Кумурадан чыккан куу баш, же туркий тарыхына көз караш.



Булар менен катар Өктөбүр төңкөрүшүнө чейин казак тилинде жарык көргөн 4 миңге жакын китеп Москва, Казань, Уфа, Ераван, Киев, Минск, Ашгабад, Ташкент, Наманган, Самарканд ж. б. шаарлардагы китепкана менен архивдеринде сакталып турат деген дарек бар. Булардын катарында ушу тапта колуңа чырак алып издесең, таптырбаган армян ариби менен басылган түрки элдеринин санжыралары, «Дана Хикар сөзү» (ХVI—-ХVII) ж.б. китептер бар экен. Бул кунуна баа жеткис тарыхый санжыралардын кайсы архивдин, кайсы папкесинде жатканын издеп таап, эринбей талыкпай картотекасын жасаган татар калкынын адал сүтүн эмген перзенти Абрар Каримуллинге жамы түрки элинин атынан алкышыбыз чексиз.

Айтматов. Болот калем менен жазылып, өз заманында атпай түрки журтунун сабатын ачууда маданиятын жогорулатып, дүйнө таануусун калыптандырууда айрыкча роль ойногон бул эмгектерди көз жаздымда калтырбаганыбыз абзел.

Шаханов. Жогорудагы кеп учугубузду уласак, 1919-жылы Ташкент шаарында түндүк көтөргөн Түркстан Республикасында Мусулман бюросунун төрагасы болуп казак элинин ардактуу уулу Турар Рыскулов бекитилген. Бул Мусбюро курамына түрки тектеш элдердиң белдүү өкүлдөрү: Н. Ходжаев, Ю. Алиев, Ю. Ибрагимов жана А. Мухитдиновдор шайланып, ошол кездеги ар улуттагы жергиликтүү элдин 95 пайызын түзгөн мусулман калктарын бир борбордон башкаруу менен саясий экономикалык аскери маданий жагынан өнүктүрүүнүн бирдиктүү жолун сунуштады.

Россия империясынан боло турган оторчулдук кооптуу коркунучту алдын ала сезип, Орто Азия менен Казакстанды өзүнчө, толук кандуу мамлекет катарында көргүсү келген бул кайраткерлер тилдик жана диний карым-катнаш, бирдиктүү орток алфавит жөнүндө атайы долбоордун үлгүсүн түзүшкөн. Бирок, Түркстан Республикасынын саясий көз караштары жетик көсөмдөрүнүн мындай аракеттеринен чоочуган Москва Мусбюрону чилдей таратып, Орто Азия менен Казакстанды өзүнчө-өзүнчө республикага айландырып, эки тизгин бир чылбырды колуна алды. Ал эми Рыскулов баштаган мусулман калктарынын саясий ишмерлеринин тагдыры кандай аянычтуу трагедия менен аякталганы жумурай журттун эсинде. Өз учурунда «улутчулдук», «пантуркизм» деген чуулгандуу атка конгон түрки калктарынын «Бир ордого биригүү» идеясы менимче бүгүнкү күндө бышып жетилген сыяктанат.

Айтматов. Учурдун талабы, кыйын-кысталыштагы бүгүнкү жагдайлар бул идеяны кайрадан жаңыртуусу мыйзамченемдүү көрүнүш. Адам баласы бир кезде өз колу менен бүлүндүргөн, өз буту менен таптаган, эсинен чыгарып унуткарылган, дегеле мурдагы каталыктарын акылмандык гумандык бийиктиктерге кайрадан жеткен кезде моюндабаса, акыйкат асманында жылдызы жанган кездерин эске ала жүрбөсө, ал дагы бир кейиштүү жагдайга кабылышы ыктымал.

Кудайга шүгүр, ушу тапта биз өткөндөн ыдык көргөн дин, тил маданият ишмерлерине карызыбызды өтөп жаткан сыяктанабыз. Куугун сүргүн жылдары жазыксыз жапа чегишкен окумуштуулардын ысымдары да эмгектери да акталууда.

Тарыхтын чыныгы ээси — калк десек да, түпкү маанисинде, тарыхка мезгил шарт жагдайлардын агымына карай өнүгүп өсүп олтурат. Биздин аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын тагдыр жолдору да өмүрлөрү да дүйнөлүк тарыхты жараткан эки өлчөм алкагында өтүп келди. Алардын кайгы кубанычтары, жеңилгендери жеңиштери тарыхый жылнаамаларда, ата-тегинин санжыралары менен тарыхий китептерде чыпчыргасы калтырылбастан жазылып калбаса да, орошон кең чабыттагы турмуш-тиричилиги, көчмөндүү эл рухунун өмүрү домбыра менен комуз күүсүнөн дагы акын-ырчыларыбыздын ыр дастандарынан муундан-муунга өтүп, ушул күнгө жетти.

Буга да тообо дейли!

Шаханов. Калкыбыздын башынан кечирген тарыхынын ар бир барагы бизге ыйык. Ушуга байланыштуу эгемендүү казак элинин жылнаамасына көөнөрбөстөй болуп жазылаар мындай төрт бирдей тарыхый окуяны айта кетсем дейм.

1456-жылы Шайбани улусунан бөлүнүп чыккан казак калкынын өзүнчө мамлекет болуп түндүк көтөргөнүнө 540 жыл болуптур.

Тээ беш кылымдан ашуун убакыт ичинде не бир адилетсиз чапкынчылыктар менен кандуу кыргындарга күбө болгон казак калкы өз теңдиги менен көз карандысыздыгына умтулган жолунда чоң кичине дебей 300гө жакын улуттук боштондук көтөрүлүшүн башынан кечирген экен.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 33 34 35 36 37 38 39 Кийинки >>