрк этносунун башкы бөлүктөрүнүн бири, ошондо кыргыз — «кыр өгүзү» б. а. «тоо өгүзү» болуп чыкпайбы?
Шаханов. Болушу мүмкүн. Ары карай адымдайлы. «Калк», «улут» деген түшүнүктү кармап турган — тулганын үч буту сыяктуу — жер, тил жана маданият деген соолугус булактары бар. Кудайга шүгүр, казак менен кыргыз дүйнө картасынан орун алды. Байыркы тилин, көчмөндөр маданиятын түптөдү. Дүйнөлүк өнүгүүнүн жоон ортосунда жүргөн ар эл өзүнүн өткөндүгүсү менен бүгүнкүсүнүн ортосуна алтын көпүрө салып, руханий көрөңгөсү менен тарыхый мурастарынын тамырын улабаса, келечегинин алдында уят болоору анык. Сиз, кыргыз тарых жайынан кеп учугун улаганда илимде калыптанган тыянакты жана өзүңүздүн түшүнүгүңүздү сезип-туйгандарыңызды айтып өттүңүз.