Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Бирок араб жазуунун ордуна түз эле кириллицаны киргизүүдөн жазганып, 1930-жылы латын арибин пайдаланууга чечим чыгарган. Араб жазуусун эркин өздөштүргөн эл кайрадан латын ариби менен сабат ачууга мажбур болду. Араб алфавити менен жазылган адабият, тарых, илимий жыйнактар бүтүндөй жыйналып, диний китептер деген шылтоодо өрттөлдү.

Араб графикасы менен жазылган кагаздын баарын куран сүрөөлөрү, молдонун ириткиси ирээтинде санап, ээсин куугунтуктады, жер котортуп абактыга каматты.

Ал эми 1937-38-жылдары элибиздин маңдайына бүткөн өңчөй жылдыздарын «эл душманы» деп келбеске аттандырган соң, түрки элдерин бүтүндөй орус жазуусуна көчүрүү маселеси дароо күн тартибине коюлду. Кайрадан дагы жаңы сабат ачтык.

Эң бир өкүнүчтүүсү кириллицага жапырт көчүрүү кезинде орус тилинде жок, мусулман калктарынын тилинде болгон тыбыштарынын (ə‚ ү, i, қ, ѓ, ң, ө, ү) өзүнчө тамга болуп түшүрүлүшүн Борбордон атайы түзүлгөн комиссия өз колуна алды. Боордош өзбек, кыргыз, кара калпак, казак, түркмөн ж.б. улуттарынын тилдериндеги орток бир эле тыбышты ар түрдүү тамга менен белгилешти. Бири-бири менен сүйлөшө келгенде эркин түшүнүшкөн элдер кириллицага өткөндө окуй албай турган абалга жетти. Бул бир боордош элдердин орток маданиятына жасалган чоң кыянаттык эле. Ошентип, 1940-жылы союздаш республикалардын арасында Балтика боюндагы элдер менен Армения, Грузиядан башкасынын баары жаңы алфавитке өтүштү. Жогоруда аты аталган республикалардын жазуулары байыркы доорлордон бери келе жатат деген чүмбөттөө менен жеңилдикке ээ болду, китептерибизди котормо менен окууга аргасыздан моюн сундук.

Ал эми түрки элдеринин жазуусучу? Накта араб алфавитинин өзү түрки калктарына он кылымдай кызмат кылган жок беле? Оймо жазуу мындай турсун, кечээги араб менен латын арибиндеги жазылган төл тарыхыбызды окуй албаган абалга жеттик.

Айтматов. Ооба, булар — кейиштүү фактылар. Бирок, дагы да кайталаймын, бардык маселеге: неден утулдук, эмнени уттук? деген чектен серп салышыбыз керек. Орус маданияты бизди күрдөөлдү процесске тартты: ассимиляция менен катар улуттук маданияттарды 20-кылымдагы Европадагы илим, техника жана маданияттын негиздерине күчтөп таңуулоо аркылуу байытты да. Ал эми динге келе турган болсок, алар жандуу калыбына тез келе турган ит жандуу. Саясий, руханий өмүрдүн бүтпөс таймашуусу кез келген улут менен урууларды кандай сынга алса, алардын диний көз караштарын да ошондой таразага коёору анык. Үңүлө карай турган болсок, дини, дили, тили жакын, биримдиктүү элди замана жели чайкалтуусу кыйын.

Дин жаралгандан бери адамзаттын тарбиячы куралына айланып келет. Жалпы дүнүйө жүзүндө диний агымдар менен көз караштар көп болгону менен негизгилери төртөө-бешөө гана. Атап айтсак, Йисус Христос — христиан дининин, Гаутама Будда болсо — будда дининин, Заратуштра — зороастризм дининин, Иуда еврейлер тутунган иудаизмдин негизин түздү, ал эми Мухаммед пайгамбар ислам дини негиздеди. Ислам дини — ааламда кеңири канат жайган диндердин бири.

Диний жөрөлгөнүн жолун кармансак, дүйнөдө Кудай бирөө. Ал — жаратуучу, кудурет күчүндө. Дин аталгандын баары адамзат баласын ыймандуулукка чакырат, адалдыкка үндөйт.

Бирок, тилекке каршы, аркы-берки кылымдарда диний ишенимди саясий куралга, урууларга бөлүп-жаруучулукка айландырып, кол жоолук кылгысы келгендер да кезикпей койгон жок.

Шаханов. Өтө жүйөлүү пикир. Чыке, учурунда атпай түрки элдерине таандык мурас — көптөгөн китептердин жарыяланганы менен түп нускаларынын сакталып турган жерин көрсөткөн баалуу маалыматты чөнтөк дептериме жазып алгамын. Маселен, М. Дулатов ыры басылган «Серке» журналы (1907-ж.) Токио шаарында сакталуу. А. Байтурсуновдун «Тил куралы» (1920-ж.) Нью-Йоркто, «Огузнама» (ХIII-ХV к.к.), «Бабырнаама» (ХVI к.), «Тарых-и-Абил-Хайыр» жана 3 китептен турган Казакстан жөнүндө чет тилдерде жазылган адабияттар Париж, Лондон шаарларында, Коркыт ата китеби (ХV к.) Ватиканда, «Кодекс куманикус» (ХVI к.) Венециада, Жусуп Баласагындын «Кутту билим» (ХI к. 600 бет) Гератта, «Ал-китаб-ал-геомини» (1734-ж.), «Бейбарыс» (1960—-77-ж., 500 бет) Каирде, Кожа Ахмет Яссавинин «Хикмети» (ХVIII к.), М. Кашкаринин «Дивани лугат ат-түрки» (1074-ж.) Стамбул шаарында сакталып турат.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>