Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Ошол Египет султандарына эрксиз сатылып, жалчылык күнүн кечиргендердин бири Бейбарыс. Кулдукка сатылган бала мамлюктардын катарын толуктады.

Айтматов. Бейбарыстын катчысы Мухий ад-Дин ибн-Абд аз-дахир жазган «Бейбарыс султанынын өмүр таржымалы» аттуу эмгекте: «Даанышман мамлекеттик ишмер, эр жүрөк аскер башчынын тушунда жүз жылдык кыян-кески, өз ара чарпышуудан кийин, убактысынча болсо да, Египет менен Сирияда тартип орноду. Өзүнүн жерди жөнгө салып, иштете билип, соодага айрыкча көңүл бургандыгынын аркасында элдин турмуш жагдайын айрыкча жакшыртты. Анын (Бейбарыстын) аскердик жортуулдары да улуу жеңиштерге жетти. Ал «Кресть жортуулунун» мизин кайтарып, аларды кайра баш көтөрбөгөндөй кылды. Багдаддагы сыяктуу чоң мамлекетти талкалай турган монгол чапкынчылыгын Египетке жеткирбей, сокку берди», деп Бейбарыстын Египет тагына олтурган чагын сүрөттөйт.

Кул болуп келген он жашар бала өмүрүндө көрүп билбеген араб элинин бийлик тизгинине жетип колуна алат. Мына маселе.

Шаханов. Бейбарыс аскер башчы болгон кезде да араб тилин үйрөнбөптүр. Казак Совет Энциклопедиясынын 2-томундагы 82-бетинде: «Бейбарыс өмүрүнүн акырына чийин, негизинен эне тилинде — кыпчак тилинде — сүйлөгөн. Египет менен Азиядагы араб тилдүү калктар менен тилмеч аркылуу сүйлөшкөн», деген аныктама берилет.

Бейбарыс Франк королуна каршы согушта мамлюктардын ичинен суурулуп чыгып, баатырлыгы менен айрыкча көзгө түшөт. Кийинчерээк куралдуу күзөтчүлөрдүн кол башчылыгына жетет. Шаар ичиндеги ууру-кескини, каракчыны кармап, катуу тартип орнотуп, бийлөөчүнүн Сарайына билмексен болуп кирген Хуан тыңчынын кылмышын ашкерелеп, не бир ок менен оттун арасынан аман өтүп, аскерге кол башчылыкка дайындалат. Кулдуктан кутулуп, өзү эркиндикке чыккан соң, Тажбакыт ысымдуу кыпчак кызына үйлөнүп, Сайд, Ахмед ысымдуу уулдарды көрөт.

Арабдар менен курддардын каалоосу менен такка олтурган Бейбарыс өзүнүн султандык мөөрү басылган алгачкы үч бурчтук катты ата журтуна — кыпчак жергесин бийлеп олтурган кол башчы, Алтын Ордонун ханы Беркеге жөнөтөт.

Султандын тууган жерге деген сагынычы жүрөк каны, көз жашы менен жазылган дешет жылнаамачылар.

Айтматов. Арабдардын кол башчысы атанган Бейбарыс кийинчерээк Кичи Азиядага селжүктөрдү, Арменияны, берберлерди өзүнө каратып, өмүр бою найзасын тиреп келген франктардын чиркөө, чебин түгөлдөй таш-талкан кылган. Бул учур кулдук менен эзүүнү көп көргөн араб калкынын баш көтөргөн маалы эле.

Шаханов. Акыйкатта ушундай. Бейбарыстын алгачкы каты Берке хандын колуна 1261-жылы тийген. Андан кийин келерки жылы мамлюк султаны Рум аркылуу Алтын Ордого элчи жиберген.

Ааламга аты аңыз болуп тараган Бейбарыс акыры өзүнүн увазири Калауындын дарбызга кошуп берген уусунан 1277-жылы капысынан каза болот.

Айтматов. Бул дүйнөнүн жалгандыгына көзү жеткен соң, тиги дүйнөгө ала-сала көпөлөк болуп чимирилип, эң соңку тилден калаарында: «Өзгө элде султан болгонуңча, өз элинде ултан болгон артык экен» десе керек.

Шаханов. Чыке, заманында Бейбарыстын тагдырын кайталаган, жоокерчилик кезинде эрксиз жат жерге кетип, Африка менен Арабияны, Кичи Азия менен Европаны аралаган, ар бир өлкөдө кыпчак, мамлюктар деп аталган тектеш түрки калктардын урпактары учурайт. Мисир султандарынын жеке сакчысы болгон мамлюктар султан тагына өз кандашы — Орто Азиядан кулдукка түшүп барган убактыда олтургузган эле го.

Айтматов. Мисирде узак мезгил бийлик курган мамлюк урпагынын тактан түшүп, кайрадан өтө ишенимдүү сакчыга айлануусуна бирден бир себепкер Наполеон Бонапарт. Мисирди басып алган Наполеон Муратбейди султан деп тааныганы менен негизги бийлик тизгинин өз генералы Клебердин колуна карматат. Ич ара жоолашкан мамлюк султаны менен француз генералы акыры бири-биринин көзүн тазалап тынышты… Мамлюктардын эч нерседен кайра тартпаган эрдиги менен адалдыгына кызыккан Наполеон аларды Мисирден атайы алып келип, өзүн жеке күзөтө турган аттуу гвардиялык эскадрон кылып кармаптыр.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>