Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Дегеле алардын түшүнүгүндө «казак» деген сөз «эрктүү», «баш ийбеген» дегенди билдирет. Көптөгөн кошуна элдердин макал-лакаптарынын окшоштугу сыяктуу, ушул «казак» менен казак аталышында сырткы түрү жагынан гана эмес, ички мазмунун уйкаштыгы да жаткан чыгар.

Анткени, Ч. Валиханов «казак» деген сөздү аскери терминге жаткызып, «эр жүрөк», «баатыр» деген мааниде пайдаланса, атактуу окумуштуу В. В. Радлов «күнкорсуз», «эр жүрөк», ал эми А. Н. Самойлович» — баатыр», «эркин адам» катарында колдонгон.

Шаханов. Кытайдын II кылымдагы тарыхый даректеринде «Арал менен Каспий деңизинин жакасында «хаса», «каа» деген уруулар көчүп жүрдү десе, Орто Азия тарыхчысы Рузбехан: «Казактар өздөрүнүн чапчаң эрдиги, тендешсиз күчүнөн улам жумурай журтка маалым болду. Алардын тайманбаган эр жүрөк мүнөзү араб тилиндеги эмгектерде көп жазылган», — деп маалымдайт.

Демек, казак сөзүнүн чыгыш төркүнү ошол аталышты ээлеген улуттун сырткы өзгөчөлүгүнө, эркиндикти эңсеген мүнөзүнө тикелей байланыштуу деген бүтүм айтууга негиз бар.

Буга бир далил. Казакстандын Оң түштүк өлкөсүндө «Искендер кайткан дөбө» деген зор белес бар. Искендер деп олтурганыбыздын жыл санагыбызга чейинки IV кылымдын 30-жылдары грек аскерлерин баштап, парсы падышасы Дари III Кодомонндун колун талкалап, Орто Азияга басып кирген Александр Македонский. Айтылуу кол башчы Самаркандды багындырып, Сыр-Дарыядан өтөөр кезде ушул чөлкөмдөгү көчмөндөрдүн күчтүү албууттанган каршылыгына учурап, кайра кайтат. Селкинин сүйгөнүнө арнап:

Эргенге ташты кынап кел,
Эски ырыңды созо кел.
«Искендер кайткан дөбөдөн»,
Ашкан желдей сызып кел, —

деген ыры ушул күнгө дейре эл оозунда айтылат. Балким, бул кийинки эле доорлордогу элдин ыры чыгаар. Ал эми «Искендер кайткан дөбө» деп аталышы андан бери арадан 24 кылым өтсө да, ошол кездеги калыбында айтылып келатат.

Жыл санагыбызга чейинки VII-IV кылымдарда Мидия, Ассирия жана Персия сыяктуу экономикасы, соода-сатыгы өркүндөгөн элдер менен тыгыз карым-катнашта болушуп келген эзелки сактарды атактуу окумуштуу А.Н. Бернштам казак калкынын түпкү атасы деп так кесе айтат. Мындай пикирди байыркы доорду изилдеген тарыхчылар менен этнограф, археологдор менен антрополог окумуштуулардын көпчүлүгү колдошот.

Сактан кийин тарых бетинде батыш түрк (6—-8-кылымдар), түркеш, карлук (8-10-кылымдар) жана кымак-кыпчак (10-12-кылымдар) кагандыгы деген ат менен калган казак калкы XIII кылымда Ак Ордо мамлекетинин кол астына бириккенге чейин не бир чапкынчылыктар менен кандуу кагылышууларды башынан кечиришкен. Ак Ордо мамлекети азыркы Казакстан жерин түгөлдөй камтып жаткан. «Казак Совет Энциклопедиясынын» 1-томундагы: «Алты сан алаштын ошол кездеги мекендеген жери — Алтай менен Каспий деңизинин аралыгы, бир чети Тобыл менен Сыр бойлору, Жети-Суу өлкөсү. ХIII кылымдын экинчи жарымында булар союз болгон изи менен Алтын Ордодон бөлүнүп, Ак Ордо аттуу мамлекет орногон» деген саптар ушул сөзүбүздүн айкын далили.

Ал эми Ак Ордо мамлекети ыдыраган соң, Шайбани урпагынан энчисин бөлгөн Жаныбек менен Керей казак хандыгынын түбүн түптөгөнү тарыхтан маалым. Ушул энчи бөлүшүүнүн алдында казак калкынын өзөгү кандай уруулардан турганы, ошондой эле алардын кайсы чөлкөмдү мекендегени Мухаммед Хайдар Дулатинин «Тарых-и-Рашиди» аттуу эмгегинде ынанымдуу баяндалат. ХIV-ХV кылымда наймандар Улуу-Тоодон Есилге чейинки аралыкты, ал эми коңураттар менен кыпчактар Түркүстан менен Каратоо чөлкөмүн, аргындар Иртыш бойлой Борбордук Казакстан, Сыр-Дарыя жерин, керейлер Тарбагатай, Иртыш, Ом, Зайсан жана Тобул өзөндөрүн жакалай, дулаттар Иле, Шу, Таласты, кандылар менен уйсундар Жети-Сууну, ал эми алшындар Едил, Жайый менен Каспий деңизинин бойлорун мекендеген. Демек, Чыке, сак урууларынын ордун азыркы казак калкынын өзөгүн кураштырып олтурган бирлестиктер ээлегенин көрөбүз. Мындан чыга турган корутунду оомалуу-төкмөлүү заманда аты өзгөргөн менен да, заты ошол калыбында калган бүтүндөй бир калк бери болбоду дегенде 25-27-кылымдан тартып киндик каны тамган жеринде солк этпестен олтурат деп так кесе айта алабыз.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>