Тилинен, үрп-адатынан, өңү-түсүнөн тууганчылыгы таасын көрүнүп турат. Асыресе, Енисейский губерниясында Минусинский уезде «ясашынай татар» деген бир калк бар. Казакты өздөрүнө агайын-тууган санашат дейт, ошондой эле бир уруудан экендигин көргөн киши талашпайт…»
Мында Абайдын Эне-Сай боюн жайлаган дини башка, түбү бир хакас боорлорубуз тууралуу кеп козгоп жаткандыгы белгилүү. Андан ары ал мындайча ой учугун улайт:
«Дагы эч убакта казак, кыргыз бир жумурткадан чегилгендигин танбайт. Ошол кыргыздарды кытайлар «брут» (бурут болсо керек) деп атайт өзүнүн ой жүгүртүүсүндө, мунун себебин эмнеликтен экендигин билбедим» — деп келсе, казак менен кыргыздын Ала-Тоо койнуна кандайча конуш которгонун баяндайт.
Улуу акындын кытай тарыхы менен тааныштыгы, «Манас» эпосун уккандыгы булардан өзүнчө адилет жыйынтык чыгаргандыгы көрүнөт. Анткени, «Манас» эпосунда кытайлар менен калмактардын кыргыз журтун ылгый «бруттар» деп кемсинте айткандыгы бар эмеспи.
Абай ошону менен катар казак менен кыргыздын эсте калбаган илгерки замандан тартып энчи бөлүшпөгөн бир эл экендигин ташка тамга баскандай кылып таамай жазат да, экөөнүн Минусин ойдуңунда боорлору калды дегенде көңүлү кыйпычыктап тургандыгын кулак кагыш кылат. Эл ичинде тарыхый чындыкка бир сөөм жакын келген дагы бир уламыш бар. Мында «казак», «алаш» жана «үч жүз» деген түшүнүктөрдүн чыгыш төркүнү баяндалат. Илгери Сыр-Дарыя боюнда калың элди Кызыл Арстан деген хан бийлейт. Хан айланасындагы коңшу журт менен бирде таттуу, бирде ачуу күн кечирет. Бирде кеги кайткан түштүктөгү элди жигиттери менен барып чаап алып, көп олжого тунат. Колго айдай сулуу көркү бар бир кыз түшкөн экен, муну Кызыл Арыстандын өзү аялдыкка алат. Күндөрдүн бир күнүндө алиги кыз толготуп, үстү-башы бүтүндөй эле ала уул төрөйт. Хан менен калың эли катуу чочуркап, муну жамандыкка жооруп, баладан тез арада кутулууну ойлойт. Хандын байбичеси наристени ороп-чулгап, дарыяга таштап жибергиле деп желдеттерге буйрук берет. Туулбай жатып туна чөккөн бала толкундан толкунга мелт-калт этип агып келе жатып, дарыя боюнда балык уулап олтурган жакыр бир карыяга кез келет. Бир перзентке зар болуп жүргөн карыя баланы кудай берди деп, кубанган бойдон үйүнө алып келет. Алалуу бала чал менен кемпирдин боорунда «Алаш» деген ат менен өсүп, бара-бара акылдуулугунан, ашкан баатырлыгынан эл журттун оозуна алынат.
Алаштын даңкын алыстан уккан атасы Кызыл Арыстан өзүнүн бир кездеги ага жасаган ырайымсыздыгына бармагын тиштеп өкүнөт. Ордосуна алып келмекчи болгону менен жанындагы Майкы бийдин акылын тыңдап, Алаштын жанына айылынын үч жүз жигитин кошуп берип, өзүнчө бөлөк чыгарат. Өңчөй эр жүрөк жигиттер түрдүү жортуулдарга чыгып, жерин кеңейтет, эл катарына кошулат. Алашты ак кийизге салып хан көтөрүшөт. Жигиттердин биримдүүлүгү менен эрдигине алыстан көз алып, суктангандар: булар эркин адамдар, накта «казактар» деп аташыптыр. Ошентип, үч жүз жигит биригип, казак атанган элден калкыбыздын үч жүзү тараган экен дейт. Уламаны улаган карыялар ушул күнгө дейре «атабыз — Алаш, аталышыбыз — казак» дешип олтурушат.
Алаш хан жөнүндө маалыматтар казак тарыхчысы Кадыргали Жалайырдин, Рашид ад-Дин менен Абылгазы Бахадурдүн эмгектеринен көп учуратууга болот. Бул эки автордун даректерине таянсак, Алаш хандын жайкы жайлоосу Улуу-Тоо менен Кичи-Тоодо, ал эми кыштоосу Кара-Кум менен Борсук кумдарында экен. Улуу Тоо жеринде «Алаша хандын ордосу» деген кенен заңгыраган сарайдын орду, Каракеңгир өзөнүнүн боюнда «Алаша хандын күмбөзү» деген көрүстөн бар.
Айтматов. Далилдүү дарек экен. Ал эми Кавказды мекендеген ногой туугандар «казак» деген сөздү азыркыга чейин «эркин», «эр жүрөк» деген мааниде колдонушат. Өтө көп алыска барбай эле, кийинки кылымдарда Россия империясынын буйругуна моюн сунгусу келбеген орус дыйкандары бөлөк кетип, Сибирь, Дон, Урал боюнда ээн-эркин басып жүрүп, «казак» деген атка ээ болушкан жокпу?