Жоомарт шоолалуу жылдыздар, же бир ууч топурак.



Кыргыз оозеки адабиятынын классиги Тоголок Молдонун өзү (1860–1942) «Манасты» айтып эле тим болбостон, аны кагазга жазып олтурган экен. Азан чакырып койгон аты Байымбет болсо да, эрте кат таанып өзү кичине тогологунан келгендиктен айылдаштары аны Тоголок деп атап алышкан. Ал ушул Тоголок Молдо ысымы менен мүлдө жумурай журтка аттын кашка сындай таанылбадыбы?

Акындын туулган жери – Нарын областындагы Ак-Талаа районунун, Куртка селосунан Бермет Жусупжанова деген бир аял атайы издеп келип, Тоголок Молдонун араб ариби менен шурудай тизип жазган кол жазмасын мага тапшырды. Классиктин баалуу мурасын жүрөксүнө колго алып, көз жүгүртсөм «Манас» эпосунун өзү айткан нускасы экен.

– Муну Улуттук Илимдер Академиясына тапшырбайсызбы? – десем, алиги аял:

– Учурунда Чокан Валиханов менен Мухтар Ауэзов баштаган казактын намыстуу перзенттери Манас таануу илимине өлчөөсүз үлүш кошту го. Бул мурасты ошол улуу агаларга жана сизге деген урматымдын белгиси иретинде кабыл алыңыз. Кайда тапшырып, кимге бересиз, ал өзүңүздүн ыктыярыңыз. Ишенимдүү колго өткөрүп, мен парызымдан кутулдум, – деди.

Эми ушул мурасты Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясына салтанаттуу түрдө тапшырайын деп жүрөм.

Айтматов. Муха, бул өзүңө болгон кыргыз калкынын ишеними, ары белдүү бир уулуна айлангандыгыңыздын белгиси. Дагы эле оозеки чыгармалардын не бир асыл нускалары алигиче толук жыйналбай жаткан экен…

Шаханов. Ушул манасчылардын ичинен эң бир көй кашкасы Саякбай Каралаев экенин жогоруда айттык.

Аскар Акаев өзү «Кыргыз элинин Микеланджелосу» деп атаган Тургунбай Садыков Борбордук Азияда жана алыскы-жакынкы элдерде зор урматка ээ. Жакында гана мен ал кишиге Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин атынан «Парасат» орденин тапшырдым. Ушу Турекең Саякбайдын айкелин таш бетине кандайча чеккени тууралуу бир кезде мага мындай баян курду эле:

– Манастын алп эстелигинин эки жагына аны айтуучулардын ири өнөр ээлеринин айкелдерин чегейин деген ой менен жетимишинчи жылдардын ичинде могикандын эң акыркы туягы аталган Саякбайдын тулку келбетин мармар ташка долбоорлоп, чегүүгө өзү менен узакка аңгемелештим. Үйүндө олтуруп сырдаштык, бак аралай сейилдедик… Минтип көпкө жүрсөм да Сакендин жалт эткен бир учурун кармай албай, айлам кетти. Орто бойлуу, томогодой карыя. Муну жөн эле таш бети не чегип койгондо эмне?

– Саякбай ага, «Манасты» айтып көрүңүзчү, – деп калдым абдан түйшөлүп турган учурумда.

О, кандай кудурет, ай, десеңизчи, манасчы көз ал дымда тарс өзгөрүлө калды. Алиги томогодой карыядан түк да эч нерсе калбай, ырдын дүйнөсүнө сүңгүгөн сайын кабагында чагылган ойноп, эки ийни бийлеп, кош колу абаны оңду-солду тилгиледи. Манастын Коңурбай менен сайышын баяндаган маалында Саякбайдын бууракандап ташкынданганы ушунчалык, айланамда бороон көтөрүлүп, мына-мына азыр өзүмдү да учуруп кете тургандай сезем. Так ушул учурда манасчынын жүзүнө тигилем. Ал болсо мобул жалган дүйнөнү таптакыр унутуп, бирде Бакай карыяга, бирде Сыргак менен Алмамбетке, бирде Чубак менен Эр Көкчөгө айланып, көзүнөн жашы мөлтүлдөп, ачуу терге малынган тулпардай арыш керип, өзгөчө бир албууттанып толкуп ташыды дейсиң. Менин да күткөнүм ушул эле. Шарт эскизге түшүрө койдум». Кыргыздын тоо-талаасын кучагына алгысы келгендей, кош колун ай-асманга чапчый, Саякбайдын чабыттап турган учурундагы ошол айкели ушу тапта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониянын алдында маңдайын күнгө тосуп, улуу эпосту түбөлүккө даңазалап айтып турат.

– Чыке, кыргыз менен казакта улуу инсандар аз болгон жок. Ошолордун бири, оозеки чыгарманын алпы – Жамбыл Жабаев. Кыргыз менен казакка өтө белгилүү болгон Жамбыл өмүрүнүн соңку тогуз жылында мурда казак баласы жетпеген абырой бийигине көтөрүлүп, XX кылымдын Гомери аталып көз жумду.

<< Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30 31 32 Кийинки >>