Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Дегеле ырдалганына ушундан он кылым убакыт өтсө да улуу «Манас» эпосунда да калмак жоонун өзөгү болуп гана баяндалат. Манас менен анын кырк чоросунун кармаштары негизинен ушул көчмөндөр маданиятын кошо өркүндөткөн эки элдин ортосунда өтөт.

Шаханов. «Манас» эпосунун 1000 жылдык шаң-салтанатынын улуу тоюнда, Сиз көптөгөн элдерден чакырылган меймандардын мамлекет башчылары менен интеллигент окумуштуулардын, адабият, искусство ишмерлеринин алдында, республиканын Президенти Аскар Акаевден кийин трибунага көтөрүлүп, баяндама жасадыңыз. Кызмат жагдайы менен республикадан тышкары четте жүргөндүгүңүздөн болоор, Сиздин соңку бир нече жыл ичинде ушунчалык терең, ушунчалык толкунданып, кеңири ой жүгүртүп, эркин чабыттай сүйлөгөнүңүздү көргөнүм жок эле.

Чогулган топ сиздин орошон жугумдуу ойлоруңузга уюп, утур-утуру кол чаап олтурушту. Тыныгуу кезинде жаныңызга үйрүлө калган журттун баары жабыла куттукташып жатышты. Ушул саамда жаныңызга келип жүзүмдү атайы үйрүп:

— Чыке, баяндамаңыз, баяндама эмес экен, — дедим. Энтелешип, ийин тийиштире жардашып турган көпчүлүк баамымда абдырай калды. Сиз да ыңгайсыздана:

— Сага жаккан жокпу? — деп ийдиңиз.

— Жок, баяндамаңыз — баяндама эмес, поэзия экен! — дегенимде журттун баары дуу күлүштү.

Ошол жыйында Элистадан келген калмак акыны Давид Кугультинов тамашалап: «Манас» тоюн тойлогонуңар үчүн силер калмактарга көптөн көп милдеттүүсүңөр. Анткени, калмак сыяктуу мыкты жоо болбосо, Манас ким менен таймашаар эле, баатырлык атагын бүткүл дүйнөгө кандайча даңазалаар эле?» — деген.

Тирүү таш балбал сыңары алибеттүү да, келбеттүү да акындын ошол тамашасында чоң чындык жатканын айтуунун өзү ашыктык болоор.

Кытайда Манас шаары, Манас булагы, Японияда Семетей шаары, «Маньесю» аттуу дастан, Латын Америкасында, Испанияда Манас шаары, Индияда «Манас» деген эпос бар. Ал эми Манастын казык ташы Өзгөндө, Манас жайлоосу Казакстанда, Манас чокусу Кореяда, Манас тумшугу Крымда, Манас айылы Венгрияда. Ааламга аты кеткен Манас, аны жараткан кыргыз эли кандай бактылуу!..

Эми кеп учугубуздун негизги төркүнүнө өтсөк, тектеш түрки элдердин тарыхы, жазуусу менен маданияты ар кандай бурмалоолорго кириптер болгон дегенсиз. Араб менен монгол баскынчыларынан кийинки ассимиляциянын үчүнчү толкуну Россия империясына өтүшү менен башталган.

Түрки элдерин өзүнүн карамагына тартуу үчүн басып алган этностор маданиятын жаңы маданияттын казанында кайра кайнатып, тымтыракайын чыгармакка оторчулдар өздөрүнүн техникалык жана саясий артыкчылыктарын пайдаланды, мунун өзү биздин этникалык турмуш жагдайыбызды көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар кылды.

Айтматов. Андайда, Мухтар, бул жерде өзүнчө диалектика да бар. Орус фактору кандай дегенде да ошол кездеги бардык жоготкондорубуз менен бирге ээлик кылуу фактору да болду. Ал өзүнүн боюна бүткүл дүйнөлүк жана европалык өнүгүүнүн жемиштерин сиңирген эле. Ал ансыз дегеле ушул күндөгү жагдайлардын талаптарына жооп берген белгилүү деңгээлдеги даярдыксыз Совет өкмөтү кулагандан кийинки эркиндигибизге мүмкүн ээ боло албай калаар белек. Ким билсин?

Шаханов. Ооба, ошондой да чыгаар. Бирок, ал бизге арийне кымбатка турду. Улуттук маданияттардын толук жоюлуп кетүүсүнө жакындаткан ассимиляцияга ушу тапта Кытайдагы тибеттиктер менен уйгурлар да кабылып, ушундай көйгөйдү баштарынан кечирип жатышат, алар өз алдыларынча өзгөчөлүгү бар этнос ирээтинде аман калып, күн көрүшө алабы? Мына, маселе ушунда!

Казак менен кыргыздын жергесинде Россия империясы заманынан калган 200гө жакын Алексеевка, Николаевка, Александровка, Владимировка, Антоновка, Надеждиновка, Павловкалар бар экен. Ал эми Совет өкмөтү орногон соң да, элди түп көтөрө орусташтыруунун жылмакай саясаты дагы бардык чама-чаркы менен ишке ашып жатты. Сталиндин өзү бул жөнүндө падышачылык Россиянын мыйзамдуу мурасчысынан кем аракет кылган жок. Анткени, түрктөрдү башкы душманым деп эсептеген «көсөм» Түркия менен карым-катнаштык, түрки элдеринин бирдей жазуу менен сабат ачуусунан сестенди. Кандаш элдерди бири-биринен оолак кармап алыстатпаса, пантүркизмдин таасиринде кетет деп түшүндү.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>