Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Шаханов. Тарыхты*(Бул бапты рецензиялаган Токторбек Өмүрбеков — тарых илимдеринин доктору.) билбегендик — жетесиздик. Дүйнөдөгү улуу калкпы, кичи калкпы, бардыгынын жер каймактап, суу аккандан бери түптөлүп келаткан өз тарыхы бар. Ошол тарых кагаз бетине түшүп катталып калдыбы, же өктөм мезгилдин бүктөмүндө кеттиби, кумга сиңип жоголдубу, мына кеп ушунда жатат. Батышты айтпасак да, коңшулаш турган Кытай менен Күн чыгыш эли атанган Жапондордун эчен миң жылдык санжырасын окуганда көңүлгө түпөйүл бир өкүнүч келе калат. Кызыга да, кызгана да каласың.

Айтматов. Эми экөөбүз сөздү канчалык тарыхтын тээ тереңинен баштасак да, архивдерди карап, даректи изилдей санжыра менен жылнаамалардын чаңын жуткан чыныгы тарыхчылардан эмеспиз. Экөөбүздүн бул жаатта билгенибиздин тегерегиндеги ой жүгүртүүлөрүбүз, ары билимибиз тарыхка күйөрман катардагы эле окурмандын деңгээлинде эле болушу ыктымал. Бирок, канткен күндө да ар бирибиз ар жагы адамзат баласынын, алар өмүр сүргөн коомдун өнүгүүсү, өркүндөөсү, артка кетенчиктөөсү, бери жагы өз улутунун кечээгиси менен бүгүнкүсүн, ата-тегин белгилүү деңгээлде билип, аздектөөбүз шарт. Ошондуктан өзгө өнүккөн элдердин көп томдуу жылнаамасынын жанында калыңдыгы бир-эки элидей гана болуп, жетимсиреп турган өз тарыхыбызга жазуучулук көз менен караганыбыз ашыкча болбос.

Жашыра турганы жок, тектеш түрки калктардын тарыхынын басымдуу бөлүгү кечээги СССРдин учурунда жазылды. Эл мүдөөсүн көздөгөн не бир көтөрүлүштөрдү, башчылардын жан кыярлык эрдиктери, сырткы душмандардан коргогон баатырлар менен акыйкатчыл хан, бий, бектердин тондору тескери кийгизилип, кийинки муундардын түшүнүгүнө журт бузар баскынчы катары көрсөтүлүп келген. Кечээги 50-жылдарга чейин илимпоз тарыхчылардын канчасы мойнундагы империялык каргынын курмандыгына айланды, эл тарыхына объективдүү баа берүүгө умтулгандардын канчасы репрессияга тушугуп, куугун-сүргүндүн азабын баштан кечиришти. Калкты өз тарыхынан зордоп ажыратып, ата-бабасынын таалим-тарбиясын көрбөгөн баладай кылуунун артында кандай жылмаланган саясат жатканын жакшы билебиз.

Шаханов. Ошол кезде тарых жаатында сөз козголо калса, казактын көрүнүктүү акыны маркум Тайыр Жароков: «Өзүм да өтө кексемин. Өктөбүр төңкөрүшүнөн ары өтө койбойм», — деп тамашалаган экен. Илгери тарыхыбыздын актай барактарын толуктайм, отун ичкериштирем деп, не бир көйкашка замандашынын оозу күйгөнүн, жазыксыз азап чеккенин өз көзү менен көргөн акындын сөзүндө ачуу чындык жаткан жокпу?

Чыке, китептин башка бөлүмдөрүндө өзүбүз башыбыздан кечирген, күбөсү болгон, жан-дилибиз менен берилип, угуп көргөндөрүбүздү, ары көңүлдө түйгөн ыймандай сырларыбызды ортого салып ой бөлүштүк. Ал эми тарых жааты чоң даярдыкты, баш оту менен берилгендикти талап кылат. Бул оозубуздан чыккан сөзүбүздүн чыпчыргасын калтырбастан калпып алып жаткан магнитофон тасмасына шыдырата айтып кете бере турган оңой бап эмес. Дүйнөнүн булуң-бурчунда жарыяланган тарыхый китептерди, түрдүү санжыралар менен жылнаамаларды, өзүбүздүн чөнтөк дептерлерибиздеги жазууларды барактап, салыштырып, албан түрдүү окуяларды ой элегинен өткөрүп жуурулуштургандан соң гана кеп учугун улаганыбыз жөндүү болоор. Бул бөлүмдүн татаалдыгы да ушунда.

Тарыхты изилдеген кээ бир окумуштууларыбыз эски мурасты өзүнүн каалаганындай өзгөртүп, бирин ыксыз көтөрмөлөп, мактап, экинчисин көз көрүнөө жокко чыгарат. Биринен бири көчүргөн эмгектер да жаандан кийинки козу карындардай жайнап кетти. Өзү өмүр сүргөн коомдо эл-журтка залалын тийгизген тарыхтагы кайсы бир зулумду, айтор, кыябын таап, элдик баатырга айландыруу кеңири кулач жайып баратат. Маселен, Сибирь хандыгын кулатып, Батыш Сибирге чейинки мейкиндикти канга боёгон Ермак менен анын каракчылары неге бир гана калктын дүйнө тааным түшүнүгү менен бааланып, урматтоонун секисине көтөрүлүүгө тийиш? Ошондой эле монгол журтунун көңүлүнө карап, өткөн күндөрдүн убал-сообун эске албай, кылычынан кан тамган Чыңгызханды, ушуга катарлаш дагы башка канкор инсандарды кандайча аздектеп чаң жугузбай мактайбыз. Сөз жок, алар өз мезгилинде белгилүү бир деңгээлде тууган эл жерине жакшылык алып келген чыгаар, кандайдыр бир даңазалуу сарай салдырып, күмбөздөр менен мечиттерди тургузуп, өсүп-өнүгүүгө аздыр-көптүр үлүш кошкондур.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>