Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Ооба, айгине туруктуу мекени, тили, маданияты калыптанган ар улут өзүнүн кайсы кылымдан тартып кандай аталыш алганынан жаңылбаса керек.

Кайсы бир жылы Шотландиянын Глазго университетинде өткөн менин поэзия кечемде:

— Русь өзөнүнүн боюнан таралган соң, орус калкы ушул аталмага ээ болгон. Ал эми «казак» деген сөздүн этимологиясы эмнени билдирет? — деп бир студент собол таштады.

Бул жалгыз гана мага эмес, калдайган казак улутунун тарыхчы окумуштуулары менен адабиятчыларына, жалпы эле чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнө коюлган маселе сыяктанып турат. Анткени, күнү бүгүнкүгө чейин ушул проблема бизде бир нукка салынган жок.

Айтматов. Көп жагдайда көчмөндөр тарыхынын алиппеси аңызга жуурулушуп жатат. «Казак» деген сөздүн чыгуу төркүнү жагдайында кандай аңызды эшиткениң бар?

Шаханов. Эл арасына кеңири тараган бир аңыз Калча Кадыр баатыр туурасында сыр чертет. Илгерки бир жоокерчилик заманда артындагы үркөрдөй журтун душманынан коргоп, далай жоболоңдуу жортуулдар менен алаамат салгылашууларды башынан кечирген баатыр оор жараланып, ээн талаа эрме чөлдө атынан кулайт. Башын сүйөп, оозуна суу тамызаар адамга зар болуп, жападан жалгыз жаткан Калча Кадыр жан таслим болоордо, асманда бир ак каз (ак куу) кыйналган эрге суусун сунуп, чаңкаганын жазып, бир көлдүн жээгине жөлөп-таяп жеткизет. Албан түрдүү чөптөрдөн дары жасап, эмдеп жарасын айыктырат. Кеселинен сакайган Калча Кадыр бир күнү таң алдында ойгонсо, жанында ак каз (ак куу) жок, мүчөсү келишкен бир периште ак жуумал кыз олтурат дейт. Байкаса, бул баатырга каздын терисин жамынып учуп келген кыз экен. Тагдыр буйруп, экөө ошол көлдүн боюнда никелүү эрди-зайып болушат да, көп өтпөй тун уулу төрөлөт. Ак каздан төрөлгөн соң, туңгучтарына ушунун урматына Казак деп ысым берген экен. Казактан Акарыс, Бекарыс жана Жанарыс аттуу үч уул төрөлөт. Санжырага таянсак Акарыстан — Улуу жүз, Бекарыстан — Кичи жүз уруулар таралган деп айтылат аңызда.

Аңызды аңыз деп койсок казак урууларынын ичинде ушул күнгө чейин Каз деген уруу бар. Ал турмак илгери Балкашты казактар «Каз көлү» деп да аташкан. Дагы ошол кезде «Каз калаасы» деген шаар да өрүш алган.

Кээ бир мусулман калктары сыяктуу, казактар да казды, айрыкча ак кууну ыйык деп баалап, атууга, жабырлантпоого катуу тыюу салган. Шаман дининин калдыкчалары — бүбү-бакшылар аса-муса таягын таянып, башына ак куунун терисин кийип, ага сыйынышкан. Ал ак куунун канаттарындагы үкүлөрүн кастарлап ыйык тутуп, наристенин баш кийимине, көкүрөгүнө тагуу салты ушул күнгө дейре сакталып келатат.

Айтматов. Абайдын кош томдук жыйнагын колума алып карап олтурсам, ушул «казак» деген аталыштын, ошондой эле кыргыз менен казак калкынын кайдан чыккандыгы тууралуу кулак курчун кандырган жүйөлүү пикирин билдириптир.

Өткөн бир заманда Орто Азияга басып кирген араб халифаты көп өтпөй калың колу менен азыркы казак талаасына келип кирген. Жалпысынан арабдар көчмөн элди «хибай», «хузагу» деп атай турган. Төөчөн казактарды көрүшкөн алар: эй, булар да өзүбүздөгү көчмөн уруу-хузагу сыяктуу калк экен. Кең талаасында ээн-эркин көчүп-конгону оболоп учкан ак казга окшойт деп таңыркаса керек. Ошону менен казак аталуусу калыптанган. Мурда өздөрүн «улус» деп гана коюшкан калк эми жаңы аталышка моюн сунуп, казакка айланыптыр, дейт акын атабыз.

Шаханов. Өткөн кылымда Чыңгыз тоонун чокусунда туруп, дүйнөнүн миң сырдуу кубулушуна ой жүгүртүп, серп салган акын атабыздын терең билими менен дүйнө таанымына ыраазы болбой койбойсуң. Ушу эмгегинде ал хакас калкы, кытай тарыхы, казактар менен кыргыздардын чыгыш теги, ата конушу тууралуу кеңири маалымат берет. Мисал келтире кетейин:

«Ислам динине кире албай калган, ушул күндө Күн жүрүш Сибиринде казактын агайын-туугандары бар.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>