Маймыл жылы он алтыга толдум. Менин атым — даңктуу Кара Чур» деп жазылса, Олуя-Атага жакын Айырташ-Ой деген жердеги табылган таш бетинде: «Анын аты -Чур. Сиздерде отуз чоро бар, алар молчулук, бейпилчилик жолунда бизден бөлүндү (өлдү). Эрлерин ишенип тапшырды. Жоокер Чур кошуунун кармап, изин басып калды. Аялы жесир калды» деген санжыра жатат.
Дагы башка тарыхтын үбөлөнгөн беттерин барактап, ата-бабаларыбыздын ушуга окшогон табышмактуу жазуусун чечмелеп чыксак, анда кылымдар сырына сүңгүп киребиз. Ушул жазмаларда айтылган кыргыз баласы, тээ илгери уйгур жерине конуш которгон Енисей кыргыздарынын уруу башчыларынын бири болсо керек. Анын Бойла деген жогорку аскердик чини бар. Бул IХ-Х кылымдарда кыргыздардын улуу Державасы болгондугунун күбөсү. Ал кезде кыргыздар уйгурларды талкалап, Борбордук Азияда ири күчкө айланды. Жогорку бийлик менен сот өкүмдүктөрүнө ээ болгон кыргыз феодалы өзүнө багынычтуу Уйгурларды ата конуштарында сурап, тескеп турду.
Жылнаамачынын көк ташка чегип түшүргөн руникалык жазууларынын көп жерин мезгилдин өктөмдүгү көөнөртүп өчүргөн. Бизге жеткени ондон бириби, же жүздөн бириби — ушуга шүгүр деп каниет кылабыз да…
Шаханов. Култегин-Тонукөк жазма эстеликтери да түрки калктарынын бир кездеги ооматтуу тарыхынан маалымат берет.
«Тонукөк деген ким, ат жалында, төөнүн комунда жүргөн калкына кандай арка-жөлөк болду?» деген мыйзамченемдүү собол туулат.
Айтматов. Кечиресиң, мен Тонукөктүн ысымы жөнүндө тикелей ички толгонууларымдан жаралган жоромолумду айта кетейин. Мага анын чыныгы аты «Түн үкүк», же болбосо «Түн үкүсү» дегенди билдирсе керек деген ойго да келтирет.
Шаханов. Мүмкүн ошондой чыгаар. Муну азырынча ушундай коё туралы. Тонукөк — болжол менен 646-жылы туулуп, 731-жылы кайтыш болгон, атпай түрки калктарынын акылгөй аскер башчысы. Елтерес каган, Билге каган, Капаган каган, Күлтегин ханзаданын даанышман акылманы. Эл-журтунун тагдырын, кайгысы менен кубанычын ташка чегип калтырган мындай көрөгөч кыраакы эр өтө сейрек кездешет. «Билге Тонукөк — мен өзүм, табгаш элинде тарбия алдым. Түрки калкы ал кезде табгаштарга багынычтуу эле» деп өз өмүр баянын жазган. Табгаш деп кытайды атаган. Кара Иртыштын жакасын мекендеген карлук уруусунан чыкканын аңдайбыз. Таш бетиндеги санжырага үңүлсөк: «Мен Билге Тонукөк Алтай ашуусун ашып келдим. Иртыш өзөнүн кечип келдик. Келген адам баатыр. Бизди билбейт. Бизди Теңири-Умай энебиз, касиеттүү жер-суубуз колдойт. Көп экен деп неге качабыз, азбыз деп эмнеден коркобуз. Неге басынабыз. Чабабыз дедим. Чаптым. Куудук… Калганын туткундадык. Уруу башчысын ошондо өлтүрдүк… Түркеш ханы — түрк өз журтумдан эле. Билбестиги үчүн, бизге каардуулугу үчүн каганы өлдү», дегенди окуйбуз.
Мында экинчи Түрк каганатынын каарман кол башчылары — эр жүрөк Култегин менен кеменгер Тонукөктүн черүүсүнөн эки эсе көп түркөш колуна чабуул коюп, каршылашканын таш-талканын чыгарып жеңип, кагандарын өлтүргөнү тууралуу айтылып жатат.
Айтматов. Аттиң, ушундай санжыра изилдөөчүсүн күтүп, канчалаган жыл кылымдардын бүктөмүндө жатты десеңизчи! Анда мындай жазылган:
«Теңири колдоду! Бүткүл түрк калкына айбаттуу жоону келтирбедим. Аттуу кошуунду жолотподум. Калкыбыз кайтадан түндүк көтөрүп журт болду. Өзүм арыдым-аздым, улук болдум».
Шаханов. Ирегелеш олтурган жоосунан түрки журтун далай мерте сактап калган, заманында көк шамшар атка конгон Күлтегин тууралуу жазмаларды да баатырдыктын эпосу катары баалаганга татыктуу. Анын каза болгонуна досу түгүл, касы да аза күткөн, Билге каган анын эрдикке жык толгон өмүрүн даңктай келип: «Иним Күлтегин каза тапты. Өзүм кайгырдым. Көрөр көзүм көрбөстөй, билгич акылым билбестей болду. Өзүм кайгырдым. Тагдырды теңири кылаар, адам баласынын баары өлгөнү туулган. Кайгырганым ушунчалык, көзгө жаш келер, көңүлдү оор чер басаар… Он ок уулум, түркеш каганынан Макраш тамга салуучу, Огыз билге тамга салуучу келди. Мазар тургузуу, ага чегилген жазма ташты орнотууга табгач каганынан зергерчи Чан Сенун келди.