Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Расачылык теориянын эң оор кыянатчылыгы — тарых алдындагы кечиримсиз иш эле. Бир элдин баркын көтөрүп, даңкын даңазалоо үчүн, башка өнүккөн, бирок, руханий жактан тутумдашпаган дагы бир уюткулуу журтту четке кагуу, ага тарых бетинен орун бербей, кемсинтүү үстөмдүк кылып келди. Мындай империялык басмырлоонун күнү биз үчүн келбеске кетти десек да, канчалаган муундун ой-сезимин уулап, руханий жагынан өксүтүп келди десеңизчи.

Айтматов. Ал эми «Хан падышачылыгынын тарыхы, Батыш чөлкөмүнүн санжырасы» деген кундуу эмгекте ушул Орто Азияны жайлаган сактарды ашкан баатыр жоокер калк, касына катаал, досуна адал деп сүрөттөй келип, «алар согушта набыт болгон жоосунун баш сөөгүнө ичимдик куюп ичет, жон терисинен чылбыр эшет» деген. (Арийне өткөн кылымдарда мындай канкорлук ар бир калктын тарыхынан кездешкен, биз муну даңазалоодон оолакпыз. Ошондуктан кечээги чындыкты өз калыбында айтсак, бизди эч ким күнөөлөй койбос.) Сак урууларынын хандары дүйнөдөн кайтканда, карамагындагы журт тегиздей аза тутуп, чачын жулуп, бетин тытып, алаканын ок менен көзөй атат экен. Хандын сөөгүн жерге бергенде, жанына аялы менен кызматчыларын, аттары менен курал-жарактарын, алтын, күмүш идиштери менен тамак-ашын да кошо көмө турган салттары болгон.

Шаханов. Жоокерчилик замандагы бир калктын экинчи калкка жасаган кыянатчылыгына наалат айткандан не пайда. Бирок, өкүнүчү өзөгүңдү өрттөп, жаныңды жай алдырбайт. Маселен, казак акынынын:

Арабдар келген менен жөн келбеди,
Баш болду ат артына бөктөргөнү.
Сынташтын жазууларын кырып таштап,
Тарыхка кыянат кылып өктөмдөндү…
Кечээги оймо жазуу ордуна
Жыландай ийреңдеген арип минди, —

деп жазганына үңүлө карайлыкчы.

Айтматов. Ушул ырдагы оймо жазуу дегенде кандай сыр жатат? Гунн жазуусу бизге жетпей калды. Кытай жазмаларында түрки тилдери жөнүндө маалымат ошол гунндардан башталгандыгы айтылат. Жамы түрки калктарынын тотеми — бөрү. Мурун алардын туусунда көк бөрүнүн башы алтындан жалатылган жип менен саймаланып элеси түшүрүлгөнү ушундан. Аңызга таянсак, гунндардын урпагы түрктөрдүн падышасынын теги бөрүдөн экен. Элге жоо тийип, кандуу кыргын башталганда, амирдин бардык балдары каза табат да, кенже уулу тирүү калат. Жоо уруусунун сарбазы баланын эки колун, эки бутун кыя чаап, андан кийин бечараны сазга ыргытып таштап кетет. Баланы канчык карышкыр таап алып, асырап өстүрөт, кийинчерээк экөөнүн ортосунан он уул төрөлгөн дейт. Ошол онунун эң кичүүсүнүн аты — Ашина экен. Түрк кагандарынын түпкү теги ушу Ашинадан тарайт. Канчык карышкырдын башка балдары — кыпчак, кыргыз, татар ж.б. деп аталган да, кийин алар түрки калктарынын этнонимдерин түзүшкөн.

«Тотемибиз — көк бөрү» дегенден эсиме түшүп атат, ымыркай кезинен карышкыр асырап өстүргөн окуялар көптөгөн элдердин аңыз, уламыштарында, дегеле демейдеги турмушта да кездеше калып жатпайбы? Ошолордун бири — сегиз эмчектүү канчык карышкыр бооруна асырап, эр жеткирген кадимки Ромул менен Рем.

Эзелки Троя күлгө айланып кыйраганда, тарыхта маалым, кээ бир шаар коргоочулары кутулуп чыгат. Качкындар кемеге түшүшкөн эле. Тажрыйбалуу, акылдуу Энейдин жол башчылыгынын аркасында узак сапар карытып Италияга келишет. Арадан ондогон жылдар өтүп, такка Энейдин урпагы — кең пейилдүү айкөл жигит Нумитор отурат. Ал эми мунун кенже иниси Амулий болсо ичине кара таруу айланбаган кызганчаак, ары ач көз, сараң, эс-дарты бийлик болуп, эки көзү тактан өтүп, акыры агасын мертиндирип тынган. Көздөгөн максатына жетээри менен, Нумитордун бүтүндөй укум-тукумун кырып жок кылууга өкүм кылат. Ошондо Ромул менен Ремдин канынын убалынан корккон желдет бейкүнөө эки наристени карышкырдын үңкүрүнө алып барып таштайт. Эне бөрү ал эки баланы өзүнүн сүтү менен торолтуп өстүрөт. Эки жеткинчек эр жетип, акыры эл бийлигин өз колдоруна алышат. Рим шаарын түбүн түптөгөндөр деп италиялыктар аларды ушул күнгө дейре аңыз кылышат.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>