Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Шаханов. Казактын өтө таланттуу уулу, эч нерседен тайманбаган акын Олжас Сулейменовдун учурунда чоң талаш-тартышты жараткан «Аз и Я» аттуу китебинде өтө сейрек учураган окуя мындайча баяндалат:

«Мен мамлюктардын азаптуу тиричилигинин соңку белгисин корсикалык алтын бүркүттүн канатынын астында куруп бүтүргөнүн өз көзүм менен көрдүм.

…Москва түбүндөгү чаңдуу Кунцево менен Фили орношкон Сетун дөңсөөсүнүн алма бактарына кайрылып турам. Сетун дөңсөөсүн байырлап өткөн күндөрүмдүн биринде укмуштуудай окуяга туш болдум. Кезинде Москвага карай Наполеон басып өткөн жолго жакын жерде ор казышып жаткан жумушчулар жер койнунан белгисиз үч табытты таап, үйүлгөн топурактын четине эңкейтип коюшту. Убакыт мүлжүп, мүлдө карайып кеткен табыттардын үстүндөгү капкагын ачканда, Сетун дөңсөөсүн мекендегендер жаркыраган мундирчен көмүлгөн өлүктөрдү көрдү…

Карайып кеткен бет түзүлүшүндө күлүмсүрөгөн жумшак абалы сакталып калган, жыдып түшкөн каш-кирпиктеринин орду саргайыңкы тартып билинип турат. Өлүктөрдүн көздөрү жүлжүйүп, бет сөөктөрү чыгып, жүзү жалпагынан келгени байкалат.

Өлүктөрдүн бүгүлгөн кара манжасынан кыпчак тамгасы басылган ата-бабалардын көгүшүнөн келген тегерек шакеги көрүнөт. Балким, бул бизге үбөлөнгөн жер пайынын кыштары менен таасирдүү кеп аңыздары гана калган кыпчактардын эзелки борбору Отырардын тунжураган зергерчилеринин колунан чыккандыр.

Түбөлүк мурасы калган калкыбыздын ушул бир шакеги чөл менен алыскы кыйырлардан тартып, Мажар талаасына, Генуя сепилдерине, Мисир пирамидаларына, Венециянын көк тиштеген таштарына, эң аягында Москва жака-белинин кара топурагына чейин жеткен канчалаган кайран эсилдердин буудай өңдүү кара тору манжаларында калбады дейсиң?»

Айтматов. Сенектик түзүлүштүн учурунда табыттагы бабаларын таанып, жоктогон Олжастын бул эмгеги ар убак алкоого арзырлык.

Кечээги өткөн Бабур шах менен Улукбектин өзү эле кандай баага татыктуу?

Индиядагы Улуу Моголдор империясынын түбүн түптөгөн акын, тарыхчы, ары чыгаан философ Бабур шах буга чейин Анжиян менен Оштун бийлөөчүсү болгон. Бабурдун кыйма-чийме жолдору, афган эли менен Индияны бийлеп, улуу шах даражасына жетүүсүнө он бир жашында жетим калган анын көп кырдуу орошон талантынан кабар бербейби?

Ооба, дүйнөнүн тарыхчылары менен калемгерлери Бабур шахтын эрдиги тууралуу канчалаган кундуу чыгармаларды беришти.

Анын өз колу менен жазылган, ушул тапта дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган «Бабурнама» аттуу кундуу чыгармасы ушул күнгө дейре тарыхый маанисин жоготкон жок.

Шаханов. Албан түрдүү аңыздардын мекенине айланган Ош жергесиндеги Сулайман тоосунда Бабурдун үйү ушул күнгө дейре сакталып турат*(Бабурдун Сулайман тоосундагы үйү сенектик мезгилде айрым жетекчилердин түшүнбөстүгүнөн буздурулган, ал кечээ 80 жылдарда кайра калыбына келтирилди. (Редактордон — М. Т.) ). Ыйык тутуп, зыяратка келгендерге шайыкчысы куран окуп, байыркы доорлордун не бир кызыктуу хикаяларынан чертет. Пакистан өкмөтүнүн Премьер-министри, мусулман элдеринен чыккан белгилүү саясий ишмер, Бабурдун урпагы Беназир Бхутто Кыргызстанга келген сапарында ата-бабалары басып өткөн жерге барып, баш ийип, таазим этип, парзын өтөп аттанбадыбы.

Ал эми Амир Темирдин аты дүйнөнүн тарыхында улуу кол башчылыгы, кажыбас кайраткерлиги менен калса, небереси Улукбектин ысымы ойчул окумуштуулугу менен бүткүл дүйнө жүзүнө маалым го. «Теги жакшы теги озоор» деген атасынын жолуна түшкөн окумуштуу заманында Мавераннахр сыяктуу алп өлкөнү отуз сегиз жыл бою башкарганы менен бардык күч-кубатын илим жолуна арнады. Тегерегиндеги коңшу элдердин баары бири-бирине чабарман чаптырып, үстөкө-босток согуш отун тутандырып жатканда, Самаркандга обсерватория куруп, аалам дүйнөсүн изилдеп, залкар эмгектерди жазуунун өзүндө кайсы учурдан карасак да өз мезгилинен алдыга кеткен улуулук жатат.

Айтматов. Иран менен Осмон империясына, Кытай менен Византияга чейинки элдердин бардык окумуштууларынын башын бириктирип, математика, жаратылыш таануу, геометрия илимдерине жаңылыктарды киргизип, адабият менен искусство, маданиятынын түбүн түптөгөндүгүнөн Улукбек атын түбөлүккө калтырды. Бир эле астрономия тармагындагы «Зийджин» аттуу ажайып эмгеги эмне деген баага татыйт?

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>