Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Ошондой болсо да ээсинин күчтөнүп кетүүсүнөн кооптонгон венгр төрөлөрү Пешт шаарында Котан ханды, дагы башка чокунуп кеткендерди чыккынчылык менен өлтүрүштү. Муну сезишкен кыпчактар жамы көтөрүлүп, Балкан тоосуна көчүп кетти».

Коңур айткан Балкан тоо ушул.

Мындан 7 кылым мурда туулган жерден зордун күчү менен оой, бөтөн эл, бөтөн жерге конуш жаңырткан боордошторубуздун бүгүнкү урпактары ошол Венгрия жергесинде укум-тукумун улап жатышат. Кыпчак тилин ХVIII кылымдын орто ченине дейре унутушпай, салт-санаасын, үрп-адатын, дагы улуттук өзгөчөлүктөрүн жоготушпай, боёгун көөнөртүшпөй ушул күнгө дейре сактап келатышат. Бирок убакытка айла барбы… Али да болсо өзүн мадиярлар деп атап кеткен кыпчак теги ата-бабаларынын өсүп-өнгөн жери казак талаасы экенин унутушкан эмес. Маселен, калкыбыздын «бир дегеним — бүлөө, эки дегеним — өгөө» деп башталып, «он дегеним — оймок, он бир — кара табышмак» деп бүтүүчү санамак оюнун кандаштарыбыз ушул күнгө дейре өз калыбында санашып, табышмак жашырып ойношот экен. Өздөрүнүн Чоң Кыпчак, Кичи Кыпчак деген жер аталыштары, Котан хандын урматына коюлган шаар да бар.

Эркиндигимди жоготпоймун деп, күчү басымдуу жоосу менен арыстандай кармашкан Котан хандын тагдыры ушундайча тамам болду.

Айтматов. Алтын Ордо мамлекетинин кыйроосуна 1380-жылы Куликов согушу болушунча түрткү берсе, анын тарых сахнасынан биротоло жоюлуп кетүүсүн Амир Темирдин күтүүсүз чабуулу ого бетер тездетип жиберген эле. Карамагындагы элге жугумдуулугу, ары акылы, даанышмандыгы менен жаккан, өз заманында өнөр ээлеринин бирден бир камкорчусуна айланып, көрөгөч атанган Темирдин Алтын Ордонун акыркы ханы, өз тууганы Токтомушка 1391-95-жылдар аралыгында эки жортуул жасап, түбү түптөлгөн мамлекеттин ойрондолушунун себебин бизге караганда баба-тарых жакшы баалаар.

Шаханов. Аксак Темирдин бул жортуулу, биринчиден, Алтын Ордону биротоло алсыратып, орус княздыктарына толук боштондук алууларына жол ачып берсе, экинчиден, Ордонун ичиндеги жеке бийликке умтулган султандардын бөлүнүп чыгууларын шарттады.

Дагы бир кырынан алып карай турган болсок, Батыштагы болот зынданды кулатуу аркылуу түрк калктары Казань, Астрахань, Крым хандыктарын, арийне карамагындагы эл менен жерди уучунан таптакыр чыгарып алды…

Сөз жок, Алтын Ордо заманында Европа менен Азия материгин камтыган орто кылымдагы эң ири бараандуу мамлекеттин бири болду. Тарых алдындагы талашсыз чындык — ушундай уюткулуу элдин түбүнө жеткен, мындан мурун өзүбүз сөз кылган Тарагай бектин урпагы Темир. Барлас уруусунан чыккан болочок кол башчы ошол кездеги Моголстан, Чагатай, Ирандагы Хулагу урууларына таандык кырдыбычакташууну көрүп өстү. Чыңгыздан таралган канат-бутактардан болбогон соң, бийлик башына келе албаганын сезген Темир Балкы менен Самарканддын амири, бир тууган жездеси Хусейинди мерт кылды. Ошондон баштап отуз беш жыл ат тердигин кургаткан жок.

Ирегесиндеги Үргөнчкө беш мертебе чабуул коюп, таш-талканын чыгарган, ал келерки кезекте Хорезм менен Түркмөнстанды, Дешт-и — Кыпчак талаасы менен Жети-Сууну, Түрк султандыгын, Индостан менен Иранды, Иракты тыптыйпыл кылды.

Амир Темир Казакстан менен Орто Азиянын кээ бир шаарларына архитектуралык курулуштарды жүргүзүп, көз жоосун алган укмуштай кооз имарат жайларды салдырды. Ал Түркстанда Ахмет Яссавинин, Самаркандда Шахи Зинда жана Гөр Амир күмбөздөрүн тургузду.

Тектеш түрки уруулар орток ордо көтөрүп, жеринин аянты, калкынын саны, аскердик күчтөрү жагынан алганда Евразияда үстөмдүк кылып келген Алтын Ордо ушундайча ыдырайт. Түрки калктарынын андан кийинки чегин ажыратып, ыдырашын казактын белгилүү жазуучусу Мухтар Магауин мындайча сыпаттайт:

«Эдил дайрасынын боюнда, байыркы булгар жеринде, Казань хандыгы тундүк көтөрдү.
Эдилдин төмөнкү агымында Хажы Тархан хандыгы. бирикти.
Кара деңиздин жакасында Крым хандыгы түптөлдү.
Эдил менен Жайыктын ортосунда Ногой Ордосу асабасын. желбиретти.
Ал эми Сибирде Сибирь хандыгы жер-пайынын ташын койду.
Көк Ордо жергесинде кадимки Казак Ордосу уюмдашты.
Эдилден Дон өзөнүнө чейинки аралыкта Улуу Ордо чебин чыңдады.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>