Жамы түркилерден калган бул тектүү аалымдар турмак, маселен, Акмолдону башкырт менен казактын, татардын, атактуу Жөжөнү кыргыз менен казакка таандык орток акыны деп жүрөт эмеспизби. Мындай мисалды ар кайсы калктан учуратууга болоор. Мындан бир да улуттун беделине шек келип, өнөрүнө кесири тийип жаткан жок.
Демек, орто кылымдарга жетип, ар кайсыбыз өз алдыбызча түндүк көтөрүп, азыркы улуттарга бөлүнгөнгө чейинки элдерибиздин жери, тили, тарыхы, салт-санаасы бир экен, эмесе ошол улуу алптарыбыздын ысымы да, эмгеги да баарыбызга орток.
Шаханов. Чыке, айталык, боордош түрки калктарынын бир азына таандык «Кырымдын кырк баатыры» деген атактуу ыр топтому бар. Мында ошол Алтын Ордо тушунда өмүр сүргөн кыркка тарта тарыхый баатырлардын эрдиктери өтө көркөм баяндалат. Ушул уламалуу кырк дастанды толук жатка айткан, айтылуу Саякбай Каралаев сыяктуу казактын Мурын Сеңгирбаев аттуу феномени дүйнөдөн өткөн. Алма-Атадагы Адабият жана тил илими институтунун чакыруусу менен көрөңгөлүү карыя согуш аяктаган соң борборго келип, «Кырымдын кырк баатырын» кагаз бетине жаздырткан. Күнү-түнү агынан жарылып, толкуп-ташып айтып олтурганда, алты ай бою ырдап түгөтө албаптыр жарыктык. Соңку беш-алты дастаны калганда, «неберелеримди сагындым, үйүмө барып, сагыныч черимди жазып кайтайын» деп суранып, Маңгыштоодогу тууган жерине жүрүп кеткен экен, элине барган соң, сыркоолоп, капыстан көз жумган. Көбү кагазга жазылып калган кундуу мурас, ушул күнгө дейре толук жарыкка чыкпай жатат.
Айтматов. «Кырымдын кырк баатыры» негизинен Алтын Ордо заманында жаралган чыгаар?
Шаханов. Ооба, маселен, «Орок-Мамай» дастанынын кейипкерлери Орок менен Мамай — Алтын Ордонун айтылуу кол башчылары. Мамай 1361-жылдан баштап Алтын Ордону бийлеген хан, Куликов талаасында өткөн салгылашуудагы башкы каармандардын бири. Карасай, Кази, Сейтектер да турмушта болгон белгилүү баатырлар. «Едиге» ырындагы Едиге 1352—1419-жылдары өмүр сүргөн, Токтомушка каршы күрөшкөн Ак Ордонун бийлөөчүсү. «Асан кайгы» ырындагы башкы кейипкер — адабияттагы акылман акын, ары философ, коомдук ишмер кадимки Асан кайгы Сабит уулу. Алтын Ордонун ханы Орманбеттин ишенимдүү бийлеринин бири болгон, ал кийинчерээк, мамлекет ыдыраган соң, казак ханы акылман Жаныбектин оң тизесин басат…
Айтматов. Түрки тектеш калктарга «Актаман чууруду, алкакөлдү жакалады» деген ырды алып келген Жоңгар мамлекети өз заманында тарыхтагы Чыңгызхан менен монгол чапкынчылыгы ролун ойногусу келген менен каршылаштарынын мүмкүнчүлүгүн эсепке албады. Алды менен оймауыт, тыргоот, дүрбит сыяктуу урууларын түгөлдөй жуук кырып, бир миллион калмакты мууздап өлтүргөн кытай богыра хандарынын каршылыгына кез келди. Экинчиден, Чыңгызхандын тушунда уруулук даражадагы түрки калкы арага түшкөн беш кылым ичинде улут деңгээлине көтөрүлүп үлгүргөн эле.
Шаханов. Жуңгар мамлекетинин уюткусун кураган ойрот уруулары ХI кылымда азыркы Монголия жеринен чегин ажыратып, кырды бычак болуп жоолашкан уруусунан оолактап, казак менен кыргыз жерине, Ала-Тоо койнуна конуш жаңырткан го. Кийинки кылымдарда Моголстан хандары менен казак жана кыргыз бийлөөчүлөрүнүн дембе-дем чабуулуна учурап жайлуу жеринен, коңшулаш элдер менен соода-сатык жасаган мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калып олтурган. Мындан башка ХVI кылымда жоокерчиликте чоң жоготууга учурап жеңилген ойрот уруулары казак хандыгынын курамына кирип, күңкорлукка айланган. Орус падышасы Иван VIнын Ногой улустарына жиберген элчиси Данила Губиндин айгактоосу жана Москвадагы казак элчиси Кулмухамеддин 1595-жылы Оразмухаммед султанга: «Сенин тууганың Тобокел ханзада казак ордосуна хан болуп тактысын мыктап, ал эми өзүнүн иниси Шахмагамбетти калмактарга хан кылып олтургузду. Алардын бардыгы ынтымакта жакын көчүп жүрөт», (КСЭ, 1-том) — деп жолдогон саламы ушуну тастыктайт.
Айтматов. Тарыхтан белгилүү, 1635-жылы ойрот-калмак мамлекети бой көтөрдү. Кытай менен казак жана кыргыз жеринин ортосунда жаткан Жуңгар хандыгы аймагын кеңейтүүнү ойлоп, тоолуу, таштактуу өлкөдөн көрө, түздүк чөлкөмгө көз артты.