Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Ал эми төртүнчү жортуулга элди баштаган Папа Иннокентий 1П болгон. 1217—-21-жылдар аралыгындагы бешинчи жортуулга немец, венгер, англичан, голланд рыцарлары катышып, кыян-кески уруштун соңунда Дамиет цитаделин, Нил дарыясынын жакасын өздөрүнө каратты. Бирок, багынган өлкөнү узак кармап тура албай, Египпетти акыры таштап чыгышты.

Алтынчы жортуулдун жан-жакасында жүргөн Германия императору Фридрих П гана калың аскери менен «касиеттүү конуш» атанган Иерусалимди талкалап, Дамаскиге кирди. Антсе да мусулмандардын каршы чабуулуна туруштук бере албай, атынын башын кайра Европага бурду.

Жетинчи жана соңку — сегизинчи «Кресть жортуулун» уюмдаштырган кол башчы Франция королу Людовик ЇХ Тунис жеринде ич келтеден көз жумуп, аскерлери бет-бетинен тарап кетти.

Муну айтып олтурган себебим, бөтөн өлкөнүн байлыгына кызыгып, жалган динчилдикти бет парда кылып жаңжал чыгаргандардын тагдырынын көпчүлүгү ушундай натыйжасыз, өкүнүчтүү жагдайда аякталып олтурган. Натыйжада, бул жортуул өздөрүнө каршы багытталган Чыңгызхандын чабуулуна алып келди.

Жогоруда айтылган тарыхый мыйзамдуулук теңме-тең деп олтурганым ушул.

Шаханов. Калкыбыздын тарыхында экинчи чабуулду каардуу Чыңгызхандын колу жасаган. Бирок алардын арабдардан айырмачылыгы, жер менен элди ээлөөнү башкы максат кылып койду да, идеологиялык күрөшкө такыр маани берген эмес. Дээрлик 250 жыл оторчулугу болгон орус элине тили менен динин зорлоп таңуулаган жок. Орустун жазуусу менен үрп-адаты, дүнүйө таанымы христиан калыбында калды.

Айтматов. Өз заманында Адриат деңизине чейинки зор аймакты багындырып, жүздөгөн улут менен урууларды эзүүсүндө кармап, «жердин түбүнө жеттик» деп аттын башын шарт бурган каардуу Чыңгызхандын аскери 1207-1208-жылдары алгачкы кандуу жортуулун Сибирди мекендеген ойроттор менен буряттардан, якуттардан баштаган. Каршы келгенди кара добулдай жапырган монгол чабуулунан азганатай калкын кырып албоону көздөгөн Эне-Сай кыргыздарынын бийлөөчүсү Арыс Айнал Алдияр уулу жөнүндө «Монголдун купуя санжырасы»: «Ак шумкар, ак тулпарды жана кара булалуу ичикти тартуу кылып, Жоочуну каршы алып, согушпай багынды» деген маалымат берет.

1218-жылга чейин Таңгут хандыгы менен Турпанды, Жуңго менен Ханбалыкты (Бежинди) кол алдына караткан Чыңгызхан келерки жортуулун Жети-Сууну басып алууга комдонгон.

Сырдуу санжырада айтылгандай, уруулук деңгээлде өнүккөн түрк калкы Чыңгызхандын көк жал уулдары: Жоочу менен Чагатайдын, Үгөдөй менен Төлөнүн сан миндеген аттуу аскерлерине каршы, туура жыйырма жыл жан кечтиликте салгылашты. Күч жагынан баскынчылардын мизин кайтарар чама да жок эле. Ошол кездеги казак жери менен Орто Азияны бийлеп тургандардын өз ара бийлик талашуулары, өз ара чабышуулары карамагындагы элди азапка салды. 1220-жылга чейинки аралыкта Жети-Суу менен Улуу-Тоонун, Кара-Тоо менен Кыпчак талаасын өзүнө каратып, Отырар, Сайран, Сыганак, Жент, Тараз, Өзкент сыяктуу жүздөгөн шаарды жер менен жексен кылган монгол колу Аму дарыянын жака бели менен Орто Азияны кайта баш көтөргүс кылып талкалады. Отырарды алты ай бою каны-жанын берип, укмуштуудай эрдик менен коргогон Кайыр хан сыяктуу тарыхыбыздагы ири алптын бири — Хорезм шахы Мухаммед да жоонун айбаттуу чабуулуна калтаарыбай каршы турду. «Хорезмдин күлгө айланганын көргөнүмчө, каңгып өлгөнүм артык!» — деген баатыр шах чегинип уруш салып, Каспий деңизине чейин жетти. Акыры ошол жактагы көп аралдын биринде ачкадан өлдү…

Жебе ноён менен Сүбөдөй баатырдын отуз миң колу бул кезде Орто Азияны тепчип өтүп, Иран менен Азербайжандын, Грузиянын бир бөлүгүн ат туягында тебелетип, атынын башын Эдил дайрасына буруп, учу-кыйырсыз орус талаасына кызыга көз артып турган эле.

Шаханов. Алыскы мадияр жергесиндеги түбү бир боорубуз — чоң окумуштуу, профессор, маркум Коңыр Иштван Мандоки — менен бир жолугушканыбызда:

— Муха,

«Барар жериң Бапкан тоо,
Ал да биздин барган тоо..,»

деген ырды уккан чыгарсыз. Сиздер калың элдин ичинде, тууган жерди таканчыктап калдыңыздар да, биздин бабаларыбыз Котан ханды ээрчип келип, Балкан тоону мекендеди.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>