Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Шаханов. Туура айтасыз, маселен, Казакстанда жазуучу Турсун Журтбаев менен жаш окумуштуу Самат Отениязовдун изилдөөлөрүнөн башка эмгек көзүмө чалынбады. Эдил баатырдын өмүр баяны менен эрдиктерин бизге жеткизген, римдик дипломат Приск Панийский менен гот тарыхчысы Иордан. Алардын илим үчүн баа жеткис даректерин А. Н. Бернштам, Л. Н. Гумилев, М. Стасюлувич сыяктуу окумуштуулар изилдеген. Ал турмак К. Маркс менен Ф. Энгельстин чыгармаларында да Эдил баатырдын аты аталат. К. Маркс: «Тот поймет, что Атилла со своими гуннами показался бы итальянцам кротким ангелом», деп жазып, ага Наполеон Бонапартты теңеген.

Грек жазуучусу Приск 448-жылы Гунн ордосуна келип, Эдил менен жолугушкан. Баатырдын сырткы кейпин: «Анын бет түзүлүшүнөн нагыз азият экени бир көргөндө эле баамдалат. Башы чоң, орто бойлуу, чымыр денелүү. Көздөрү жүлжүгүй, бирок караган жерин көзөп жиберчүдөй теше тиктеген өткүр, жүрүшү өтө шамдагай, добушу күмүштөй шыңгырап, өтө жагымдуу угулат», — деп сүрөттөгөн.

Айтматов. Гунн ордосунун тарыхын изилдеп, өтө баалуу маалымат калтырган француз саякатчылары Эдилдин камос деген ичимдик иче турганын айтат. Бул түрк калктарынын эзелки суусундугу — кымыз эмеспи?

Шаханов. Кымызга кызып, өзүнүн Алтынжал деген тулпары менен кол баштаган Эдил баатыр Ата Мекенинен алда кайда ыраакта жаткан Рим империясына чабуул коюшуна эмне түрткү болду? деген суроо келет. Ал эми Рим IV-V кылымда бүткүл Европаны кул кылып ачса алаканында, жумса уучунда кармаган теңдешсиз күчтүү империя эмес беле?

Эдил бийликке кол жеткизип, учу-кыйырсыз державанын башына келген соң, Европага каарын чачып турган Рим империясы менен достук карым-катнаш мамиле түзүүгө умтулган. Бирок көчүп-конуп жүргөн түрк урууларынын бирден экиден баш курап, калың журтка айланганын римдиктер анча жактыра бербеди. Азып-тозуп келген элчиге, жазылган тумардай катка сыртын сала, теңсинбеген калыбынан жазбады. Кайра гунн бийлөөчүсүнүн каарына учурап, качкан жоокерлерди урмат менен каршы алып олтурду. Грек жазуучусу Приск мындан ХV кылым мурун кагаз бетине түшүргөн жылнаамасында: «Биз анын көптөгөн жоокерлери күзөткөн чатырына келип кирдик. Аттила жыгач орундукта олтурган эле. Биз кирген жерибизде туруп калдык. Максимин жакындап барып, салам берди. Падыша берип жиберген сыйлыкты тапшырып: «Император сизге жана үй-бүлөңүзгө зор ден соолук тилейт!» — деди. Ошондо Аттила: «Мен да императорго ошондой тилектемин», деди да, биздин жаныбызда турган Вигилге көзүн кадап, кыйкырып уруша баштады. Анын уятсыз айбан экенин жана уялбай ордого келип турганын айтып, урушту. Алдыдагы келишим боюнча, Рим империясы гунн качкындарын кайтарып берүүгө тийиш эле. Антпесе, гунн ордосуна элчи жиберүүгө акысы жок. «Мен сенин ушунча иттигиң үчүн өлүмтүгүндү жырткыч куштарга жем кылаар элем. Аттиң элчилик салтты бузгум келбеди. Бизден качкандар Римде өтө көп», — деп, ал катчысына качкындардын аты жазылган кагазды окууну буйруду», — деп жазды.

Айтматов. Бул бир. Экинчи себеби, Эдил жиберген элчинин коюн-колтугуна алтындан толтурган римдиктер бийлөөчүңдү өлтүр, көзүн тазала деп, аны шыкактабады дейсиңби. Мындай чыккынчылыктын уюштуруучулары — ошол кездеги Рим императору Феодесий экинчи менен епископ Христафи.

Эки алп империянын ынтымак-ырашкердикке келе албастыгына көзү жеткен Эдил баатыр Алтынжалга ээр токуп, Каталон талаасына атынын башын бурат. Дунай менен Рейн, Неккаро дайраларын кечип өткөн каардуу гунн аскерине туруштук бере албаган Европадагы Римдин күңкорлору Эдилдин колуна биринен соң бири келип кошулуп олтурган. Германдын франк уруусу менен Бургунд королдугу өз эркинче гунн жагына өттү. Өмүрү баштары бирикпеген уруулар менен королдуктарды багындырып, Римге каршы көтөрүү — Эдил сыяктуу кол башчынын көрөгөчтүгүнүн далили.

Шаханов. Кара таандай кол менен Мен калаасын (451-жылкы 6 чын (апрель) алган Эдил Париж түбүндөгү Каталон мейкининде римдик аскерлер менен беттешет. Бул улуу салгылашуу дүйнөлүк тарыхка «Каталон кыргыны» деген ат менен киргени маалым.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>