Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Бухара шаарында медреседен дарс алган улуу дарыгер Абу Али ибн Синанын мындай деп жазганы бар: «Бир күнү амирдин китепканасына кирип, медицинага байланыштуу китептерди алып берүүгө ишарат жасадым. Амир мага ыракым этти. Мен көп бөлмөлөрдөн турган китепканага кирдим. Ар бир бөлмөдө китеп сандыктары биринин үстүнө бири текчеленип коюлган, өтө көп эле… Мен бул жерден көпчүлүк калк, ал түгүл бир жан билбеген, укпаган, көрбөгөн китептерди көрдүм… Ушул китептерди окуп, мындагы пайдалуу пикирлерди билип алдым. Китептерди жазган ар бир окумуштуунун билим деңгээлин өлчөп, илимий жаңылыктарын аныктадым».

Мындан он кылымды аттай кагаз бетине түшкөн ушул саптарда терең сыр жаткан жокпу? Эмесе, улуу акын Омор Хайямдын учурунда «Арифметиканын татаал маселелери» деген илимий эмгек жазып, анда он катарлуу сандын тамырын табуу теоремасын Ньютондон беш кылым мурун тапканына, Улукбектин жердин күндү айланганын Галилейден алда канча илгери ачканына, Бирунинин санскрит, парсы, араб, еврей, грек тилдерин эне тилинен кем билбегенине, туңгуч географиялык картаны түшүргөнүнө, Аль-Фарабинин дүйнөдөгү Аристотелден кийинки экинчи устат аталып, немец акыны Гётенин «Чыгышта жети улуу акын бар, эң төмөнкүсүнүн өзү менден көч илгери» деп өзгөчө ызаат көрсөтүп, мойнуна алганына таңданып да, көкүрөктү ургулап мактануунун да кажети жок. Бул — маданияттуу түрдө өнүгүүнүн кадыресе көрүнүшү.

Экинчиден, кээ бир элдер баскынчылыктан көзү ачылбай, куугун-сүргүндөн үрөй учуп турган орто кылымдарда эле Европанын бир аз элинде өнөр, билим жогорку окуу жайлары таң каларлыктай канат жайып, арыш керди.

Маселен, Х кылымда Мароккодо ал-Караукин университетинин, 1200-жылы Францияда Париж университетинин уюшулганы, ХIII кылымда Англияда — Кембридж, Оксфорд, Испанияда — Саломанк, Италияда — Неопалитан, ХIV кылымда Чехияда — Пражск, Польшада — Краков, Германияда — Кельн, Гейдельберг, Эрфурт университеттеринин ачылуусу адамзаттын өнүгүүсүнө, билими менен көз карашынын калыптануусуна айрыкча салым кошту.

Жалпы Европа элдеринде ХV кылымда 65 жогорку окуу жайынын орун алышы жана алардын өзөгү азыркыга чейин өтө кеңири көлөмдө кызмат кылып келе жатканы кимди да болсо ыраазы кылат.

Айтматов. Адилеттиги ушул. Кайра өз мезгилинде өзүбүз чындап баркына жете албаган ушул даанышмандардын накта Фирдоуси, Жами, Саади, Физули, Омор Хайям, Абу-Насыр Аль-Фараби, Мухаммед ал-Хорезми, Абу Бакир ан-Наршахи, Абул-Уафа ал-Бозжани, Абу Али ибн Сина, Абу Райхан ал-Бируни, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Рашид ад-Дин, Абылгазы Бахадур, Кадыргали Жалайыри сыяктуу жүздөгөн кайталангыс алптарыбыздын, тарыхчы, астролог, математик, физик, философ жана географ окумуштууларыбыздын эмгектерин таржымалдап, жыл сайын жыйнак кылып басмадан чыгарып олтурган алардын эмгектеринин багы ачылышына бирден бир демилгечи болгон чет элдик интеллигенциялык коомго айтаар алкышыбыз чексиз.

Бирок ушул жагдайда өз ичибизде ыксыз ээликтемейлер да жабышпай койгон жок. Анткени, көрүшпөй куса болуп жүрүп эми гана табышкансып, түрки калктарына таандык орток даанышмандарыбызды өз энчибизге басып, алардын ысымы менен эмгектерин мол дасторкондун үстүнөн шыбаганы үлөштүргөндөй устукан бөлүшө баштадык. Ар кайсыбыз алардын төрөлгөн жергесине карап, аны азыркы ар бир республиканын аймагына таандык кылып, өз улутубузга ыйгарып алдык. Ошентип, кул Кожа Ахмет Яссави — казактын, Махмуд Кашгари — уйгурдун, Жусуп Баласагын — кыргыздын, Мухаммед ал Хорезми — өзбектин төл перзенттери болушуп, күбөлүк алып, аталган улуттун атуулдары болуп чыга келишти. Мунусу аз келгенсип, ырооломой кезинде окумуштуулар арасында талаш да болбой койгон жок. Ата-бабабызды сактан баштап, улам өнүп-өсүп Орто Азия менен Казакстан аймагын бөлүнүп-жарылмай түрктөр деген аталмада мекендеп жүргөндө өмүр сүргөн бул бабалардын баарысы орток, бир чамгарактын астында керегеси керилип, бир тилде сүйлөгөн жок беле? Эми жок жерден бөйрөктөн шыйрак чыгарганыбыз кандай деген жыйынтыктуу пикир эмнеге угулбайт? Акылмандардан калган дарыядай даркан мурасты таламайга салбай, төкпөй-чачпай, эмне болсо да түйүндүү маселени биргелешип чечишелик, канондук нускасын жасайлы, орток байлыгыбыз деп жарыялайлык, төрт көзүбүз түгөлдөй төл тарыхыбызга киргизелик деген пикирге неге келе албайбыз? Же бул кечээгини чекте бөл да, өз билгениңди кыла бер деген советтик империянын кайдыгер саясатынан калган көз караштын кесириби?

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>