Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Бирок, таразанын экинчи башында калтылдап турган алардын зордук-зомбулуктарын кайда коёбуз? Муну эмне менен актайбыз. Демек, тарыхты таразалоо дегенибиз — бир калктын, же болбосо изилдөөчүнүн бир жактуу эмгегинде бааланып калбай, кара кылды как жарган калыстыкты, алымча-кошумчалап жылмалабай, тактык менен атуулдук бийиктикти багындыруу жана ошол деңгээлден баа берүү деген сөз.

Булардан баш тартсаң барды баптаган, жокту таптаган ата-бабабыздын алдында бир, ал эми болочок муундун алдында миң мерте күнөөкөр болосуң.

Айтматов.Менин да оюм ушундай. Байкоомдо экөөбүз негизинен түрки калктарынын тарыхынан кеп козгой турган сыяктанабыз. Буга чыгыш теги башка, тили буруу, бирок бир тилектеги окурмандарыбыз таарына коюшпас. Анткени, жамы түрк калктарынын тарыхы башка журтка караганда аз катталды. Кээ бир чапкынчылык, жоокерчилик заманынын дүрбөлөңүнөн ат туягына тапталды. Ал эми бирин-серин нускасы чет элдеги архивдерде, музейлерде сакталып калды. Мунун өзү учугу үзүлбөгөн тарых эмес. Ошондуктан ар кайсы калктын тилинде жазылып, ар кылымдын тегерегинде жарык көргөн, бирок толук хронологиялык ырааттуулугу сакталбаган кыргыз менен казактын, кала берсе башка түрки калктарынын тарыхын бир алкакта карап, сөз козгосок окурманга кундуу эмгек болмок. Ушундай жакшы ниетте олтурган экөөбүзгө, бөтөн журт, канатташ калктардын өз тарыхына күйүп-бышкандары: «Э, курган кептери өздөрүнүкүнөн ашпаптыр го. Биздин тарыхыбызды бир ооз кеп кылбай, жалаң эле түркчүлдүктүн нугунда кетишкен экен», — дей коюшпас.

Биздики бөлүнүп жарылуу эмес, кайта көз жаздымда калган, үзүлгөн учугубузду улайлы, чачылганыбызды жыйнайлы, жогубузду түгөлдөйлү деген гана жайдары көңүл, жакшы тилек, жакшы ниет.

«Ата баласы үчүн кандай жооптуу болсо, ар калк өз тарыхынын алдында ошондой жооптуу» -деген экен Абу Насыр Аль-Фараби бабабыз.

Жер шарынын булуң-бурчуна адам баласы Африка материгинен таралган деген археолог — окумуштуулардын бүтүмү чындыкка жакындайбы жокпу; териштирер биз эмес. Бирок, төрт миллиардга жеткен калкты тутумдаштырып турган жүздөгөн улут менен уруулардын, албан түрдүү майда-барат элдердин түпкү чыгуу теги менен өсүп-өркүндөгөн, өнүккөн баскычтары болгонун билебиз. Ушул узакка созулган эволюциялык мезгилди изилдөөчүлөрүбүз байыркы дүйнөнүн тарыхы, орто кылымдардын тарыхы, жаңы тарых деп, тарам-тарам үч бөлүккө бөлүшөт. Ушул үч доордун кучагында адам баласынын өтө күрдөөлдүү орошон тарыхы жатат.

Байыркы доордо өмүр сүргөн бабаларыбыз табият менен карым-катнашуусун карап турсаң өтө чиеленишкен жагдайда, ары бир-бирине ажырагыс түрдө өнүгүүсүн баамдайбыз. Жер бетин суу каптап, чөлкөмдүн көпчүлүгү ак кар көк муздун кучагында калганда, ак, кара, сары, коңур түстөгү пенде баласы кай жакка конуш которду, ким менен кол кармашып, ким менен ырыскысын бөлүштү — көпчүлүгү табышмак. Анткени, адамзаттын келип чыгыш тарыхынын өзү ушул күнгө дейре белгисиз. Ошентсе да, адамзаттын тукуму жер шарындагы экологиялык абал жакшыргандан кийинки 10—12 миң жылдыкта ээн-эркин өнүгө баштаган. Окумуштууларыбыз адамдын алгачкы эмгек куралы эмне экенин так аныктап билбесе да, жерге ийилип алгачкы өстүргөнү — эгиндин үрөнү экенин тастыктап чыкты.

Биздин жыл санагыбызга чейинки жана андан кийинки байыркы дүнүйө тарыхына көз жиберсек, киши аттуунун баарысы өзүнүн алгачкы түзүлүш (общиналык) доорун баштан өткөрүшкөн. Немис менен англичан, испан менен француз, жапон менен корей, фарсы менен араб, индус менен кытай — кайсы убакта болбосун бейпил өмүр сүрүү менен катар жайлаган конуштарын кеңейтүү, уруулук топтордон улуттук коомго умтулуу талабы басымдуу болду. Ушул уруулардын жоон ортосунда Борбордук Азияны мекендеген, тагдырдын буйругу менен Монголиядан тартып, тээтиги Румга, Ирандан Түштүк Сибирге чейин мекендеген сак, гунн уруулары тиричилик кечирип жатышты. Бул калктардын кайсынысы алды менен шаар куруп, же өзүнүн үңкүр да болсо өз үйүнүн жер пайын койду, кайсынысы өнөр-билимге умтулуп арип тааныды, кайсынысы ат жалын тартып жоокерчиликке бой таштады, так баса көрсөтүп айтуу кыйын.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>