Маселен, азыркы Казакстан жериндеги көрүстөндөн чыккан эң эски курал-жаракты, же болбосо ачакай табылганы бул биздин байыркы доордогу өткөн бабаларыбыздан калган мурас деп энчилеп алууга да чоң илимий сабаттуулук керек. Анткени, бул алп аймакты б.з.ч. VIII-III кылымдарда ар кошкондон бир кошкон жети түрдүү калк мекендеп келбедиби? Бул тек гана биздин биле турган дарегибиз. Мунун ары жагында канча улут түндүк көтөрүп, укум-тукумун улады, бизге белгисиз. Дегеле ушул күндөгү финдердин түпкү теги казак жеринен таралган жокпу? Же болбосо Римдин эски коргонунан табылган туулга кезинде гунн жоокеринин тери сиңген баш кийимидир? Буга ким кепил боло алат?
Демек, байыркы дүйнөнүн тарыхын түптөөрдө жер шарын мекендеген калктардын ар кандай деңгээлдеги өз кол тамгалары коюлгандыгы шексиз.
Шаханов. Адамзат баласы жерден эми гана боор көтөргөн алгачкы коомдук түзүлүштө, балким бирдей өнүгүү баскычынан өткөн чыгаар. Бара-бара тиричиликтин эмгек ыргагы, тарыхый окуялар менен албан түрдүү жагдайлар бирин илгери оздуруп, экинчисин кийинкиге калтырып отурбадыбы? Маселен, дүйнөлүк өнүгүү алдындагы Африканын кээ бир уруулары менен америкалыктардын, жапондуктар менен индустардын азыркы асман менен жердей айырмасын эмне менен түшүндүрөбүз. Биринен экинчисинин акыл-эси, түшүнүгү тайкы эле, заман көчүнө ошол себептүү илеше албады деп кесе айтуу кыйындыкка турар.
Америка материги ачылганга чейин улуттук маданиятынын эркиндиги менен салт-санаасын бузбай сактаган индеецтер соңку үч кылым аралыгында отурукташтырылган жерлерде гана ээлик кылуу укугуна ээ болуп калган жокпу.
Айтматов. Мунун баарына күнөөлүү оторчулдук психология эле. Дүйнөнүн көптөгөн окумуштуулары оторчулук эреженин каамытынан бошобогон Африка менен Азия материктери, же болбосо Австралия байыркы отурукташкандарынын кылымдар бою экономикалык-саясий жана маданий жактан артта калган, себеби ошол калктардын өздөрүнүн турмуш жагдайынан, эмгекке жөндөмсүздүгүнөн жаралып олтурат деген жалган жобону карманып келди. Чынында кайсы кырынан карабайлы, мунун эң башкы себеби, ошол элдерге тиешелүү кылымдар бою жүргүзүлүп келе жаткан оторчулук саясат стратегиясы экенин мойнуна алгылары жок. Ушундан улам кесипчилик теориясы өрүш алып, кесирлүү үгүтчүл куралына айланды. Мунун өзү ашынып кетип, дүйнөлүк не бир кыйраткыч согуштардын чыгышына түрткү болду.
Өнүгүү баскычында турган кээ бир мамлекеттердин оңтойлуу учур, экономикалык ыңгайлуу шарт боло калса, аз убакытта өзгөлөрдөн озуп кетүүсү ажеп эмес. Дегеле өзүнүн маданияты турмушу жагынан Азия материгинен тай чабым алыста калган Европа элдери тек соңку төрт кылымдын алкагында ыкчамдуу түрдө өнүгө баштады. Же болбосо кечээги дүйнөлүк аренада баркы жок Корея, Тайван, Сингапурдун азыр дүйнөлүк деңгээлдин алдыңкы сабында турганы буга күбө.
Шаханов. Эркин ой жүгүртүү менен буйрук түрүндө жүзөгө ашыруунун ортосундагы жик, эркиндик менен буйрук ортосундагы ажырымдык ушул күнгө дейре жуурулушпай келет. Кулчулук болгон жерде жан азабы кошо жүрөт. Ушул экөө айкалышып келе, бүтүндөй улуттун маданияты менен салт-санаасы, үрп-адаты, жалпы ой жүгүртүү деңгээлине, өткөн-кеткен тарыхы менен этнографиясына карата ар тараптан салкын көз карашка алып келет. Өткөн кылымдарда орус көпөстөрү менен интеллигенттеринин өз эне тилин жерип, аны кедей-кембагал жана кулдар гана керектеген кол жоолуктай кемсинтип, өздөрү болсо француз тилин сүйлөп кеткендери бул кулчулук психологияга чыныгы кепил боло алат. Эмесе, жогоруда айтканыбыздай, Көчүм хандыгын орду-түбү менен талкалаган уюткулуу элди канга боёгон Ермак жортуулун мактап, «Сибирь калктарын жаркын келечекке баштоочулар» деп келген эмес белек? Ушул сыяктуу падышачылык Россия оторчулугун да Орто Азиянын арттагы калкын жапайычылыктан бошотуучу, маданиятын өркүндөтүүчү катарында карап, кубаттаганыбызды кайсы ачылышыбыз катары карайбыз.
Жалпысынан дүйнө элинин тарыхында тили, дини бир санаалаш, тектеш калктардан башка, бөтөн эл, бөтөн журтту ыйык көрсөтүү эзелтен бери тамыр жайып келе жаткан өнөкөт.