Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Анткени түрки калктарынын өткөн доору менен кеткен күндөрүнүн көпчүлүгү өз колунан жылнаама беттеринде эмес, өзгө калктардын ар кандай тарыхында, санжыраларында жазылып калды. Бир калктын бүтүндөй тиричилигин, улуттук кесиби менен психологиясын ар ким өз табити, түшүнүгү, көз карашы менен карагандыктан, андагы мурастарда керектүүсү менен керексизи, жалган-чыны, саман-топону аралаш жүрдү. Ушул ар кандай араб, кытай, орус, англис менен немец тилдеринде кагазга түшкөн байыркы тарыхыбызды талбай изилдеп, тырнактап жыйнап, том-том илимий эмгек жазган окумуштуулар жетишээрлик.

Өз элинин кең пейил мүнөзүн, эң жогорку деңгээлдеги интеллектисин боюна сиңирген орустун илимпоз перзенти Лев Гумилев бар болгон саналуу өмүрүн тектеш түрки элдердин тарыхын изилдөөгө арнады. Ушул бир энциклопедиялык билими бар жандын адам айтса ынагыс күч кайратынын аркасында канчалаган кылымдык санжырабыз улутубуздун кенчине айланды десеңизчи. Мындай кайталангыс инсанга жөн гана ырахмат айтуунун өзү жетишсиз, бакыйган эстелик орнотсо да ашыктык болбос эле. Ошону менен катар А. Левшиндин «ХIХ кылымдагы кыргыз-казак же болбосо кыргыз кайсак ордолору менен жергесинин сыпаттамасы» (3 том), Н. Бичуриндин «Енисей кыргыздары», «Орто Азия жана Казакстан санжырасы», В. Радловдун «Эзелки монгол, уйгур, Орхон, Енисей жазмалары», С. Маловдун «Байыркы түрк жазма эстеликтери», Н. Аристовдун «Түрк уруулары», В. Бартольддун «Орто Азия жана Түркстан тарыхы» ж. б. бүтүндөй жумурай журттун атынан алкоого татыктуу көөнөрбөс чыгармалар.

Ушул тармакта узак жылдар көз майын коротуп изденип, казак тарыхын укмуштай байыткан улуу окумуштуу Алкей Маргуландын, тарыхчы изилдөөчүлөр: К. Акышев, М. Козыбаев, М. Акынжанов, Ж. Касымбаев, А. Аманжолов, Р. Бердибаев, М. Магауин, А. Дербисалиев, У. Шалекенов, К. Байпаков, М. Кадырбаев, С. Акынжанов, Л. Ерзакович, Б. Көмөковдордун жана «Кенч», «Алтын тамыр», «Казактар» аттуу трилогия жазган Койчугара Салгарин, «Тулга» деген диология берген калемгер Турсун Журтбаевдердин эмгектери айтаарлыктай зор.

Кыргыз элинин аркы-берки санжырасын талбастан изилдеп, тарыхтын актай барактарынын ордун толуктоодо айрыкча жигердүү күч жумшаган кыргыз окумуштуулары: А. Т. Тыныбеков, О. Сыдык уулу, Х. Карасаев, К.Юдахин, Б.Жамгырчинов, К.Үсөнбаев, А.Батманов, Ө. Караев, Ю. Худьяков, В. Плоских, В.Мокрынин, Ч. Өмүралиев, А. Өмүралиев, К.Эсен уулу, Т. Бейшеналиевдин кеңири изилдөөлөрү, таасын ойлору илимдеги ачылыштардын мейкиндиктерин болушунча кеңейтти.

Айтматов. Маселен, Японияда мектеп окуучулары «а» дегенде эле өз элинин тарыхын, маданиятын, адабиятын, музыкасын, архитектуралык эстеликтерин өзгө сабактар менен бирдикте өздөштүрүүгө аракеттенишет экен. Ата журтунун өмүр баянынан толук кабардар болгон окуучу кийин өзгө элдердин тарыхы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алат. Ал эми бизде баары тескеринче болот эмесци? Чет элдин Людовиктери менен Вильгельмдерин сурасаң, алдына караан салдырбай турган шакиртиң өз элдерибиздин тарыхын түзгөн атуулдарга келгенде буйдалып калат, шүгүрчүлүк, азыр бул тармакта өзгөрүүлөр жок эмес…

Шаханов. Тарыхчыларыбыз Чыңгызхандын бүлүнткөнүн түрки тектеш элдердин өнүгүүсүн 300 жылга артка сүрдү дешет. Эгер мындай апааттан аман калганда, биздин элдерибиз да Япониянын деңгээлинде, балким, ошого куйрук улаш өнүгүүсү мүмкүн эле деген жоромолду айтышат окумуштуулар, ким билсин!

Чыңгызхандын аскерлери отурукташкан өлкөлөрдү басып, каршылык кылган шаарларды талкалап, жергиликтүү калктардын турмушуна, чарбачылыгына, маданиятына зор залалын тийгизгени менен, бара-бара Алтын Ордо мамлекети чыңдалган соң, карамагындагы элдин да турмуш жайы арта берди. Жадагалса ХIII—ХIV кылымдарда жер шарынын не бир илгери өнүккөн элдери менен соода, экономикалык, маданий байланышын түзгөн Алтын Ордо бара-бара Индия менен Мисирдик, Кичи Азия менен Батыш Европанын кербен жолуна айланды. Мурда тек гана кыйратуучунун ролун ойногон Алтын Ордонун бийлөөчүлөрү кылым алмашкан сайын жергиликтүү калкка сиңишип, мусулман динин кабылдап, элди отурукташууга үндөп, маданият менен экономиканы өркүндөтүүгө күч үрөдү.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>