Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



«Даңкым Россияга кетээр таркап» деп көрөгөчтүк менен ырдаган А. С. Пушкин 1833-жылдын коңур күзүндө Пугачёв көтөрүлүшүн изилдегени Петербургдан чыгып, Орунбор чек ара комиссиясына келгендиги бар эмеспи. Ошол сапар жанына досу адабияттын ышкыбозу, ары чек ара комиссиясынын чиновниги Владимир Далды ээрчитип, казак жергесин кош ат чеккен фаэтон менен басып өтүп, Урал (Яицк) шаарына келип түшкөн.

Улуу акын Жайык жакасында өткөргөн үч сутка ичинде Пугачёвдун көтөрүлүш чыгарган жерин, Шаган өзөнү боюндагы курал-жарак узанган устаканасынын ордун, кийинки аялы Устинья менен туз-даамдаш болуп турган жыгач үйүн (ушул тапта да бар) аралап көргөн, көптү көргөн карыялар менен кең-кесири маектешкен.

Айтматов. Александр Сергеевич ошол сапарынан кийин «Капитан кызы» повестин жарыялабадыбы. Бир кызыгы, повесттеги башкы кейипкердин бири — Миронов, балалык чагын Жайык чөлкөмүндө өткөргөн орустун улуу сатириги Иван Крыловдун атасынын прототиви экен. Кийинки пушкинтаануучулар ушундай дешип далилдеп чыгышты.

Шаханов. Ооба, ошол ирет Пушкин менен падышанын оторчулук саясатына каршы Бөкөй ордосунда өткөн 1833-38-жылдардагы көтөрүлүштүн жалындуу баатыры, казактын көрүнүктүү көңтөрүшчүл акыны Махамбет Өтемисов кездешкен.

Баатыр акын өзүнүн Нурсултан ысымдуу уулун Орунбордогу кадет корпусуна окууга жөнөтүү үчүн документтерин ырастоо максатында келип, Урал шаарына токтогон кези экен. Жанына Жанкиши аттуу ырчы кошо жүргөн. Пушкин менен Махамбеттин таанышуусуна данакер болгон Даль шекилдүү. Анткени, ал Махамбет менен мурдатан тааныш, кадырлаш дос болгон, анын Далга жазган эки каты архив казынасында ушул күнгө дейре сакталуу. Ошол бир аз убактагы жолугушуп пикирлешүүдө Пушкин ырчыдан элибиздин «Козу Көрпөш — Баян сулуу» аттуу лирикалык эпостун мазмунун жазып алган.

Ушул даректи 150 жылдан соң «Русский вестник» журналынан таап, адабий журтчулукта жаңылык ачкан, ушунун негизинде «Жылдыздар кулаган жер» аттуу көркөм чыгарма жазган биздин элчиликтин мурдагы кызматкери, өзүңүз дайыма көрүп эле жүргөн Рахымжан Оторбаев деген жигит.

Элчиликке келген аз убакыттын ичинде анын «Абуталип апенди», «Абай-сот» аттуу эки пьесасы Казак мамлекеттик академиялык драма театрында ийгиликтүү коюлуп, көрүүчүлөрдүн дурус баасын алды. «Абай-соттун» өзүңүз да көрүп, жакшы пикир билдиргенсиз. Өзүм да казактын ушул карапайым таланттуу жигитинен көптү күтөм.

Ал эми Пушкин музейинде «Козу Көрпөш — Баян сулуунун» акындын өз колу менен жазылган сегиз беттик кыскача мазмуну азыр да көрүнүктүү табериктин бирине айланып турат. Акын казак ырынын негизинде «Руслан менен Людмила» сыяктуу кеңири алкакта эпикалык ыр менен роман жазууну ойлосо керек.

Айтматов. Көңүл бурарлык табылгалар экен.

Шаханов. Ал эми Жайыкка келе турган болсок, өз учурунда ушул дайранын боюнда куралданып, каардуу күчкө айланган Емельян Пугачёв баштаган дыйкандар көтөрүлүшү бүткүл Россия империясынын булуң-буйткасын солкулдаткан эмеспи. Бийлөөчү топтун үрөйүн учурган бул дүрбөлөңгө, татар дыйкандары менен катар, казак кедейлеринин жетекчиси да катышканы белгилүү. Пугачевдун өзү туткунга алынып, көтөрүлүшчүлөр аёосуз жазаланган соң, Россия империясы Жайык деген коркунучтуу аталышты элдин эсинен таптакыр кетиргиси келди. Ошентип императрица Екатерина II (1762—1796) атайы жарлык чыгарып, Урал тоосунан ак көбүк, көк буурул суу тамчыдан тамчыга кошулуп башталган Жайык дайрасын Урал деп өзгөрттү.

Биздин жыл санагыбызга дейре эле ошол чөлкөмдө жарык дүйнөгө келген Зоротуштра пайгамбар атын сугарган бул улуу дайра ошондон баштап зордук менен таңууланган ысымды ээлеп, Урал аталып кала берди.

Бүткүл казак калкынын эңкейген карысынан эмгектеген баласына чейин Жайык деп айтыштан бир жаңылбаса да географиялык картада, орус басылмаларында ушул күнгө чейин Екатерина II «эжебиз» берген кыйыр ат үстөмдүк кылып келатат.

Кечээги тоталитардык эреженин тушунда жүздөгөн улуттар менен майда уруулар тарыхтагы ээлеген ордунан ажырап кала жаздабадыбы?

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>